№711 17-июнь-23-июнь, 2016-ж
"Ак илбирстин тукуму" кинотасмасында Кожожаш мергендин жубайы Зулайканын образын жараткан актриса Гүлнара Кадралиева мезгилсиз каза тапты. Бишкек ШИИББинин билдиргенине караганда, актриса 5-кабаттагы үйүнүн балконунан шейшептерди жылыткыч батарейкага байлап жерге түшүүгө аракет кылып жатканда шейшеп үзүлүп кетип кулап кеткен. Жакындары бул окуяны кокустук деп кабыл алышууда. Гүлнара Кадралиева 14-июнь күнү ооруканада көз жумду.
Актриса 1961-жылы Сокулукта төрөлүп, 1982-жылы ВГИКтеги Алексей Баталовдун актёрдук өнөрканасын аяктаган. Ал Теле жана радиоберүү боюнча мамлекеттик комитетте, Ысык-Көл облустук драма театрында, "Кыргызфильмде" иштеген. Андан сырткары бир топ тасмаларга тартылып, спектаклдерде роль жараткан.
Актрисанын үй-бүлөсүнө жана жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтабыз!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |