Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Апта айымы - АСЕМА

№382 26-февраль - 4-март, 2010-ж.

Жылдыз баян

Таланттуу актриса, бактылуу эне, ырчы жана жөн гана сулуу айым катары биз тааныган Асема тууралуу…

УЧУРДА...
"Үй кожойкеликтин жана эненин милдетин аткаруудамын. Ошондой эле фитнес менен машыгууга жумасына 3 жолу убакыт таап жатам. Эл ал­дында жүргөн адам өң-кел­бетин мыкты алып жүрүүсү зарыл. Ошондой эле жаңы тасмаларга тартылууга сунуштар түшүп жатат. Жакында эле мага Орусияда шоу-бизнес менен алектенген бир адамдан “сени ырчы катары Европага чейин таанытайын” деген сунуш түш­тү. “Жок дегенде эки жыл биз менен иштеш, популярдуу болосуң”,- дешти. Бирок мен Кыргызстанды таштап кете албасымды айтып, сунуштан баш тарттым".

АШКАНАДА...
"Менин эң жакшы жасаган тамагым палоо. Бирок жол­дошум Акжол менен уулум Адахан гүлчөтайды тамшанып жешет. Андыктан бул тамакты фантазияма жараша ар бир жасаган сайын башкача даамдуу кылууга аракет кылам. Ошондой эле өзгөчө соустарды жасоону жактырам. Эч кандай кулинардык китептерди окубай, үй кожойкелерден рецепт алып отурбай эле жаңы даам ойлоп табууга шыктуумун. Мисалы, айран менен майдаланган сарымсактан да өзгөчө соус жасоого болот".

ГАРДЕРОБУМ...
"Кийимдеримди маал-маалы менен иреттеп турууну жак­шы көрөм. Сахнага бир кийип чыккан кийимимди экинчи кайталап кийбегенге аракет кылам. Ошондуктан кийимдеримди курбу-курдаштарыма, туугандарыма сатып жиберем. Кээде жаңы кийим сатып алсам туугандарым эртелеп эле "кийин муну мен алам" деп ээлеп коюшат. Ошондой эле ачык түстөгү кийимдерди жакшы көрөм. Гардеробумдагы эң сүйүктүү буюмум – кызыл сумка. "Мыкты аткарылган аялзатынын ролу" деген наам­­га көр­сө­тү­лүп, Баку шаарына барганда ырым кылып алгам".

ЖОЛДОШУМ ТУУРАЛУУ…
"Эрди-катын урушат дегендей, ар бир үйдө эле таарынычтар болот. Мындайда түгөйлөрдүн бири өзүн кармап, жаңжалды токтотушу керек. Мындай учурда Акжол унчукпай басып кетет да, бир маалда келип “жиниң тарадыбы?” деп сурайт. Анан тез эле таарынычым жазылып калат".

Бахияна Сатылганова
star@super.kg
Сүрөттөр Асеманын жеке архивинен алынды.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(6)
27.02.2010. 04:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktyluu omur surgulo!!! :)
27.02.2010. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавица. Так держать.
28.02.2010. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура кылыпсын баш тартып , кыргызстандын демине дем кошуп журо бер , ушундай Кыргызым дегендер кобойо берсин
02.03.2010. 02:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kalp ele biroonon ushundai sunush tushtu dep ele aita berebi atyn aitpait bele eger chyn ele sunush algan bolso.Maktanyp koiso bolo beret da
02.03.2010. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asema ozung tatinakay ele adamsing,birok balangding bashindagi topusu jakkan jok.Bashki betti karasanar,kim bul gesitti alsa jakshilap karap korgula,bash kiyimde adamdin bash soogu jaynayt. Anday surottordu ilgeri zimkaragaylarga ilip koychu "ne vlezay,ubjet" dep. Menimche balaga baykap bash kiyim kiygisish kerek.
04.03.2010. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат. Баш тартканын туура, эми популярдуу болуш тагдырдан жана озундон да. Ошол киши эле популярдуу кылып коймок беле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо