№711 17-июнь-23-июнь, 2016-ж
Кол чатыр айрым божомолдор боюнча байыркы Египетте жана Кытайда биздин заманга чейинки 10-11-кылымдарда пайда болгон. Адегенде кол чатырды ак сөөктөр гана колдонушчу. Жөнөкөй кара таманга кол чатыр көтөрүп жүрүүгө тыюу салынган. Ак сөөктөр үчүн кол чатырды жанындагы кулдары көтөрчү. Бул буюм ал кезде бийликтин, ак сөөктүктүн символу болчу.
Бүгүн кыргыз бийлигиндеги айрым жетекчилер ошол байыркы кылымдарда жашап жаткандай элес калтырышат. Себеби алар кол чатырды ошол кылымдардагы ак сөөктөрдөй колдонгонду билишет. Башкысы, бийик даражаңды түшүрбөш үчүн кол чатырды өзүң кармабашың керек. Кармачу кишилер табылат, жардамчылар, жан сакчылар же жөн эле кошоматчылар...
"БИЙИК ДЕҢГЭЭЛИН" КӨЛӨКӨДӨ КӨРСӨТКӨН КАМИЛА ТАЛИЕВА
Азыр борттон сыртта калган экс-вице премьер-министр, тарыхта "маданиятсыз маданият министри" деген атка конгон Камила Талиева жардамчысына кол чатырды карматып коюп, анын көлөкөсүндө өзүнүн "бийик деңгээлин" көрсөткөн. Коомчулук тарабынан Камила айымдын бул кылыгы "обу жоктук" деп далай жолу сынга алынган.

БИШКЕК ПРОКУРОРУ "ЗОНТИК" АТКА КОНДУ
Ушул жылдын май айында Чүй облусунун 90 жылдыгын белгилөөдө мааракеге чогулган көпчүлүк Бишкек шаарынын прокурору Нурлан Сулайманкуловдун кылыгына же күлөрүн, же күйөрүн билбей турду. Журналист Турат Бектенов кимдир бирөөгө кол чатыр көтөртүп алган Бишкек прокурорун сүрөткө тартып, Фейсбукка жүктөдү. Ар түркүн сын-пикир жаады. "Кол чатырын көтөрө албаган элдин жүгүн көтөрө алмак беле?!" деп сындады жаш акын Бердибек Жамгырчиев. Прокурор мырза ак да, көк да дей албады. Көпчүлүк аны "зонтик" атап алды

ПРОКУРОРДОН ГУБЕРНАТОР КЕМ БЕКЕН?
Бишкек прокурорунун кылыгынан аз өтпөй дагы бир иш-чарада өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашевдин жардамчысы өзгөчө камкордук менен кармап турган кол чатырдын алдында отурган сүрөтү интернетке тарады. Интернет колдонуучулары Сарыбашев мырзага ачуу сөздөрдү жаадырып өтүштү. Саясатчы, экс-депутат Равшан Жээнбеков жарыяланган сүрөттүн алдына: "Кезектеги "мырк!" деп жазып койду. Ал эми Сарыбашев: "Вице-премьер Гүлнара Каримовнага телефон чалып калышып, ал тура баштаганда кол чатырымды кармата салгам. Жардамчым качан кол чатырды жая салганын билбейм",- деп актанууга жетишти.

МЭР ТЕКТҮҮ БОЛГОН ҮЧҮН КОЛ ЧАТЫРЫН ӨЗҮ КАРМАБАЙБЫ?

Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
13
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Бр комментарий жазайын. Бул жерге жазсам бан деп жатып каласыңар.