Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

MEGACOM 10 ЖАШТА

№710 10-июнь-16-июнь, 2016-ж

MegaCom өзүнүн 10 жылдыгын жана дагы жогорку ылдамдыктагы 4G LTE жаңы технологиясын киргизгенин өзгөчө белгилөөнү улантып жатат. 3-июнда мобилдик оператор мааракесин Кыргызстандын түштүк борборунун миңдеген тургундары менен конокторун борбордук стадионго чогултуп, мега концерт уюштуруу менен майрамдады.

MEGACOM ОШ ШААРЫНДА 10 ЖЫЛДЫГЫН БЕЛГИЛЕДИ
Компаниянын бул мааракесин куттуктоо үчүн Кыргыз Эл артисти Саламат Садыкова баштаган ата мекендик таланттуу жылдыздар келишти.
«Мен MegaCom менен түбөлүккө биргемин. Компания түзүлгөндөн бери, тагыраак айтканда, 10 жылдан бери менин номерим өзгөргөн жок. Сиздер мени менен чогуу болгонуңуздар үчүн, сапаттуу байланыш үчүнрахмат.
Дайыма алга!»
деди Эл артисти куттуктоо сөзүндө.
Саламат Садыковадан тышкары Арсен, Бегиш, Баястан, Нурмат Садыров, Дайыр Исмадияров жана башка таланттуулар көрүүчүлөргө өз өнөрлөрүн тартуулашты. Ал эми ырлардын ортолорунда шайыр алып баруучулар, «No name» командасынын жигиттери Мурат менен Кадыр өз тамашалары менен элди зериктирген жок.
Чогулгандар өздөрү сүйгөн ырларга кошулуп ырдап, балдар ортого чыгып бийлеп сонун эс алышты. Баса, дал ошол көңүлүндө кири жок жаш балдардын жардамы менен 4G-смартфондорунун, 4G-модемдеринин, миң мүнөттүк бекер сүйлөшүүнүн жана сандары окшош болгон «Алтын» номерлердин бактылуу ээлери аныкталды. Компания 10 жашка чыкканынын урматына ар бир белектин түрү 10 комплекттен берилди.
Концерт Ош шаарынын тургундарын позитивдүү энергия менен курчап, миңдеген жашыл шарлар майрамдык маанай тартуулады. Бардык жакта достук менен шаттыктын атмосферасы курчап турду. Көрүүчүлөр да, конок болуп келген жылдыздар да уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирип жатышты.
«Менин балам Баткен облусунун алыскы бир айылында иштейт. Аны менен MegaCom аркылуу сүйлөшүп турам. Бүгүн болсо минтип сонун майрамда отурам, силерге чоң рахмат»,- деп өз оюн билдирди Гүлмайрам эже.
«Быйыл 3-курсту аяктадым, MegaCom`дун тейлөө борборлорунун бирине келип телефонума 100 сом жүктөсөм, ал жактагы адистер концертке акысыз билет беришкен, курбум экөөбүз келип концерттен ырахат алдык. Ал эле эмес, мен заманбап смартфон утуп алгандардын бири болдум, абдан кубанып турам. MegaCom 3-курсту ийгиликтүү аяктаганым үчүн мен каалаган белекти бергендей кабыл алдым. Рахмат, MegaCom- деп Ош шаарынын тургуну Гүлназ кубанычын жашырган жок.

Жалпысынан концертке келгендердин элүүдөн ашыгы MegaCom’дун белектерине ээ болуп кайтышты.
Эске салсак, MegaCom’дун майрамдык иш-чаралары жазында массалык веложүрүш менен Жалал-Абад, Ош, Бишкек шаарларында башталган эле. Андан ары атайын акциялар, Жалал-Абаддагы концерттер менен уланган болчу. Уюлдук оператордун 10 жылдык мааракесине жана 4G LTE технологиясынын киргизилишинин урматына дагы көптөгөн кызыктуу иш-чаралар уюштурулмакчы. Компаниянын жаңылыктары менен
www.megacom.kg сайтынан жана социалдык тармактагы баракчалардан #MegaComKg хэштеги менен таанышып турсаңыздар болот.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
13.06.2016. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай эле акчаны коп жеп жатышат. мен мегаком менен колдонгондо 200 салсам 200ту жеп коюшчу 100 салсам 100ту. 50 сом менен 0 сом салып корсом 1-2 минутага да жетпей тугонуп калган. бир куну 120 сом салып эчкимге чала электе -24 сомго тушуп калган, чалсам 75 мб скачивайтетиптирсин дешти. анан 2-3 кундон кийин тура эмес эсептеп алыптырбыз деп 4 сом берип коюшкан ошентип журуп башка операторго отуп кеттим номеримди очуртуп салгам, атам пенсионер, ал да "О"го отуп кеткен, мегаком менен чал
13.06.2016. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мегаком эн сонун .мага жагат.Билайн м.н О го караганда. Кечке загрузка болбой бат бат кирет инетке. колдонгонума 4 жарым жыл болду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо