Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КЫРГЫЗСТАНДА ПОРНОГРАФИЯ КАМТЫЛГАН ТАСМАЛАРГА ТЫЮУ САЛЫНАБЫ?

№711 17-июнь-23-июнь, 2016-ж

«Кинематографияны мамлекеттик колдоо жөнүндө» мыйзам бар. Мыйзамда жазылган порнографияга, улут аралык жик салууга жана зордук-зомбулукка үгүттөө мазмуну бар тасмаларга Кыргызстанда тыюу салынат деген беренеси буга чейин иштебей келген. Бул беренени иштетүү үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлиги комиссия түзүп, жобосун иштеп чыкты. Бул тууралуу киночулардын оюн уктук.

Муктаалы Бектеналиев, Кино департаментинин жетекчиси: «МЫЙЗАМ ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ЭРКИНДИКТИ ЧЕКТЕБЕЙТ»
– 2001-жылы Жогорку Кеңеште «Кинематографияны мамлекеттик колдоо жөнүндө» мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзамдын аркасы менен киностудияларыбызды, кинотеатрларыбызды сактап калдык. Мыйзамда жазылган порнографияга, улут аралык жик салууга жана зордук-зомбулукка үгүттөө мазмуну бар тасмаларга Кыргызстанда тыюу салынат деген беренеси иштебей келген. Сөз кылып жаткан берененин иштей турган механизмдери да жазылбагандыктан өткөн жылы ал беренеге өзгөртүү киргизип, мыйзам долбоорун өткөрүп алдык. Быйыл комиссия түзүп, жобосун иштеп жатабыз. Комиссияга Ички иштер, Саламаттыкты сактоо, Билим берүү, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен, муфтияттын өкүлдөрүнөн адистер кирип, иш алып бармакчы. Биз бул мыйзам менен чыгармачылык эркиндикти чектейли деген жокпуз. Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн порнографиялык жана башка терс багыттагы маалыматтарды алуусунун алдын алалы деп жатабыз.

Темир Бирназаров, режиссёр: «ЭРОТИКА МЕНЕН ПОРНОГРАФИЯНЫ АЖЫРАТЫШЫБЫЗ КЕРЕК»
– Бул мыйзамды коом талап кылып жаткандан кийин киргизиш керек деп ойлойм. Биздин коом моралдык, нравалык жактан оорулуу. Коомго диагноз койгон – бул режиссёр менен журналисттер. Биз эротика менен порнографияны ажыратып алышыбыз керек. Эротика сулуулукту чагылдырат десек болот. Ал эми порнография – бул сулуулук эмес, натурализм. Порнографиялык тасмалар бизде жок. Бирок чет элден келген мындай жанрдагы тасмаларды чектешибиз керек. Ошондуктан бул мыйзамдын кабыл алынышын колдойм.

Садык Шер-Нияз, режиссёр: «КЫРГЫЗСТАНДА ПОРНОГРАФИЯЛЫК ЫКМА МЕНЕН ТАРТЫЛГАН ФИЛЬМ ЖОК»
– Бизде «Кинематографияны мамлекеттик колдоо жөнүндө» мыйзам мурунтадан бери бар. Анда кинотасмаларда порнографияга, улут аралык козутууга, расалык козутууга үндөгөн чыгармаларды чектеген берене бар. Ал беренеге толуктоо эле киргизип жатса керек. Бул анчалык чоң жаңылык эмес. Кыргызстанда порнографиялык ыкма менен тартылган фильм жок. Ал эми жылаңач аял тартылган кадрлар бар. Мисалы, Мелис Убукеевдин, Андрей Кончаловскийдин тасмаларында. Андайды көрсөтпөш керек дегенден алысмын. Анда сүрөткерлердин ой-толгоосуна, чыгармачылыгына чек коюп коюшубуз мүмкүн. Батыштын айрым сүрөткерлери эротика аркылуу өзүнүн оюн айтып, бир нерсени ачып берип жатат. Аларды да токтотобуз десек Микеланджелонун сүрөттөрүн жыртышыбыз керекпи? «Курманжан датка» тасмасында Курманжанды жуунткан жери бар. Ал аркылуу кыргыздын салтын көрсөттүк. Кыргыздар кызын турмушка узатарда кой кайтарып жүргөн жеринен узаткан эмес да.

Эрнест Абдыжапаров, режиссёр: «МЫНДАЙ ТЫЮУ САЛУУ БИЗДИН РЕЖИССЁРЛОРГО ТЕРС ТААСИРИН ТИЙГИЗБЕЙТ»
– Мындай тыюу салуу кыргыз тасма жаратуучуларына терс таасирин деле тийгизбейт. Анткени биздин режиссёрлор порнографиялык кадрлары бар тасмаларды көрүүчүлөргө сунушташпайт. Өткөн жылы "Грей мырзанын элүү кыры" тасмасы көрсөтүлгөн. Бул ачыктан-ачык кыргыз элинин моралдык каада-салтын, менталитетин бузган кино болгондугуна карабай көрсөтүүнү токтотууга биздикилердин алы жетпей койду. Андыктан кыргыз жергесинде көрсөтүлүп жаткан чет элдик тасмаларга бөгөт коюу максатында ушундай демилге көтөрүлүп жатат. Тасма аркылуу элди, коомду тарбиялоого, жакшы же жаман жакка өзгөртүүгө болот. Андыктан мен бул демилгени колдойм.

Бул маселе тууралуу дүйнөлүк тасмаларды көрсөткөн Синематика кинотеатрлар тармагынын өкүлүнө кайрылганыбызда, ал: "Биздин кинотеатрларыбызда порнография камтылган тасмалар көрсөтүлбөйт",- деген жооп узатты.

Комиссия тасмалардагы
эротика менен порнографияны так аныктап, кыргыздын каада-наркына каршы келген тасмаларга бөгөт коёт деп ишене туралы. Бирок чылпагын алам деп көзүн чукуп алгандай болбосо эле болду.

Мелис Убукеевдин "Манас ааламы" тасмасы.

Сэм Тейлор-Жонсондун "Грей мырзанын 50 кыры" тасмасы ("Пятьдесят оттенков серого").

Андрей Кончаловскийдин "Биринчи мугалим" тасмасы.

Султан Төрөбеков
koom@super.kg


“Эротика - бул сулуулук” дейт режиссёр Темир Бирназаров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(20)
Медиа-портал
18.06.2016. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Порнографияны жок кылуусу жакшы, бирок эротиканы жок кылуу мумкун эмес, ал кандай гана искусство болбосун курамында жашап келет!
Медиа-портал
18.06.2016. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
атактуу индия озбек кинолордо тегеле порно эротикасы жок эле кинолор тартылып келет бизде эми кинолор тартылып келатат сразуле ушуларды кошо салышат
SUPER.KG видео
19.06.2016. 05:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коом оорулуу эмес, людей по себе не судите!!!
SUPER.KG видео
19.06.2016. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен каршы эмесмин.эротика десе бир жолу жыналачтанып корсотуго болбойт
SUPER.KG видео
20.06.2016. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жума Намазга каршы болбой ушундай кыргызга жат корунушторду койгойлорду тыйса болмок Жанар Акаев.
20.06.2016. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жок кылыш керек уят аралашкан тасмаларды.
20.06.2016. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
уй-булон менен отуруп кыргыз кино коро албай калабыз кээде, ошондой жерлерин койбой тушундурсо деле болот, режиссердун фантазиясы жетпей ошону кошо салып жатат
20.06.2016. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Порнографияны эле эмес деги эле жон эле жыланачтанып чыгарууга да тыйуу салыш керек.Озбек индия кинолорунда ансыз деле кинону коруп тушунууго болот.Аялдарды жыланачтап данктабай эле ыймандуу, намысын сатпаган, тарбиясын жогору кылып тартылган тасмалар кобойсо болмок.Элдердин интеллектин которгон тасмалар жетишпегендей сезилет
21.06.2016. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
режиссерлордун создоруно кошулам!
21.06.2016. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тыйылуусуна мен да кошулам. Булон менен отуруп коро албай калдык кийинки чыккан тасмаларды. Мисалы: 20дагы чал кемпир киносунда беле. Бир эпизоддон экинчиге отоордо кафеге кирип бараткан кыздын жамб...н ээрчип корсотот. Ушул да болобу. Башка кай бир тасмаларды айтпай эле коеюн. Кинолор такыр башка нукку бурулуп баратат батышты туурап. Жакшылыкка ундой турган тасма тартуу керек да.
21.06.2016. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мурда эле ушинтишсе болмок мисалы "ээнсиреген уй" тасмасында уятту жерин тартпай эле коюшса болмок
21.06.2016. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эротика камтылган десенер туурараак болот,себеби порнография бул озуно ачык,даана,толук кошулууну камтыйт.Бул Батыштын маданияты бизге мусулмандарга туура келбейт.
22.06.2016. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Педофилдер ушундай кинолорду коргондон кийин пайда болот...ким бузукулукту жайса озуно кайтсын...балдары кыздары педофилдерге жем болсун....
22.06.2016. 03:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким колдосо ХХХ ХХХ... биздин балдарыбызга кыздарыбызга тийбесин кесепети...
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-06-22 09:32:43
22.06.2016. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jaloshtalnarisbatchui,этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. Эскертүү!
22.06.2016. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыздын кинолорунда андай деле эротика жок ко.
23.06.2016. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Paul, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-06-23 09:18:16
25.06.2016. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ЭРОТИКА, ПОРНОГРАФИЯ КЫРГЫЗ ТАСМАСЫНА КЕРЕГИ ЖОК! Биздин эзелки салт тарбиялап, тазалыкты сактап келишкен, киносу жок эле! Нормально ата-эне менен чай ичип кино коро албай калдык го! Ыйман деген, сый деген уй-було ичинде болот, тасманын эротика порно аралашып кеткенинен ата-эне менен бала-чаканы ынгайсыз абалда калтырат!!!
10.01.2017. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Интернет ресурстарын да көзөмөлгө алуу керек, порно сайттарды блокировкалап. Акыркы күндөрү көп болуп жаткан педофилия, жашы жете элек кыздардын төрөгөнү азаймак.Көп ата-эне балдарын ар кимдин көзөмөлүнө калтырып, балдарыбыз интернетте эмне менен алек болуп жатканын билбей да калышууда.ММК менен коомчулук бирге уяттуу нерселерден балдарыбызды коргобосок Америкадан да ашмалтайыбыз чыгат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо