Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЧЕМПИОНДОРДУ ТАРБИЯЛАГАН СПОРТ КЛУБДАР

№709 03-июнь-09-июнь, 2016-ж

Спорт клубдар – спортчуларды жаш кезинен тарта машыктырып, атагын алыска тааныткан мектептер. Мындай спорт клубдар өлкөбүздө бир канча чемпиондорду тарбиялашкан жана тарбиялап келишет. Алардын арасынан биз бүгүн "Жаш-Күч" жана "Гермес-Профи" тууралуу баяндайбыз.

"ӨЛКӨБҮЗДӨ ГАНА ЭМЕС, ОРУСИЯДА ДА ОРДУН ТАПТЫ"
Акыркы жылдары Орусияда мелдештерге катышып, байгелүүорундарды алып жаткан муш­кер­лерибиз көбөйдү. Алардын көбүМосква шаарындагы "Жаш-Күч" спорттук клубунун спортчулары. Учурда бул клуб өнүгүүсүн улантып, анын мүчөлөрүэл аралык аренага байма-бай чыгып келишүүдө. Аталган клубдун президенти Айбек Мусаев менен маектештик.

Аталышы – "Жаш-Күч"
Жайгашкан жери – Кызыл-Кыя, Ноокат, Ош, Москва, Санкт-Петербург шаарлары
Спорт түрү– Эрежесиз уруш, ММА
Ардактуу президенти – Алтынбек Сулайманов
Президенти – Айбек Мусаев
Белгилүүмушкерлери – Данияр Бабакулов, Тилек Батыров, Мыктыбек Мамасалиев жана башкалар.


– Айбек мырза, спорт клуб тууралуу айтып өтсөңүз...
– "Жаш-Күч" спорт клубу союз уба­гында эле Кызыл-Кыя шаарын­да ачылган. Ал кезде шаарда­гы эң чоң спорт залдын аты "Жаш-Күч" аталып, волейбол, баскетбол, шахмат, каратэ, бокс, күрөш жана жеңил атлетика боюнча ийримдер болгон. СССР жоюлгандан кийин спорт комплекс кароосуз калып, машыктыруучулар ар кайсы жакка иш издеп кетишти. Көпчүлүк спорт түрлөрүжоюлуп, бир гана бокс калган. Анда жаш спортчуларды Кыргыз Республикасынын бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Мурат Эранов тарбиялачу. 1996-жылдан тарта панкратион популярдуу болуп, биздин спорт клубдун спортчулары эрежесиз уруш боюнча машыгууларды өткөрүп турушту. Алгачкы муун Замирбек Сыргабаев, Равшан Ашимов, Дүйшөн Төрөкулов сыяктуу спортчулар ийгиликтерди багынта баштаган.

– Учурда бул клубдун филиалдары Орусияга чейин жетти. Дагы кайсы шаарларда "Жаш-Күчтү" тапса болот?
– Азыркы күндө "Жаш-Күч" Кызыл-Кыя, Ноокат жана Ош шаарында толук иштеп келе жатат. Күчүм барда мен да клубга салым кошоюн деп Орусиядагы клубдун филиалдарын иштетип келем. Белгилүүболгондой, мигранттардын көпчүлүгүкүчкө толгон жаштар. Андыктан жаман жолго баргыча спорт менен машыксын деген үмүттө 2011-жылы Москва шаарында спорт зал ачканбыз. Жумуштан кийин спорт менен машыгабыз деген жигиттерибиз көп экен, учурда 200дөй жаш спортчуларыбыз машыгышууда. 2015-жылы Санкт-Петербург, Екатеринбург жана Новосибирск шаарларында клубдун филиалдарын ачтык. Жакын арада Самара жана Сахалинде ачабыз деп турабыз. Ар бир спорт залда биз ишенген машыктыруучулар бар, дайыма байланышып турабыз. Клубубуз Кыргызстанда эле эмес, Орусияда да ордун тапты.

– "Жаш-Күчтү" эл аралык аренада таанытып жаткан спортчуларыңыз тууралуу айта кетпесеңиз болбойт. Тарбиялануучуларыңыз кандай ийгиликтерге жетишүүдө?
– Биздин клубдан бир канча ММА чеберлери жана эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрүчыкты. Мисалы, Тилек Машрапов, Бахтияр Тойчубаев жана Мыктыбек Мамасалиев 2015-жылы Молдовада Дүйнө чемпиону аталышты. Ал эми Ахмат Ахмедов 12-июнда Токиодо "Rеаl Fight" уюмунун мелдешине катышса, Тилек Машрапов АКШда беттеш өткөрөт. Жакында эле мушкерибиз Тилек Батыров дүйнө жүзүнө белгилүүболгон "ONE FC" уюму менен келишим түздү. Мындан тышкары ММА чебери Данияр Бабакулов, Расул Мансуров, Уларбек Максатбек уулу сыяктуу спортчуларыбыз ийгилик жаратышууда.

"Ак аюу" атка конгон Мыктыбек Мамасалиев клубдун алдыңкы мушкерлеринин бири.

"ИЙГИЛИК СЫРЫ – ТЕМИРДЕЙ КАТУУ ТАРТИП"
Бул клуб мам­лекетибиз эгемендүүлүк алгандан тарта алгачкы спорт клубдардын бири. Ал кезде муш­керлер үчүн "Гермес-Профиде" машыгуудан башка сыймык жок эле. Александр Воинов түптөгөн "Гермес-Профи" 20 жылдан ашык өлкөбүздүн эң атактуусу саналып, бир канча Дүйнө чемпиондорун тарбиялаган.

Аталышы – "Гермес-Профи"
Жайгашкан жери – Бишкек шаары
Спорт түрү– Кикбоксинг, ушу-саньда, жиу-житсу
Президенти – Александр Воинов
Тарбияланган атактуу спортчулары – Али Порсуков, Шабдан Шадманов, Малик Борбашев, Анвар Ибраев, Жанбулат Амантаев, Мирбек Сүйүнбаев, Руслан Абасов, Иса Мамбетов, Ален Офойо, Кумар Жалиев, Алексей Федосеев жана башкалар.


1992-жылы Александр Воинов аттуу спортчу АКШнын Лос-Анжелес шаарында кикбокс боюнча Дүйнө биринчилигин жеңип алат. Спорттук карьерасын жыйынтыктаган мушкер Кыргызстанда жаш спортчуларды тарбиялоого бел байлайт. Ошентип 1994-жылы "Гермес-Профи" аталыштагы алгачкы спорт залы Бишкек шаарында ачылган.
"Биздин клуб өлкөдөгүалгачкы клубдардын бири болуп, жаштарды спортко чакырды. Спорт клубдагы эң башкы эреже – тартипти сактоо эле. Алгачкы спортчуларыбыз ийгиликке жетише баштаганда кикбоксинг өлкөбүздүн эң популярдуу спортуна айланды",- дейт белгилүүмашыктыруучу Александр Воинов.
Чындыгында, "Гер­мес-Профиден" 1990-жыл­дын ортосунан тар­та дүйнөнүдүңгүрөткөн "алтын муун" чыккан. Шабдан Шадманов, Малик Борбашев, Жанбулат Амантаев, Канатбек Сыдыгалиев, Мирбек Сүйүнбаев жана башкалар кикбокс боюнча Дүйнө чемпиону аталышкан. Ошондой эле маркум Али Порсуков менен Руслан Абасов да ушул клубдун тарбиялануучулары.
2000-жылдан кийин муун алмашуу жүрүп, жаңы спортчулардын аты чыга баштаган. Кумар Жалиев, Ален Офойо сыяктуу мушкерлер "Гермес-Профинин" атын өчүрүшкөн жок. Бара-бара бул клубдун филиалдары бүт өлкө боюнча ачылып, шыгы бар спортчулар кабыл алына баштаган. Алсак, Чүйдүн Ивановка айылынан 13 жаштагы Алексей деген бала алгачкы жолу бул клубдун босогосун аттайт. Арадан бир канча жыл өткөн соң Алексей Федосеев аттуу мушкерди дүйнө жүзүтааныды.
Учурда Кыргызстандагы олимпиадалык эмес спорт түрлөрүнүн эң белгилүүсүкикбоксинг жана уруш түрлөрү. Бул "Гермес-Профи" спорт клубунун күчтүүпайдубал түзгөндүгүнүн жыйынтыгы. 20 жылдан бери иштеп келе жаткан бул спорттук клуб жалпы 10дон ашык Дүйнө чемпиондорун тарбиялап, жүздөгөн спортчуларды машыктырып келет.

"Гермес-Профинин" 1998-жылкы эң жылдыздуу курамы: Мирбек Сүйүнбаев, Жанбулат Амантаев, Канатбек Сыдыгалиев жана башкалар.

Айтылуу спортчу Кумар Жалиев да "Гермес-Профинин" тарбиялануучусу.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(14)
06.06.2016. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
жаш-куч аллга колумдан келсе менда машыкмакмын бирок шартым жок силерге Аллах озу куч кубат берсин Кыргызстанды дуйно жузуно таныткыла
06.06.2016. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Жаш кучто байкасам жалан Ош Жалалдын балдары да башка областын да балдарын тартсанар болбойбу?
06.06.2016. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Коп жолу айтып супер эми жазып чыгышты бул клубдардын ийгилиги кыргыздын жузу.
06.06.2016. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Санк - Петербург боюнча адрес же болбосо байланыш телефон номерлерин билгендер жазып койосуздарбы.. Сураныч!!!
07.06.2016. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
malik.kadyr,Тренировки по ММА в клубе "ЖАШ-КYЧ" Санкт-Петербург Проходят по адресу :метро Невский проспект ул Михайловского 32-34.
11.06.2016. 04:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jama9210,чоон рахмат
07.06.2016. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Самарага Жаш Куч ачылса жакшы болмок.
11.06.2016. 04:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Taalai94,Самара да Жаш - кучтун залы уже ачылган)))
08.06.2016. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Москавадагы адрессин билгендер болсо айтып койгулачы жаш кучтун
08.06.2016. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Neizvestno777,
09.06.2016. 03:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бетине каттуу тийсе кечирип кой досум жаш куч алга кызыл-кия
10.06.2016. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынан . АК АЮУ СООНУН УРУЩАТ. МЕН АНЫН ФОНАТЫМЫН

..... НООКАТ....
11.06.2016. 04:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Москва... Метро Автозаводская улица 2-кажыховская дом 25 ЖАШ КУЧ
19.02.2018. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен черный рыцардын фанатымын!!! Элпек кичи пейил адамгерчиликтуу мушкер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо