№709 03-июнь-09-июнь, 2016-ж
Буту менен жаа атып таанылган 16 жаштагы акробат Чынара Мадимкулова үстүбүздөгү жылдын январь айында «Румыния таланттарды издейт» аттуу сынакка катышып, жарым финалына өткөн. Бирок май айында өтчү финалдык туруна каражаттын жоктугунан улам катыша албай калды.
«Жол чыгымдарын аталган сынак төлөмөк. Бирок ал жакта жашаганыбыз өзүбүздүн моюнубузда болгондуктан 1,5 миң доллар таба албай, катышпай калдык»,- деп билдирди Чынаранын машыктыруучусу Жыпаргүл Шамырова. Мамлекеттик цирктин таланттуу акробат кызы ал сынак менен токтолуп калбай, июлда Астанада өтүүчү «Азия жаңырыгы-2016» аттуу цирк искусствосунун эл аралык фестивалына катышууга даярдык көрүүдө.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |
Канале акча табуу каалонон коз каранды болсо