ОКУУЧУНУН ӨЛҮМҮНӨ КЛАССТАШТАРЫ АЙЫПТАЛУУДА

№710 10-июнь-16-июнь, 2016-ж

Май айынын аяк ченинде маалымат булактарына "Мектептин 9-классынын окуучусун классташы көтөрүп чаап, бала каза болуп калды" деген маалымат тараган. Маркум окуучунун эжеси маалыматты тактоо үчүн чындыкты айтып берейин деп кеңсебизге кайрылды.

"МУГАЛИМИ БАЛДАРДЫ КАРТОШКА ТИККЕНГЕ ЧАКЫРЫПТЫР"
– Мен Талас районунун Көпүрө-Базар айылынан келдим. Учурда бул окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу аты-жөнүмдү айтпай эле коёюн. Окуя маалымат булактарына тарагандан такыр башкача болгон. 25-май күнү иним Уран Алымбековду жана классташ балдарын класс жетекчиси "картошка айдашып койгула" деп чакырыптыр. Классындагы чакырылган балдардан менин иним, анан дагы бир-экөө барып жардам беришиптир. Ошол күнү кечки саат 6да Уран үйдө отурса, классташтарынан бирөө келип чакырып кеткен экен.
Ошол боюнча жок болгонунан үйдөгүлөр сарсанаа боло башташат. 90 жаштагы көзү көрбөгөн чоң апабыз бар. Уранды кичинесинен чоңойтуп, аны жанындай көрчү. Чакырып кеткен баланын атасына чалдырса телефонду албай коёт. Баласынан сурайлы деп үйүнө барышса, эч ким чыкпай коюптур. Байкем (Урандын атасы) уулуна сарсанаа болуп улам эшикке кирип-чыгып жүрсө, түнкү саат 1лер чамасында эшиктин алдына кашка ат минген 2 бала келиптир. Артында учкашкан Уран окшойт, үйгө киргенден коркуп жатса керек деп артынан барса качып кетишиптир. Ошону менен таң атканда гана баланын өлүгү үйгө келип жатпайбы.

"ӨЛТҮРҮП, САРАЙГА ЖӨЛӨП КОЮП КЕТИШИПТИР"
– Көрсө, окуя үйдөгүлөр ызы-чуу болуп жүргөн маалда эле болуп бүткөн экен. Саат 6да классташтары Уранды, дагы мугалимине жардам берген 2-3 баланы чакырып алып токойго алып барышат. "Силер бизди класс жетекчибизге сатасыңар, биз барбаган жерге барып жардам берип, жакшы көрүнөсүңөр" деп балдарды ур-тепкиге алышыптыр. Уран спорт менен машыккан, мелдештерде жеңип жүргөн бала болчу. Арасынан олбурлуусу Уранды көтөрүп чаап, жерге жатып калганда көкүрөккө 2-3 ирет тээп жиберген экен. Ошондо дем жетпей калып кусуп кириптир. Иним менен ошол жерге кошо чакырылган балдар Уран кусуп, эсин жоготуп жаткан учурда качып кетишиптир. Ким көтөрүп чаап, өпкөгө ким тепкенин ошол балдар айтып беришти. Эсине келтиребиз деп жылаңачтап чечинтип алып кийимдерин муздак сууга малып кайра кийгизишиптир. Ары-бери жетелеп, айтор, 2-3 саат эзгилей беришкен экен.
Түнкү саат 2лер чамасында кошунанын сарайына жөлөп отургузуп коюп кетип калышыптыр. Ошол маалда айылдаш бир киши унаасы менен келе жатып, машинанын жарыгынан баланы көрөт. "Бирөө мас болуп үйүнө жетпей калган го, тоңуп калбасын" деп жанына барса Уран болуп чыгат. Тургузайын десе шалактап кулап калыптыр. Көрсө, эчак эле жаны чыккан экен. Ошентип биздин тууган-урукту чогултуп, байкемдерге каргашаны угузгуча эле таң атат. Ал маалда аймактык инспектор окуяга катыштыгы бар 9 баланы камап коюптур. Биз окуяны угуп эле Бишкектен Таласка бардык. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. "Башынын эки жерине кан уюп калыптыр, оң кулагына катуу сокку урулган, сегизинчи омурткага жаракат келтирилген" деген жыйынтыктарды алдык.

"УРАНГА ТОПУРАК САЛАБЫЗ ДЕП ЧЫГЫП ЭРКИНДИКТЕ ЖҮРҮШӨТ"
– Инимди сабап өлтүргөн балдардын ата-энелери биз кан жутуп боз үйдө отурганда келишкен жок. Тергөөдө айрымдары "биздин балдардын күнөөсү жок, жөн гана күбө болуп турушкан" деп жатышты. Күбө болушканы чын болсо, ошол убакта арасынан бирөө жүгүрүп келип Урандын токмок жеп жатканын айтып койсо, атасы барып аман алып калбайт беле?!
Балдардын биринин атасы бай турат экен. Камакка алынып жатканда ыйлап отурган биздин көзүбүзчө "Балам, коркпой кире бер. Кечинде бир үйүр жылкымды айдап келип берсем да чыгарып кетем" деп сүйлөп жатат. Укук коргоо органдарынын, соттордун баркынын кеткенин ушундан билсең болот. Бир үйүр жылкысы бар кайсы киши болбосун, келип сотуңду сатып алат.
Азыр иш тергелип жатат, сотко жете элек. Иш акыйкат тергелип, күнөөлүүлөр жазасын алса экен деп турабыз. Себеби 3 күндөн кийин Урандын сөөгүнө топурак салабыз деп балдардын 7өө чыгып кеткен. Учурда эркин жүрүшөт. Баланын сөөгү жерге берилгенден кийин кээ бир ата-энелер кечирим сурап келишти.

"ЭКИ ТАРАПТЫ КОЗУТКАНДАР БОЛУП ЖАТАТ"
Кылмышка шектелип кармалган балдардын биринин агасына байланышсак, ал буларды айтып берди:

– Күнөөлөнүп жаткан балдардын арасында иним бар. Өмүрү башыбызга мындай кырсык келген эмес. "Алдырган – албуут" демекчи, жабырлануучу тарап кандай айтса да жараша берет. Аларды түшүнүп турам. Балдарды бучкактап алып көзөмөлдөп тура албайт экенсиң. Анын үстүнө бардыгы өткөөл курактагылар. Көз ачып-жумгуча эле ушундай окуя болуп кетти. Кырсык деген кырсык экен. Балдар жаштык, балалык кылышып коркуп, учурунда окуя тууралуу эч кимге айтышпаптыр. Кырчындай болгон бир баланын өмүрү кыйылды, ошол эле учурда эл-журт биздин абалыбызды да түшүнсө дейт элем. Биздин балдардын келечегин деле эмне күтүп турат белгисиз. "Эл оозунда элек жок" деген чын экен. Айтпаган сөздү айттырып, дебегенди дедирип, эки тараптын ортосуна от койгондор мындан көп. Кантип эле бир үйдүн ишенген баласы кайтыш болуп, ага биздин балдар күнөөлөнүп жатса, анан табалап, болбогон кептерди айтып, өлгөн баланын үй-бүлөсүн басынтып калалы? Биз дагы Кудай деген кишилербиз, буюрганын көрөбүз да. Сөөк коюларда күнөөлөнүп жаткан тараптын тууган-уруктарынын баары эле жүрүштү. Ата-энелери бара албай калышкандыр. Себеби укук коргоо органдарында график деген жок экен. Күн болсо күн, түн болсо түн чакырып алып суракка алып жатышты. 8-9 баланын ар бирине бирден чоң адам кошулуп, бала менен кошо сурактан өттүк. Ошол эле учурда каза болгон баланын ата-энеси деле тергөө менен алек болуп жүрүштү. Биздин балдар эркиндикке чыгып кетти деген – таптакыр бошонуп кетти деген түшүнүк эмес. Алар милициянын көзөмөлүндө. Качан чакырса күнү да, түнү да балдарыбызды жетелеп алып барабыз. Арасынан кимиси күнөөлүү, кимиси күнөөсүз экенин укук коргоо органдары чечет экен. Андыктан айылыбыздын элин, жалпы тууган-урукту, жабырлануучу тарапты ачууга алдырбай туруусун, элдин чала-бучук уккан сөздөрүн шамалга учуруп таратпоосун суранат элем.
Кылмышка шектелип кармалгандар жашы жете элек өспүрүмдөр болгондуктан жана окуя тууралуу айтып бергендердин суранычы менен каармандардын аты-жөнү берилген жок. Талас ОИИБинин маалымат кызматынан "Бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (ден соолукка атайылап залал келтирүү, эгерде анын кесепети адам өлүмүнө алып келсе) боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип кармалган 9 баланын экөөсү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, калганы үй камагына чыгарылган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат",- деп билдиришти. Он гүлүнүн бири ачыла элек жатып бир окуучу көз жумуп, жаш балдар бейбаштыктын курмандыгы болушту. Ушундай окуяга себепкер болуп, окуучуларын иштетүү үчүн чакырган мугалими өз күнөөсүн сезип жатат болду бекен?

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(47)
13.06.2016. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мугалимдин туздон туз тиешеси бар бул жерде!Окуучулардын кучун оз кызыкчылыгына пайдаланганга кандай акысы бар эле?Эгер мугалим оз ордун билгенде балким бул кырсык дагы болбойт беле деген ой кетет.Сураныч,окуучуларга колунардан келген билиминерди гана бергилечи!Талаа иштерине озунордун балдарынарды иштеткиле.
20.06.2016. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
barakcha,Эн туура соз,мугалим балдарга билим бериш керек
13.06.2016. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Mugalimde emne kunoo? Biz dele okup jurgon mezgilde jardam beret elek,ech kim ech nerse bolgon emes.
13.06.2016. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кичинекей балдар деп,жоопкерчиликке тартпай коюш керекпи?андай болбойт,колу менен кылганды,башы менен жооп беришет.Ким экенин аныктап камашсын,кооп кеткен балдар го,коркутуп,уркуткондоруно караганда.Ал баланын артынан канча деген адамдар сыздап калды,ким кайтарып берет ал баланы?эчким.
13.06.2016. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мейли мугалимди куноологуло,мугалим иши буткондо уйуно жонотуптур. А ата эне баласын козомолдобойбу. Кечинде малын келбесе малды деле издейсинго. Бул жерде ата-эне куноолуу. Бироонун уйундо отурган баласын чакырып чыгып эле тоолоп олтуруп олтурса. Балдар жаш дейт. Ушундай эрке талтан жаштардан чыгатда. Окунучтуу...
13.06.2016. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кокустук кудайым сактасын,мугалим куноолуу эмес жардам сурабтыр биз деле убагында жардам берип ойноп жыргап келчубуз ажалда каяктан келгенин билбейбиз биз пенделер ата энесине сабыр тилейм мектептерге психология сабагын киргизсе жакшы болмок
13.06.2016. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kim olturso da kotorup çaap jaw ekenine karabastan jazasyn alsyn,myndai baldar çonoiso kaida barywat dagy embe kylywat kim bilet...kongon adat kalaby dep mynda baikabai olturup alsa kiinkisinde çyndap olturo bawtasa ne bolot,.......jawooo korkunuç boldugoo
13.06.2016. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Балдардын тушунбостугу болгон экенда болбосо баары жакшы болмок
13.06.2016. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
мугалимде эмне куноо.? биз да мугалимдин уйуно жардам бергенбиз эч нерсе болбой эле. . бала уйуно келиптирго.? жаткан жери жайлуу болсун жакшы адамды Аллах тез алат дейт го.туугандарына сабыр каалайм..
13.06.2016. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаткан жери жайлуу топурагы торко Ыйманы саламат болсун, кырчындай омур кыйылды бул нерсени эчкимдин башына салбасын, жаштык болду да жаш балдар экен эми сот адилетуу чечсин эч кимин нараазы кылбай,,,Козу откон баланын туугандарына сабыр тилейм сабыр дуу болгула бул да болсо тагдырдын жазганы..!!
13.06.2016. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кунолуу бала жазасын алсын!!! Турмодо омур бою чирисин, кантип жашабай атып коро албай бирооду, уруп тээп олтуруп...
14.06.2016. 07:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мугалим куноолу эмес дегендер, ошо мугалими озунун жеке ишине чакырбаганда балким бул каргашалуу иш болбой калат беле. Мугалим куноолу болбосо да, мугалиминин туздон-туз тиешеси бар. Кокустук болгон дейсинер, ошо кокустуктан да сактаныш керек эле, уруп тээп таштабай. Акмактар, жок жерден бир баланын омуру кыйылып отурат. Ата-энесине сабыр берсин. Баланын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Аллах бейишинен жай берсин!
14.06.2016. 07:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кеп картошкада деле эмес,мугалим чакырбаган кундо деле алар ошондой дагы бир жаман нерсе жасашмак.Бирок мугалимдин да акысы жок иштеткенге.Негизи эми ушундай коом туптоп алган жалпыбызда куноо бар.
14.06.2016. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мугалим жардамга чакырган экен. Анан тиги балдар уйунон алган тарбиясы ушундай экен да. Силерда отуп кеткен баланын туугандарынын ордуна озунорду коюп коргуло. Озу туну бироонун уйуно барып бироону чакырмай адепсиздик.
14.06.2016. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мугалимдин бул жерде куноосу жок деп ойлойм себеби ал иш буткондон кийин болуп жатпайбы. Коз ачып жумгуча болуп кеткенго бул нерселер балдардын оюна да келбеген болуш к.к. андыктан эртенки кунубуз эмне болушун билбейбиз Аллах куноолуулорго оз жазасын берет.
14.06.2016. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин оюм, бул жерде мугалимдин күнөөсү жок. Мугалим бул - айылдашы,тууганы, таанышы, акеси ( байкеси), жардам сурап чакырганга толук акысы бар. Эгер ошол жерде иштеп жатканда, бул каргашалуу окуя болгондо, анда мугалим күнөөлү болмок. Мисалы: Окуучусу деле мугалимин бир ишке жардам берип коюң деп чакырса болот.Мугалим келип жардам берип, кеч үйүндө бир кырсык болуп кетсе, окуучуну күнөөлөбөйбүз да?! Эгер күнөөлүнө издесеңер, анда күнөө бул жерде толугу менен көтөрүп чапкан жана тепкен балада,ал
Bektash түзөттү 2016-06-14 14:09:28
14.06.2016. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ачууга алдырбагыла маркумдун тагдырына ушундай жазылса керек бул да ата энеге болгон сыноо башкаларга сабак
14.06.2016. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ajibaeva2016,негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга, далили жок жалаа жабууга, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган. Оозеки эскертүү!
14.06.2016. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура болду.
14.06.2016. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр ушундай заман болуп жатса,кийин биздин балдарыбызга кандай заман болот экен ...?
14.06.2016. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Да
15.06.2016. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
буга чейин кантип айдачу болду экен картошкасын
15.06.2016. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мугалимдер окуучуларды жумшаганга укугу жок картошкадан чыккан чыр болуп жатпайбы.
15.06.2016. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ким билсин балким өзүнөн чондор касяк деп моода кылып алганго дедавшинасын корсотуп таалу жерине уруп койгондур
15.06.2016. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биз деле убагында жардам берчубуз эжей агайларыбызга.
15.06.2016. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бир тараптан алып карасан Мугалимде куноо бар аларды иштетбеш керек эле))) Бирок биз деле иштеп жардам берчуу элек кееде адан эчким эчнерсе болбойт сооп эле болот))) Ойумча ошо сен иштеп жагындын биз иштебей жаман корундук деген балдарда куноо бардай, Баланын жаткан жери жайлуу болсун, Аллахым бейишинен оорун береер ин ша аллах
16.06.2016. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу болсун!кудайым деле ыйман берсе экен,эмне эле болуп баратышат
16.06.2016. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Агайга бизди саттынар деп уруп жатпайбы.Мугалимдин эч кандай укугу жок суранып дагы зордоп дагы иштеткенге.Негизи тарбиянын жоктугунан ушундай муундар бугунку кундо аябай кобойуп кетти.Ата-эне дагы мугалим дагы тарбия бербей калды.Мындай кете берсек жакынкы эле жылдары кримналдуу олко болуп калышыбызга шек жок.Олкодо тартип жок болгондон кийин баардык жерде тартип болбойт.Бул дагы болсо пейилибиз бузулган озубуздо куноо.
16.06.2016. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Быйыл жаш балдардын олуму коп болуп жатат, буну токтошуш керек, менин азыр жаман ичим ачышып атат эрте кеткен жаштарга, кудай озу берип озу алат дейтко, мугалимди сындаганынар менен бала кайтып келбейт андан коро келгиле куран окуп коебуз, жайы жанаттан болсун, уй булосуно тынчтык амандык калаймын...
16.06.2016. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көбүп кеткен да бул балдар, жазага тартыш керек. ким билет кийин кандай адам болот.
18.06.2016. 08:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жаман болуптур. Тагдыр ушундай экен
18.06.2016. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сабак учурунда мушташса мугалим куноолу болмок,ажал айттырып келбейт
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо