Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ПСИХОЛОГ КЕҢЕШ БЕРЕТ

№709 03-июнь-09-июнь, 2016-ж

Окурмандардан келген суроолорго психолог Канышай Кожогелдиева жооп берет.

"ЖОЛДОШУМ БЫЧАК МЕНЕН САЙЫП ЖИБЕРГЕН"

– Окуя мындан көп жыл мурун болгон. Ал кезде базарда иштечүмүн. Бир күнү жумуштан келсем жол­дошум бейтааныш аялдар менен арак ичип отуруптур. Анан экөөбүз уруша кеттик. Бир убакта жолдошум бычак менен бутума сайып жиберди. "Ажырашабыз" деп сотко да бердим. Бирок кетпей койду, ошондон бери эле чогуу жашап келе жатабыз. Ортобузда эч кандай аял-күйөө сезими, жылуулук жок. Катуу коркуп калган окшойм, калтырап өзүмдү кармай албай, ичимден эле бир нерсе боло берем. Сырт­ка чыгып кыйкырып, ба­кыргым келет. Молдого барсам "өзүңдү кармасаң, эмне болуп жүрөсүң?" деди. Невропатологго да көрүндүм. Ал "баары жайында, сиз коркунуч менен жашайт окшойсуз, психологго барып көрү­нү­ңүз" деди.

Кутунай, Токмок шаары

- Айтканыңызга караганда, сиз чынында эле катуу коркуп калыптырсыз. Коркуу сезими менен жашаган адамдар ошол окуя сыяктуу көрүнүштөргө, ызы-чуу, уруштарга туш болсо коркконунан калчылдап чыгышат. Кыйкыргыңыз келсе кыйкырып, бир нерсени талкалагыңыз келсе талкалаңыз. Мындай учурда жеңилдей түшөсүз. Жолдошуңуз "сени менен жашайм, үй-бүлөмдү сактап калам" деп жашап, кетпей жатат да туурабы, андыктан аны менен маселени ачык сүйлөшүңүз. "Кандай кылабыз, ушинтип эле жашай беребизби?" деп ортодогу мамилени ачыктаганыңыз туура. Ошондой эле сөзсүз психологго барып көрүнүңүз. Ал сиз менен баарлашкан соң өзүңүзгө ылайык ыкмаларды колдонуу менен жардам берет.

"СҮЙГӨНҮМ ӨЗҮМДӨН 8 ЖАШ УЛУУ..."
– Кафеден бир кыз менен таанышып калдым. Дароо эле тил табышып кеттик. Мен Оштон, ал Нарындан. Сүйлөшкөнүбүзгө эки жыл болгондон кийин үйлөнөйүн деп ата-энеме айтсам, "жер алыс" деп көнбөй коюшкан. Эптеп аларды ынандыргандан кийин сүйлөшкөн кызым мурун турмушка чыкканын, бир уулу бар экенин айтып жатпайбы. "Сени албайм" деп айтканга дитим барбай жатат. Жакшы көрөм, анын үстүнө көнүшүп да калдык. Мага жардам бергилечи?!

Актан, Өзгөн району

-Сүйүү сезими ыйык сезимдердин бири. Аны эч ким басынта, жеңе да албайт. Ошондуктан сезимиңизге баш ий­ге­ниңиз туура. Эгер жакшы көрсөңүз, анда үй­лө­нүңүз. Анткени жакшы көрүү сезими бардык кы­йынчылыкты жеңиши мүмкүн. Бул сиздин жеке тандооңуз, ага башка би­рөө­нү кийлигиштирүүнүн ке­реги жок.

"ЖОЛДОШУМ КЕЧИКСЕ ЭЛЕ БИРӨӨ МЕНЕН "ОЙНОП" ЖҮРӨТ ДЕП ОЙЛОЙ БЕРЕМ"
– Турмушка чыкканыма 15 жылдай болуп калды. Урушуп-талашпай жакшы эле жашайбыз. Жолдошум кечинде жумуштан кечиксе эле бирөө менен "ойноп" жүргөндөй элестетип, кыйнала берем. Бирок ал босогону аттаары менен андай оюм өзүнөн-өзү жоголот. Бул кызганычпы?

Акбермет, Бишкек шаары

-Бул нормалдуу эле кө­рү­нүш. Адамда сүйүү болсо ошондой сезим болот. Эгер сезим жок болсо, кызгануу да болбойт. Жолдошуңузду көр­гөндөн кийин жаман оюңуз жоголуп кеткени – сезимиңиздин таза экендиги, ага ишен­ген­ди­гиңиз.

Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Сүйүн Кулматова
kenech@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(25)
06.06.2016. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Актан сен ойлонсон ал турмушка чыкан болсо.бир баласы болсо сен бойдок болсон.ал келин сенден мурдагы жолдошун издейт.конуп калгандан корку конул калуу тез.айланада кыздар коп.бам салын уй було куру оной эмес.ойлонун жаш бойдон журо бербейско.
06.06.2016. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Актан менин жолдошуидун иниси дагы бир кызы бар келинге уйлонуп ата энесинин дагы озунун дагы тили кыска. Кайын журтум макулдугун бергенине азыркыга чеин окунушот дагы бир ойлонуп кор жакшы кыздар коп
06.06.2016. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акбермет мен дагы сендей боло берем, жолдошум 1 кыз менен жургонун билип калгандан кийин ошондой сезим кучоду
10.06.2016. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ajara95, жолдошунуз бир кыз менен журсо, 'спокойно' эле андай сезим кучоду дегениниз кызык го?! Сизден башкасын таап алса анда куйоонуздун жанында не журосуз?!
06.06.2016. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Актан, жашоо суйуу м-н эле чектелбейт.Ал кызга уйлонбой эле кой.Сен азыр жаштык кылып баарына дайын болуп жатасын,убакыттын отушу м-н кыйналасын.
06.06.2016. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда куйом жумуштан кечиксе эле ушинтип ойлой берем жолдошум уйго келип босогону атташы мн баарын унутам значет бул корунуш норма эле ээкенда
06.06.2016. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
актан изде башка
06.06.2016. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каалаганынарды кылгыла
06.06.2016. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы Канышай эжеке,мен сизден сурайын дегеним мен кичине эле нерсеге эле жиндей берем,бироолордун созу да жакпай кыжырлана берем.
08.06.2016. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Abdumalikovna, сиз озунузду адамдардан бийик тутат экенсиз , материалдык жактан да бай окшойсуз , орозо карман текеберликти жоготот жининиз келсе эч ким унчукпайт окшойт да бироо жиндегенизде ал да жинденип бир уруп мурдунузду сындырып койсо жинденбей калмаксыз (тамаша эмес)
07.06.2016. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Психологко кантип кат жонотот?
07.06.2016. 06:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Актан, журогунузго кулак тутун эл ар нерсени айта берет эн негизгиси экоонуздор бири бириниздерди сыйласаныздар болду калганын бирге женууго болот
08.06.2016. 04:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ммми
08.06.2016. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Актан ХХХ ХХХ экенсин. Ал суйуу эмес сенин башынды айландырып алган. Менинда бир досум бар озудон 8жаш чон эжеге уйлонуп алган. Журот азыр жипсиз байланган ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-06-08 12:44:08
08.06.2016. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ulan_eshbaev87,кимдир-бирөөнү мазактап, анын кадыр-баркына шек келтирген билдирүү жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
08.06.2016. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Психолог эже мени куйоом такыр кызганбайт ишенет ошон учун деп ойлоп жургом ойлондуруп койдунузго сезим жок болсо кызганбайт деп, кызганбоонун бир нече факторлору болсо керек да он жагынан да, ким кандай ойлойт?
08.06.2016. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Актан брат бир баласы болсо сен чон баласы болуп журо бересин
08.06.2016. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Актан сен шашпай дагы кыздар менен таанышып суйлошуп кор , чындыгында бир адам менен суйлошуп конушуп калсан жашоо ансыз кыйындай боло берет , адамда мин сезими болот кийин сезимин очуп арман кылып каласын айтатко Кыргызда тен тени менен , тезек кабы менен деп . сен биринчи 5 кыз менен таанышып суйлошуп кор ошондо башка кыздарга аны салыштырып карап минустары коруно баштайт анан озун эле алыстай баштайсын , сен аны баласы бар экенин билбесен анда сен ал келинди анча билбейт экенсин.
09.06.2016. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Актан, ал кызды чындап суйуп баарына даяр болсон ал, болбосо баш тартканын туура.. Ага азыр уйлонуп алып,жылдар откондон кийин эски жаран ырбап,элдин созуно кирип, аялынды ур токмокко албагандай болгонго даяр болсон кана ага уйлон..
10.06.2016. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Актан байке ар бир эркектин омурундо бир гана жолу кыз алуу болсо кк (кыялы) кыз ал келин эмес тошогун жылуу болот.
11.06.2016. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай айланайындар кичине эле нерсеге жиндене берсенер денсоолукту жеп бутосунорго.мен мурда ошондой болчум эки жолу психологго бардым всё азыр ааламды суу каптар жатсада камырабаймго эжелерим тан калат кантип чыдайсын деп.биринчи сабырдуу болуш керек деп ойлойм.анан дагы йога боюнча окусанар аябай таасир берет
12.06.2016. 08:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Актан ойлонун эмес тутун эмес кылын эмес терен ойлон ойлон ойлон .
12.06.2016. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен кундо туш кором тушумдо кыздар мн коп кошулуп кетем бироолор менен мушташып айтоор беспредел боло берет туш корбош учун эмне кылса болот
13.06.2016. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adiiko,Ал учун уктабаш керек ))
12.06.2016. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Психолог деле жарытылуу кенеш бербептир го.Ата эненер менен эле кенешкиле.Эч кайсы психологун тен келе албайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо