Шоумен Бакыт Байсариевдин кызы Майрам: “ПАПАМ БАССЕЙНДЕ ИШТЕЙТ”

№710 10-июнь-16-июнь, 2016-ж

Жашоонун маңызы бала экени чындык. Наристени жыттасаң жарпың жазылып, ширин тилин укканда ага ааламды арнагың келип кетет. Бүгүн бизге Бакыт Байсариевдин кызы Майрам балдай таттуу маек куруп берди.

– Салам, сулуу кыз, өзүңдү тааныштыра кетсең?
– Мен гезитке чыкканы келдим биякка. Менин атым Майрам. Дайыма майрамдар болуп, анда кызым бийлеп жүрсүн деп мамам койгон атымды. Ал эми мамамдын аты Наргиза, анын атын ким койгонун билбейм. Мен 5 жаштамын, садикке барам.

– Жакшы экен, бала бакчага барбайм деп чыр салбайсыңбы?
– Жок, папам “кеттик” дегенде бөбөгүм экөөбүз дапдаяр болуп машинесине түшүп алабыз. Ошондо атамдын да, апамдын да настроениеси бузулбайт. Садикте менин Салия, Каныкей деген подружкаларым бар.

– Папаңдан коркот окшойсуң, ээ, эркелетеби сени?
– Папамдын көзүн карайм, күлүп турса коркпойм, серьёзно болсо айтканын угам. Көздөрү күлгөндө мени “Макусям” деп эркелетет.

– Папаң жакшыбы же мамаңбы?
– Экөө тең жакшы, папам кукла, мороженое, короче баарын сатып берет. А мамам красивый платья, заколка алып берет. Чачымды өрүп сонун кылып жасайт.

– Папаңдын ким болуп иштээрин билесиңби?
– Папам бассейн иштетет. Үйдө чоң бассейни бар. Күн ысык болгондо биз ага түшүп жыргайбыз. Көлдө суу муздак эмеспи, а папамдын бассейнинде жылуу суу бар. Анан папам бошогондо маршрутка айдап да иштейт. Жасанып алып маршруткасын айдап кетип, биз уктаганда келет. А мамам танцыда иштейт. "Майрам" деген танцы ачкан, ошол жакта кыздарга, анан мага бийлегенди үйрөтөт.

– Ай-ий, анда сен жакшы бийлейт турбайсыңбы?
– Ооба, бүт танцыларды билем. Бийлесем деле "жакшы бийле" деп мамам уруша берет. Бирок мен чоңойгондо врач болгум келет. Мамамдын жанында бийчи болом деп койсом, ал сүйүнүп калат.

– Анда бийчи, доктур болот турбайсыңбы?
– Доктур болуп тентек кылган балдарга укол саям. Кичинекей балдарды уурдаган жаман кишилерге да укол сайып салам.

– Доктур кыздын тишине эмне болду?
– Кечке шоколад, конфет жей берип тишим түшүп калды. Мамам “шоколад жебе” деп урушуп, бирден эле берип калды азыр. А мен ага көрсөтпөй жей берем. Чоңойгондо жакшы тиш чыкканда такыр конфет жебейм.

– Үйдү чачсаң да урушса керек?
– Үйдү кайра өзүм жыйнап коём. Бөбөгүм Азирет экөөбүз оюнчук талашып урушканда мамам келип чабат да “тынч ойногула” деп. Иногда мен посуда жууп, үй шыпырып мамама жардам берем.

– Куурчактарың сонун экен, ким сатып берди?
– Чачы карасын папам сатып берди, а сарысын тойдо бийлегенимде подарок кылып берген. Тойдо бийлесем көп акча беришет. Ага мен вай-фай сатып алам.

– Вай-файды эмне кыласың?
– Интернетти жакшы көрөм. Вечно эле вай-фай дей беребиз. Энемде, мамамда компьютер бар. Бизге мамам бербейт, энем берет. Мен жакшы көргөн Барби мультигин көрүп жатканда Азирет ноутбукту тартып алып кечке машине көрөт да, анан мен мультикти таппай калам.

– Орус, кыргыз тилдеринде жакшы сүйлөйт турбайсыңбы...
– Энем менен атама кыргызча, мамага, эжеме, садиктеги кыздарга орусча сүйлөйм. Мени энем чоңойткон кыргызча сүйлө деп. Баары мени энесинин кызы дешет.

– Энең сага жомок айтып береби?
– Мен кыргызча жомокторду жаман көрөм, орусча жомоктор жагат. Ошондуктан мамам менен уктайм. Азирет эне, атасы менен жатат. Азыр детскийде кроватыбыз, одеялобуз жок. Папам эки этаж кровать сатып бергенде мен үстүнө, Азирет астына детскийде уктайбыз.

– Маегиңе рахмат! Тилегиңе жетип бактылуу бол!

"Папамды көп сагынам. Ал мен уктап жатканда келет жумуштан".

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


Бакыт Байсариевдин бийчи кызы: "Тойдо мас адамдардан корком"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  16 
Комментарийлер(15)
13.06.2016. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
атасынын кочурмосу го))
13.06.2016. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
ии десе тим эле соонун бийлейтго бул ширин кыз Бакыт байкенин кызы да келинчеги да аябай сулуу экен, келинчеги жаш корунот экен мен жубайын мындай деп элестетпейт болчум и бийчи экенин да билбейт элем татынакай келинчеги бар экен. Кызынын келечеги кен болсун бактылуу болуп тилегине жетсин!!!
13.06.2016. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу кыз болсун татынакай экен
13.06.2016. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу уй-булоодон болгула.кызын тилегине жетсин.
13.06.2016. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Копия
13.06.2016. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биир кулуп маанай которулуп калды))))
Омуру узун, эс акылдуу кыз болсун. Тилеген ой максаттарына жеткирсин Кудайым!
Palan4a түзөттү 2016-06-13 13:06:21
13.06.2016. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чечпе чечектей кыз го,омурун узун болуп ата-эненди сыйлаган кыздардан болуп чоной!!!
13.06.2016. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ширин кыз.Омурлуу болсун!
13.06.2016. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин кызымдай бийчи кыз турбайбы. Омурлуу бактылуу кыз болсун.
SUPER.KG видео
14.06.2016. 06:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу балалык,тили бал экен тилеген тилегине жетегой ата энендин кыргызстандын сыймыгы бол
14.06.2016. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Папасынын көзүнө карап манайын билип алганы жакты ширин кыздын.Омүрү узун,келечеги кең болсун!
14.06.2016. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ширин кыз молодец

14.06.2016. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Керемет кочтогу Акылай го :)))))))))
17.06.2016. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омурлуу бол садага.
18.06.2016. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коз тийбесин ширин экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо