30 ЖАШТАГЫ АЯЛ 5 ЖАШТАГЫ БАЛАНЫ УУРДАП, ОРООСУНА ЫРГЫТЫП ЖИБЕРГЕН

№711 17-июнь-23-июнь, 2016-ж

Нарын шаарында 30 жаштагы аял 5 жашар баланы уурдап кетип, оозун, колу-бутун таңып ороосуна катып койгон деп шектелүүдө. Төбө чачты тик тургузган бул окуяга эмне себеп болгондугун билүүгө аракеттендик.

"БАЛАНЫН ООЗУНА ЧҮПҮРӨК ТЫГЫП, ОРООГО КАТЫП КОЙГОН"

 Бул окуя тууралуу Нарын ОИИБинин тергөөчүсү Тилек Токтакунов төмөнкүдөй маалымат берди:

– 2016-жылдын 3-июнь күнү Нарын ШИИБине 1955-жылы туулган Нарын шаарынын тургуну кайрылып, анын 2011-жылы туулган небересин короодо ойноп жаткан маалда белгисиз аял уурдап кеткендигин маалымдаган. Бул маалымат боюнча иликтөө иштери жүрүп, жыйынтыгында кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Койсун Темирова аттуу Нарын шаарынын тургуну кармалган. Ал баланы алдоо жолу менен уурдап барып, колу-бутун байлап, оозуна чүпүрөк тыгып, скотч менен таңып өз үйүнүн ороосуна катып койгон экен. Бул кылмыш иши боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Күбөлөр да көрсөтмө беришти. Учурда Койсун Темированын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 123-беренеси (адам уурдоо) жана 125-беренеси (мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Кылмышка шектүү мурда соттолгон эмес, 2 кызын жалгыз бой тарбиялап жүрчү экен. Кылмышка шектүү "Баланын таятасы экөөбүз көптөн бери жакшы мамиледе болчубуз. Мурун ал менин кызымды уурдап кеткен эле. Ал кишиден өч алуу максатында ушул ишке бардым" деп көрсөтмө берип жатат. Ал эми баланын таятасы "эч кандай мамилебиз жок, жумушка орноштурам дегем" деп көрсөтмө берүүдө. Алардын айткандары да иликтелмекчи.

"НЕБЕРЕМДИ УУРДАГАН АЯЛ КҮЙӨӨМӨ ЖАЛАА ЖААП ЖҮРЧҮ"

Андан соң уурдалган баланын таенеси Калича Асанбекова менен байланышып, окуя тууралуу уктук:

– Уурдалган баланын аты Алмаз, кызымдын уулу. Ал төрөлгөндө кызым күйөөсү менен ажырашып кеткен. Кызым 2-топтогу майып болгондуктан неберем менен биздин карамагыбызда. Окуя болгон күнү дагы бир неберем Алмазды кечки саат 5терде бала бакчадан алып келген. Баарыбыз чогуу отуруп чай ичкен соң эшикке ойногону чыгышкан. Мен кечки тамак жасамакчы болуп үйдө калгам.
Бир маалда Алмазды карап коёюн деп сыртка чыктым. Себеби биздин үй жакта чоң канал бар, ошол жакка балдар түшүп кетпесин деп сактанып турабыз. Чыксам Алмаз көрүнбөйт. Жаман оюмда каналга түшүп кеттиби деп топурап издеп калдык. Аңгыча эле кошунамдын аялы "Алмазды бир аял жетелеп кетти" деп уулум айтты" деп чуркап келди. Көрсө, үйдүн жанында ойноп жатышса, бир аял келип кошунабыздын баласын чакырып, "тээтиги баланы чакырып берчи, эжесине алып барам" деп Алмазды көрсөтүптүр. Ал бала неберемди ага алпарса, "жүрөгой, сага чупа-чупс алып берем" деп дүкөндү көздөй ээрчитип кетиптир. Өкүл баламдын машинасын айдатып, "кайсы аял экенин көрсөтчү" деп кошунамдын баласын жаныбызга салып алып көчөлөрдү кыдырып издеп баштадык. Таппай, милиция бөлүмүнө жөнөдүк. Барсак күйөөм ошол жакта экен. Ал да кошунанын Мирбек деген баласын ээрчитип өзүнчө издеп кеткен эле. Койсун аттуу бир аялдан шекшип үйүнө барышса, ал аял эшикке чыкпай коюптур. Анан Мирбек дарбазадан ашып түшүп баратса, тиги аял дарбазаны ачып жибериптир. "Алмазды сиз ээрчитип кеткен турбайсызбы?" десе, "жок, мен бүгүн кечке үйдөн чыккан жокмун" дептир. Үйүн карашса неберем көрүнбөйт. Күйөөм "сен ушул жерде туруп тур, мен милиция кызматкерлерин ээрчитип келейин" деп Мирбекти ал жерге таштап келе бериптир.
Милиция кызматкерлерин ээрчитип ал аялдын үйүнө барсак, Мирбек аялдын кошуналары менен неберемди анын ороосунан табышыптыр. Көрсө, тиги аял баланын оозуна чүпүрөк тыгып, сыртынан скотч менен таңып, колун жоолук менен, бутун пресс жип менен байлап ороосуна ыргытып жибериптир. Ал келесоо кинолорду көрүп алып ушундай жол менен акча талап кылам деп ойлогон окшойт. Бала дем ала албай өлүп калса эмне болот эле? Тиги аял биз баргыча качып кетиптир, 8-июнь күнү кармалды. Неберемди ыргытканда башы менен жерге катуу тийген экен, азыр башынан гематома алып ооруканада дарыланууда. Анын тагдыры эмне болот деп санаа чегип азыр жинди болгону калдым (көзүнө жаш алып).
Ал аял буга чейин 8 күйөөгө тийип чыгыптыр. Анан ар кимди "зордуктадың" деп жалаа жаап коркутуп, акча алып жүрүп жаман көнгөн экен. Менин абышкама да "зордуктадың" деген жалаа жаап, "Мага акча бербесең аялыңа айтам, куда-сөөгүңө уят кылам, милицияга арызданам" деп ар кайсыны айтып күйөөмдү коркутуп, акча талап кылып жүрчү. Күйөөм акча бербей койсо былтыр келип эшиктин алдындагы боз үйүбүздү, 7 бөлмөлүү үйүбүздү өрттөп кеткен. Ал боюнча милиция кызматкерлерине арыз жазгам. Анан ал аялдын эжелери келишип күйөөмдөн кечирим сурашып, менин катышуумсуз эле аны алпарып тосмо арыз жаздырып алышыптыр. Мен эми кайрадан ошол ишти ачтырайын деп жатам.
Койсундун эжелери азыр да "Кечирип коюңуз, каматып жибергенде эмне пайда чыгат? Биз өзүбүз тарбиялап алабыз" деп жатышат. Гүлмира аттуу эжесинин айтымында, Койсундун 2 кызы бар экен. Улуу кызы Алмазды алып барып оозун таңып жатканда "апа, оозун байлабаңызчы, өлүп калат" деп ыйласа да аны укпай коюптур. Мен аны кечирбейм, мындай мыкаачы аялдын коомго кереги жок. Башкаларга да зыяны тийишин каалабайм.

"ПОЛДУН АЛДЫНАН КЫҢШЫЛАГАН ҮН ЧЫГЫП, БАЛАНЫ ТААП АЛДЫК"

Бул окуяга күбө болгон Мирбек окуя тууралуу тергөөдө буларды айтып берген:

– Алмазды издеп таятасы Абакир байке экөөбүз тиги аялдын үйүнө барып таппай койдук. Ал мени ошол жерге таштап, өзү милиция кызматкерлерин ээрчитип келүү үчүн кеткен. Мен эшигинин алдында турсам, ал аял 2 кызын эшикке чыгарып коюп, өзү кайра үйүнө кирип кетти. Анан үйдүн ичинен "үнүңдү чыгарба, болбосо өлтүрөм!" деп эле кыйкырып жатканынан шарт эле эшигин ачып үйүнө кирип бардым. Кирсем үйдүн ичинде аялдан башка эч ким жок. "Алмаз!" деп 2-3 жолу кыйкырсам аял мени эшикке түртүп чыгарып, "мени уруп жатат, жардамга!" деп кыйкыра баштады. Аны угуп, жакын жерде кетип бараткан 2 киши чуркап келиптир. Аларга "муну эмнеге урмак элем, биз бала жоготтук, ошону издеп жүрөбүз" деп түшүндүрүп, кайра үйгө кирип баланы издей баштадык. "Алмаз!" деп кыйкырсам полдун алдынан кыңшылаган үн чыкканынан ороосун ачып карасак бала ошол жакта экен.

Кылмышка шектүү бул кадамга өч алуу максатында барганын айтууда.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(50)
20.06.2016. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Аялына айтпай эле эчак баланы издеп жургон чон атасында иштин баары жатат го ошо.
21.06.2016. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Kalemkash, Туура айтасын таятасында кептин баары (кызынын баласы болуп жатпайбы) Койсун деген келин менен соо эмес да. Андан алыс эле журсо уйун орттомок беле. Демек ортосунда мамиле бар. Бир нерсе деп алдап жургон да бул келинди. Азыр коп эркектер бузулуп кеткен. Оздорунун чырактай балдары жана жубайынан дагы кочодогу бузук аялдарды артык коруп чуркашат. Таятасынын азабын небереси тартыптыр тообоо. Эркек жаман журсо балдары же неберелеринен чыгат. Аялдыкы озунон чыгат.Тообоо кылыш керек.
23.06.2016. 05:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bereke10,8 жолу эрге тийип чыккан болсо, куру доомат коюп жатышы да мүмкүн .
24.06.2016. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bereke10, аябай карап тургансып келиштирип жазыпсын го,
20.06.2016. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кептин баары чон атасы тарапта го
20.06.2016. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Shpionka,ХХХ ХХХ Чон атасында кеги болсо жаш балада эмне куноо?
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-06-20 12:06:28
20.06.2016. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ulan_eshbaev87, этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. Оозеки эскертүү!
20.06.2016. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ой тообо
20.06.2016. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Аял эмеси эле ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2016-06-24 10:29:27
20.06.2016. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Jaigz,этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. Оозеки эскртүү!
20.06.2016. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Козун бекер бекитипсинер бул аялды коргондо сак болот элек таанып алсак
21.06.2016. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
89elnura89,туура айтасын. эмнеге кылмыш кылган адамдын жузун бекитишет , телевизор до деле ошо артын карап коргозмо беришет . эмне пайда ? ептеп еле ишти жабыш учун бироону суйлотуп койду деген ойго келесинда . эми бул аялдын козун емнеге бекитишти ойлонуп оюма жетпедим
20.06.2016. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата затына жарашкан аял Койсун)))
20.06.2016. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Астагфуриллах!!!Кудай өзү сактасын,баарыбызда бала бар дегендей.Бирок таятасы бир билгени бар го дейм,таэнесине айтпай тихаря издеп жүргөнүнө караганда...Кандай күн болгондо да жаш балага мынча кордук көргөзгөн таш боор жазасын алсын,эжелери да кызык экен "өзүбүз тарбиялап алабыз" деп 30га чыккан немесин,кеч болбодубу эми тарбияга.Бала эртерээк айыгып кетсин байкуш десе!
20.06.2016. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым озун сакта
20.06.2016. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Койсун ХХХ ХХХ (сиз дегим келбей турат). Оч алгын келсе ошо чалдан оч ал, балада не куноо. ''Аял-ыйык, улук, мээримду жана куйумдуу'' дененге татыктуу болбойсунбу!? Кооп нерсе жазайын дейм, банга кочкум келбей жатат.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-06-20 16:11:01
20.06.2016. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tahmina.Musaeva,этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. Оозеки эскертүү!
20.06.2016. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сегиз куйоого тийген аял, демек такымын жеген неме да. Бала Аман-эсен сакайып кетсин. Кудай ушундайлардан сактасын!
20.06.2016. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иий ыргытып койгонун 2 кызын кантип багып журду болду экен буга чейин аларды деле ушинтип жестока жазалачу болсо керек да тияка бияка ыргытып
20.06.2016. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактаа,балдарыбыз эшиктин алдында да Эркин ойной албаса кандай жашоо болот.
20.06.2016. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чоң атасы эмес таятасы
20.06.2016. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаш балада эмне куноо(( акыды пас экен
20.06.2016. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таятасында деле барго бир нерсе, калп эле актанып журот да. Эки жакты тен караш керек, балким ошого жеткиргендир, азыркы коомубуздагы адамдар эки жуздуу биякта турсун 10 жуздуу болуп кетпедикби...
20.06.2016. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба тооба кудайым озун сакта.
21.06.2016. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таятасы жубайына айтпай туз эле ошол келиндикине барганына караганда билген да.Анан небереси ал жерде экенин билгенден кийин, аны уйдон жакшылап издеп табыштын оордуна калп эле милицияга барып. Сар-санаа болбодубукен неберемди майып кылып койбосун деп. Кээ бир эркектерге тан каласын да канча коп эркектен калса ошол аялга чакычтай жабышып, таза,жакшы жургон аялдардарын таштап.8 эрге тийсе аябай отумдуу неме экен да тиги келин. Алмаз ылайым жакшы болуп кетсин
21.06.2016. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
100% пайыз 20 жылга камаш керек, коомго коркунуч келтирет.
21.06.2016. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ХХХ ХХХ коомго тийгизген таасири жана 2 кызына берген тарбиясы ушундай улана берет.Ал оз жазасын алсын.Эжелери ушуга чейин тарбиялай алышпаган ээми кыйратышмак беле.Жап жаш болуп ушул кадамга барса даагы копту кылат бул аял.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-06-21 16:25:09
21.06.2016. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mekush87,этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. Оозеки эскертүү!
21.06.2016. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нарындын кайсыл аймагында болгон бул окуя?
21.06.2016. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жоголгон баланын таятасы мнеге 7 комнаталуу уйун орттогондо тосмо арыз жазат.Ошондо эле учетко алыш керек эле бул ХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-06-21 17:06:01
21.06.2016. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kuti,этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. Оозеки эскертүү!
21.06.2016. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошо таятасында иш бар да ошон учун тосмо арыз жазган да
22.06.2016. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ кинолорду коп коротку
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-06-22 09:35:45
22.06.2016. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bishkek, этика нормаларын сактоону сунушайбыз. Оозеки эскертүү!
22.06.2016. 07:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланын тируу калганына Кудайга рахмат!!! Менин оюмча,аялды психика жагынан текшериш керек.
22.06.2016. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тоова дегенден башка соз келбей калды оозума.Мен энелик бакытты толугу менен сезелек болсом дагы,кайсыл жерде болбоюн,козумо корунгон ар бир жаш балага садагалап,жалынып отуп кетем ичимден.Кантип эки кыздын энеси болуп туруп,ушундай ишке дити барды экен.Кызынын апа байлабай эле койчу деп ыйлаганын элестетип,мен да жашып кеттим.Аллахка шугур бала тируу экен.Андан да каттуу ойлонто турган маселе эки кызынын тарбиясы турат.Мындай энеден балдар кандай тарбия алышат?.Ошол жагы окунучтуу.
24.06.2016. 03:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ороосуна дегенди кандай тушунсо болот?
24.06.2016. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aidai05,
яма. яма казып коет го терэээн кылып ошону тушуном мен
25.06.2016. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
damir007,
Уйунун ичиндегилер полно жашырып коюбтур деп тугурлум мен
24.06.2016. 04:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге эркектер туура эмес жолго тушот деп жатпайсыздарбы бул болсо Алланын жанылыш жолдо жургон эркектер учун берген жазасы ак никелуу жубайынан канааттана албай ар кимдин алдында калган сойкулардан канааттандырат а бул болсо ото коркунучтуу маселе. Жубайын жаман болгону учун сен башка бироого барып жаткан жоксун бул сага келген Алланын жазасы
24.06.2016. 06:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ии кудай... эмне эле болуп баратат адамдар! Таятасы менен тиги айбандын ортосунда серьёзный бир нерсе болбосо да анча мынча нерсеси бар деп ойлойм... болбосо эмнеге анчалык аларга жабышмак эле...
24.06.2016. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жараткан озу сактасын
24.06.2016. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен болсом ошол аялды милицияга бербей эле ошол жерде оозун танып бутун байлап озун ороого ыргытмакмын
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо