КАРЖЫ МИНИСТРЛИГИ КАРЖАЛЫП ТУРГАН ЭЛДИН ЭСЕБИНЕН ЭМИ ФУТБОЛ ОЙНОЙТ

№710 10-июнь-16-июнь, 2016-ж

Кыргызстандын Каржы министрлиги 4 айга футбол аянтчасын ижарага алуу боюнча тендер жарыялады. Жарыя мамлекеттик сатып алуулар сайтына 7-июнь күнү илинди. Бул үчүн министрлик салык төлөөчүлөрдүн эсебинен 50 миң сом коротмокчу.
Бул аталган министрликтин биринчи жоругу эмес. Буга чейин да Мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланган Каржы министрлигинин тендери коомчулукта кыжырдануу жараткан. Министрлик бассейнге сүзүүгө элдин эсебинен 230 миң сом коротмокчу болгон, башкача айтканда, жыл аягына чейин 15 чиновник 113 ирет бассейнге барып сууда сүзмөкчү болгон.
Каатчылыктан эл кыйналып турган маалда мамлекеттик каржыны бөлүштүрүүчү министрликтин мындай жоругу коомчулуктун катуу сынына кабылып, министр "мындай тендер жарыяланганын билбей калыпмын" деп актанып, жарыя сайттан алынып салынган. Мамлекетте каржы жетишсиздигинен толгон-токой маселелер чечилбей турган чакта эми бул министрлик элдин эсебинен футбол ойномокчу. Ушул эле учурда бөйрөк жетишсиздигинен улам бир өмүр гемодиализ аппаратына байланган жарандар улам митингге чыгып, бул аппараттарды көбөйтүп берүүнү суранып жүрүшөт. Каржы министрлигинин дени сак жашоо жүргүзүү далалаты жакшы көрүнүш. Бирок сууга сүзүүгөбү же футбол ойноогобу кызматкерлер өздөрүнүн эсебинен барышы керек.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо