Базаркан Тажыбаева, Нурмат Садыровдун апасы:"УУЛУМ ӨЗ АЛДЫНЧА БОЛУУГА ЭРТЕ КӨНДҮ"

№711 17-июнь-23-июнь, 2016-ж

Нурмат Садыровдун апасы Базаркан айым уулунун өз алдынча ийгиликке жеткенине ар убак кубанарын айтып берди.

"НУРМАТ АДАМДЫН ИЧИ-КОЮНУНА КИРИП, БАТ ТИЛ ТАБЫШАТ"
– Нурмат үй-бүлөдө 5-уул. Кичинесинен эле ыр-бийге жакын болуп өстү. Магнитофондон уккан ырын дароо жаттап алчу. Өзүм башталгыч класстарга сабак берем, аны эркелебесин деп өзүм окутпай, башка мугалимге өткөрүп бердим. Башталгыч класста окуп жатканда сабагы бүтөрү менен мага келип сагыз, печенье алдыра берчү болду. Бул адатын калтырайын деп класс жетекчисине айтып койдум. Ал "Ким апасын кыйнап таттууларды алдырып жатат? Менин көзүмө карасаңар, ким экенин билип алайын" десе, Нурмат уялганынан башын жерден көтөрбөй коюптур. Ал окуядан кийин адатын таштады. Анын ырдаарын Алиппе майрамында билдим. Мага келип "апа, мен ырдайм" дегенде, "сен ырдай албайсың" деп көңүлдөнбөй койгом. Мектептин директору "ырдаса ырдай берсин" деди. Сахнага чыгып "апамды майрамы менен куттуктап, Асанкалый Керимбаевдин "Энекем" аттуу ырын аткарып берейин" деп аккордеон менен ырдап берген. Ошондон кийин мектепте кандай сынак болсо, Нурмат үзгүлтүксүз катышты. Бир ирет эч кимге айтпай район аралык сынакка катышып, 38 мектептен барган таланттардын ичинен 3-орунду алып келген.
Кичинесинде эле райондун борборуна өзү барып келе берчү. Бир күнү Айчүрөк Иманалиеванын сүрөтү менен кол тамгасын алып келди. "Кантип кол тамгасын алдың?" десем, "Өзү жазып берди. Райондун борборуна концертке барсам, "ким менин ырымды ырдай алат?" деди эле, чыгып ырдасам автограф берди" деп сүйүнүп келгени эсимде.
5-класста окуп жатканда "чоң атамдын үйүнө барам" деп кеткен. Ал жакка барбай эле Токтогулдан Бишкекке Сыймык Бейшекеевдин концертине кетип калыптыр. Барса ал "комуз менен ырдагандарды кабыл алам, үйрөнүп кел" дептир. Аны менен сүрөткө түшүп, сүрөтүн алып келген. Нурмат ийкемдүү, адамдын ичи-коюнуна кирип, бат тил табышып кетет.

"КОНЦЕРТИНДЕ ГҮЛ БЕРГЕНДЕ ЫЙЛАДЫМ"
– Башка балдарым эмгекчил. Нурмат болсо кара жумушка жок, жалкоо. Кичинесинде талаага чыкканда "башым ооруп жатат, жарма алып келейин" деп велосипед тепкен боюнча кетип калар эле. Балам үчүн ыр, бий, музыка баарынан жогору турчу. Уулумду мынчалык деңгээлге чыгат деп күткөн эмесмин. Тырышчаактыгы менен аз да болсо элге таанылды. Жакында берген концертинде аябай толкундандым. "Жаным, апа" деген ырын аткарып, гүл бергенде кубанганымдан ыйлап жибердим.

Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(11)
20.06.2016. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Энелер аман болсун!
20.06.2016. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Чынында Нурмат чыгармачылыкка аябай берилуу, жоопкерчилик менен карайт экен.
Новосибирскийге жылдыздар концерт коюп келгенде, Атабеков, мн Нурматтын костюмдары, оздорун алып жургондугу мн айырмаларышты.
Нурмат башкаларга окшоп кол чапкыла, анткиле-мынткиле деп бакырып жалдырабайт экен муну мен озун сыйлагандык деп билем. Азаматсын, ийгилик каалайм. Уй булобуз менен жактырып калдык ушу ырчыны.
20.06.2016. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырларынызды баалайм ,чыгармачыл ийгилик байкоо
20.06.2016. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
yr4ylardyn kobun ese jaw mezgilderi okwow kara jumuw kyla alvait, birok jakshy yrdait
20.06.2016. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мугалиминин козун карай албай койгону жакты да))))
20.06.2016. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу админ сураныч, Нурмат Садыров Казарманга концерт коёт деп билеттерин эл калтырбай алып алса ошол күнү келбей койду, эмнеге андай болгонун билип бериңиздерчи, аябай күткөн элек.
21.06.2016. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Siren90,саламатсызбы? Сунуш, суранычыӊыз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
20.06.2016. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурмат алга Талант айылда туулуп шаарда осот ыр жактан кулачын жайыла берсин..
21.06.2016. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул баланы анча билбейт экенмин бирок адамдын ичи койнуна кирип бат тил табышкан балдар аябай жагышат
21.06.2016. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Molodess jakshy yrdaisyn, seni ushu Arsendin kategoriyasyna koshso bolot, daiyrdykyna emes
23.06.2016. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мыкты ырчы.Мезгил мезгили менен жалан гана сапаттуу ырларды жаратат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо