Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БАЛИГЕ БАРЧУ СУЛУУ БАРБЫ?

№710 10-июнь-16-июнь, 2016-ж

Өзүнө ишенген, ай чырайлуу, бою 165 сантиметрден жогору, 1988-1998-жылдар аралыгында төрөлгөн, турмушка чыга элек бийкечтерди сынакка катышууга чакырабыз. Эгер сиз алыскы Индонезияда, океандар кучагында жаткан Бали аралына барып эс алып келүүнү кыялданып жүрсөңүз, анда чамдаңыз!

Сынактын шартына ылайык, ар аптанын жума күнү гезит бетине экиден катышуучунун сүрөтү жарыяланып, SUPER.KG порталына добушка коюлат. Добуш берүү сулуулар гезит бетине чыккан жума күнү саат 9:00дөн баштап кийинки аптанын шаршемби күнү саат 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Көп упай чогулткан катышуучу финалга өтөт.
Толук маалымат алуу үчүн 0312 323327 номерлерине чалыңыздар.

АЙЗАДА АБАНБЕКОВА
Жашы – 20
Параметри – 85-64-90
Бою – 170 сантиметр
Салмагы – 54 килограмм
Учурда – КУУнун философия илимдери жана социал-педагогикалык технологиялар факультетинин алдындагы дин таануу багытында 2-курста окуйт

«КЕЛЕЧЕКТЕ АКТРИСА, КАСКАДЁР БОЛСОМ ДЕЙМ»

– Айзада, чыгармачылыкка жакын экениңди билебиз...
– Ооба, 8-классымдан баштап 5 жыл Бишкектеги «Форум-театр» деп аталган долбоордо актриса, волонтёр болуп иштегем. «Фрунзенин кечтери» деген жаңы жылдык берүүдө тартылгам. Жакында эле тартылган «Миң бир түн» деген тасмада режиссёрдун жардамчысы болуп иштедим, айрым эпизоддорун өзүм тарттым. Учурда каскадёрлор ассоциациясына барып жатам, актрисалык менен чогуу каскадёрлукту да алып кетсемби деген оюм бар.

– Косметика көп колдонбойм деп калдың...
– Ооба, косметиканы дээрлик колдонбойм. Фотосессияларда гана бир аз жеңил макияж жасап алам. Кашымды такыр тербейм, жөн гана формага келтирип чийип, боёп коймоюм бар. Курбуларым “сен боёнуп жүрсөң мындан да сулуу болмоксуң” дей беришет.


АЙЧҮРӨК БОЛОТОВА
Жашы – 20
Параметри – 86-66-87
Бою – 171 сантиметр
Салмагы – 55 килограмм
Учурда – КММАнын дарылоо факультетинде 3-курста окуйт



«ӨЗҮМДҮ МОДА ЧӨЙРӨСҮНДӨ СЫНАГЫМ КЕЛЕТ»

– Айчүрөк, болочоктогу дарыгер экенсиң, сынакта жеңиш үчүн кандай "дарыларды" колдоноюн деп жатасың?
– Ооба, кесибим боюнча дарыгермин, сынакта кесибимдин пайдасы тийбей эле койсун, баарыбыз ден соолукта аман бололу. Элди сынактын талабына төп келе турган бүт ыкмалар менен "дарылаганга" аракет кылам. Көпчүлүк кыздар сулуулугу, наздуулугу менен "дарыласа" керек, мен деле ушул ыкманы колдоном.

– Кошумча эмне менен алектенесиң?
– Негизи көп убактым окуума бөлүнгөндүктөн кошумча убакыт кээде гана табылат. Окуудан сырткары бий ийримине катышам. Курбуларым менен эс алам. Волейбол ойнойм. Сынакта жеңип калсам өзүмдү мода чөйрөсүндө сынап, модель болуп иштегим келет.


SUPER.KG порталында жүргүзүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыгында Гулинса 146 добуш алып, финалга чыкты. Ал эми Элиза 45 добушка ээ болду.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(9)
13.06.2016. 03:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
добуш кайдан берчи элек...?
13.06.2016. 06:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Админ добушту каерден беребиз емнеге добуш беруу шилтемеси жок, анан мен конок эмес жаранмын, добуш бере аламбы
13.06.2016. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баары эле кыска кийишетко эркектерге жагам дейтко
13.06.2016. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Узун эле кийиниздерчи айланайындар
13.06.2016. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Экоо тен, деги эле быйылкы чыгып жаткан кыздардын бироосу да жаккан жок.
13.06.2016. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жалан гана сулуулар былтыркы конкурста катышып буткон окшойт. Иргелип калыптыр .. Кыргызда сулуулар калбай бараткандай...
14.06.2016. 08:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Экоосу тен, жакпады ...Айзада боёнуп алса болмок...ал эми Айчурок карыы корунот экен
14.06.2016. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуулар катышпайт да)))
15.06.2016. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кызым 19 жашта.Мындан 2 жыл мурда окуу жайлар арасындагы сулуулар сынагында гран-прини женип алган. Суротунду Супер-инфого жонот десем болой койду. Жоноткондо биринчиликти алмак дагы Балиге барып келмек. Такыр конбой жатат тентек кыз.Кантип кондурсом экен?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо