№710 10-июнь-16-июнь, 2016-ж
Чечевица (жасмык) бир жылдык буурчак түрү. Буурчактын бул түрү алгач байыркы Мисирде, Грецияда өстүрүлүп, кедейлердин негизги тамагы болуп эсептелген. Учурда бул азыкты дүйнө элинин көбүнүн ашканасынан кезиктирүүгө болот. Ал эми дүйнөлүк рынокту Индия, Түндүк Африка, Европанын айрым өлкөлөрү тейлеп келет. Чечевицадан тамактын кандай түрлөрүн жасоого болот, назар салыңыз.ЧЕЧЕВИЦАДАН ШОРПО
Керектелүүчү азыктар:
Чечевица (сарысы) – 1,5 стакан
Картошка – 2 даана
Сабиз – 1 даана
Пияз – 1 даана
Суу – 2,5 литр
Томат пастасы – 1 аш кашык
Каймак май – 1 аш кашык
Зире – 1 чымчым
Кургатылган жалбыз – 2 чай кашык
Татымына жараша туз
ЧЕЧЕВИЦАДАН САЛАТ
Керектелүүчү азыктар:
Төө буурчак (кызылы) – 150 грамм
Чечевица (сарысы) – 150 грамм
Кызылча – 2 даана
Кызыл пияз – 2 баш
Сарымсак – 1-2 тишче
Зире – бир чымчым
Өсүмдүк майы – 100 грамм
Татымына жараша туз, кара мурч
ЧЕЧЕВИЦА КОТЛЕТАСЫ
Керектелүүчү азыктар:
Чечевица (сарысы) – 1 стакан
Ун – 2 аш кашык
Кургатылган майда нан – 3 аш кашык
Сарымсак – 1 тишче
Петрушка – 3-4 тал
Өсүмдүк майы – 200 грамм
Татымына жараша туз, кара мурч, кориандр, паприка
ПАЛОО
Керектелүүчү азыктар:
Күрүч – 1 стакан
Чечевица (жашылы) – 1 стакан
Пияз – 1 баш
Сабиз – 1 баш
Сарымсак – 5 тишче
Томат ширеси – 3 стакан
Козу карын (шампиньон) – 300 грамм
Өсүмдүк майы – 200 грамм
Зире – 1 чай кашык
Татымына жараша туз
ПАЙДАСЫ
Организмде зат алмашууну, кан айланууну жакшыртат.
Мындан сырткары диетологдор арыктатуучу касиети да бар дешет.
Курамында макро, микроэлементтер бар (100 граммында)
Калий – 672 миллиграмм;
Кремний – 80 миллиграмм;
Күкүрт – 163 миллиграмм;
Кальций – 83 миллиграмм;
Магний – 80 миллиграмм;
Хлор – 75 миллиграмм жана башка элементтер бар.
Кимдерге болбойт?
Муундары, жүрөгү ооругандар, териси кургактар, тери оорулары, геморрой менен жабыркагандар рационунан алып салуулары керек. Болбосо чечевица оорулардын күчөшүнө алып келет.ТҮРЛӨРҮ
Кызгылт-сары түрү
Кызгылт-сары түстөгүсү египет чечевицасы деп аталат. Бул түрүнөн шорпо кылса даамдуу болот. Тамак даярдаганда бул түрү сары түскө айланып кетет, тамакка кошордун алдында жарым саат сууда чыланып турушу кажет. Жай отто 20 мүнөттө бышат.Жашыл түрү
Жашыл түстөгүсүн бышырардын алдында сууга чылабай деле койсо болот, жай отто 30 мүнөттө бышат. Бул түрүнөн салаттарды жасаса даамдуу болот.
Кара-күрөң түрүКара-күрөң түстөгү чечевица 40 мүнөттө бышат. Тамакка кошордон мурун сууга 2 саатка чейин чылап коюу керек. Тамактын бардык түрүн жасаса болот.
Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Пайдасы коп болсо,жеп корот окшойбуз