№711 17-июнь-23-июнь, 2016-ж
15-июнь күнү ырчы, актриса Асеманын Инстаграм баракчасына жарым жылаңач кыздардын сүрөттөрү жарыяланган эле. Буга интернет колдонуучулар таң калып, ырчынын дарегине ар кандай билдирүүлөрдү жазып жатышты. Алардын бири "баракча бузулган, бул Асема эмес" десе, бири "мен Асемадан мындайды күткөн эмесмин" деген.
Бул тууралуу ырчы: "Мага "Башка эле сүрөт койбойсуңбу?! Уят да!.." деген билдирүүлөр келе баштады. Эч нерсени түшүнбөй калдым. Инстаграм баракчамда башка бирөөлөр менин атымдан сүрөттөрдү чыгарып жатышканын билип, баракчама кире албай койдум. Көрсө, кимдир бирөөлөр менин электрондук дарегим аркылуу баракчамдын сыр сөзүн алмаштырып, сүрөт жүктөшүптүр. Түнү бою аларды табууга, баракчамды кайтарууга аракет кылып жаттык. Учурда бул ишти белгисиз 4 адам жасаганы белгилүү болду. Шоу чөйрөдө баары менен эле жакшымын, баракчамды бузуу кимге керек болгонун билбейм. Алар мени жөн эле шылдың кылышты",- дейт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
-3
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |