Дайыр Исмадияров:"МЕНИ СЫНДАГАНДАРГА ТЕҢЕЛБЕЙМ"

№711 17-июнь-23-июнь, 2016-ж

Дайыр Исмадияровду гастроль боюнча рекордчу десең жарашат. Ал бирде карасаң Москвада, эртеси Баткенде жүргөн болот."Айрым кесиптештериме салыштырмалуу гастролго чыккандан коркпойм. Кайда барбайын мени чыдамсыздык менен күткөн күйөрмандарым болот",- дейт ырчы мырза. Баса, кыздар, жакында той. Дайыр"күзүндө үйлөнөм" дейт.

“АЗЫРКЫДАЙ ЖАШООНУ БАЛА КЕЗДЕ КЫЯЛДАНЧУМУН"
– Бала кездеги тилектер орундалат дегенине азыр ишенип отурам. Кичинекей кезимде азыркыдай жашоону кыялданчумун. Кой деген кожо жок, кайда барам, качан келем, эмне кием – өз эрким. Менин чыгармачылыгымды баалаган күйөрмандарым бар.
Мурун жаңы чыгып жатканда менин дарегиме айтылган сөздөрдү угуп алып сыгылып, нерв боло берчүмүн. Азыр менин жашоомдо андан маанилүү нерселер көп болгондуктанбы, көңүл бурбай калдым. Менин ийгиликтеримдин баары бирөөнүн артынан жаман сүйлөбөй, өз жолум менен кетип жатканымдан болуш керек. Бишкекте, кеңседе отуруп алып мени сындагандардын оюна чын жүрөктөн баары бир дейм. Аларга нерв кетиргенче күйөрмандарыма жакшы маанай тартуулаганым пайдалуу. Андайлар Бишкектен чыкпай эле өзүн кыйын сезе бербестен, жер кыдырсын, элге аралашсын.
Азыр гастролдоп жүрүп элге жакын болгон ырчылар саналуу эле. Айрымдар гастролго чыгуудан да коркушат. Концертке киши келбей калса, авторитетимди түшүрүп аламбы дешсе керек. А мен эч нерседен коркпойм, эртең болсо деле жер кезип кете берем. Жакында бир жерден"Кандай болсоң да сени жактырбагандар чыга берет. Жадакалса суу үстүндө бассаң да сүзө албайт экен деп кеп кылышат" деген сөздү окуп аябай жактырдым. Иштеп, аракет кылсаң эл баалайт. Жакында эле Базар-Коргонго гастролдоп барсак Советбек деген байке үйүндө коноктоп, короосунда турган Жип унаасын белек кылды. Бул деле чоң сый-урмат эмеспи. Куру сөз менен көкүрөк каккандын ордуна мен иштейм.

“МЕНИН ФАВОРИТИМ – ФРАНЦИЯ"
– Учурда Францияда өтүп жаткан Европа чемпиондугунан мен да четте калган жокмун. Футболдун фанаты болбосом да кызыгам. Азыркы чемпиондукта менин фаворитим – Франция. Буга чейин да Франция өз үйүндө чемпион болгону белгилүү. Ошондуктан француздар мурунку ийгилигин кайталап, Европа чемпиону болоруна үмүтүм чоң.

“ЧЫНЫГЫ ЖҮЗҮМДҮ ЖАКЫНДАРЫМ ГАНА БИЛЕТ"
– Мына, сахнада жүргөнүмө 8 жылдан ашты, "атаандаштыкта дос болбойт" деген кептин тууралыгына ынандым. Көпчүлүк мени сабырдуусуң деп айтышат. Эл алдында сыр бербей күлүп жүрө бергеним менен, ичимде буркан-шаркан болот, бирок аны сыртка чыгарууну туура көрбөйм. Менин чыныгы жүзүмдү бир туугандарым, жакын адамдарым жакшы билишет. Бир туугандарымдын арасына барганда дароо эрке Дайыр боло калам. Ал эми апам менен сүйлөшкөндө"серьёзныймын".
Мындан 3 жыл мурун атам каза болгондо нес болуп ыйлай албай койгом. Бишкекте элем, Ошко баргыча ыйлабай, баары өкүрүп жатса унчукпай кирдим. Качан гана атамды көргөндө ыйлагам. Ошондо биринчи жолу нес болуп, өзүмдү эмне болуп жатам деп түшүнбөй калгам.

"Мен гастролго чыккандан коркпойм.Качан болсо да жер кезип кетүүгө даярмын".

“БОЙДОКМУН, БИРОК 3 ӨКҮЛ БАЛАМ БАР"
– Башында мени өкүл ата кылып шайлайбыз дешкенде каршы чыккам. Өзүм бойдок болсом, кантип өкүл ата болмок элем? Бирок"сиз үйлөнгөндөн кийин катышкым келет" деп жүрүп өкүл балам көндүрдү. Учурда 3 өкүл балам бар. Алар менен ата-баладай жакшы катышабыз, керек учурда мен да, алар да жардамыбызды аябайбыз. Биринчи уулубузга менеджерим өкүл эне болду. Аны да талкуу кылгандар чекеден чыкты. Көпчүлүк жерде эки тараптан өкүл эне, өкүл ата шайлашат эмеспи. Мен үйлөнүп, менеджерим турмушка чыкканда экөөбүз үй-бүлөбүз менен өкүл ата-эне боло беребиз деп сүйлөшкөнбүз. Эмнеге менеджеримди шайладым, анткени ал дайым жанымда жүрөт.
Ушул кезге чейин көп кыздар менен мамиле түзүп көрдүм. Жашың өткөн сайын тандап каласың деген чын экен. Кээде отуруп эч нерсени биле элегимде, эрте эле үйлөнүп алсам болмок экен деп кетем. Кээде туруп шашып үйлөнгөндө эмне деп калам. Мен ата жактан бир аз өксүк болуп өскөндүктөн келечекте балдарым андай болушун каалабайм. Ошондуктан азыртан келечектеги балдарыма жакшы шарт түзүп бере алгандай даражага жетип, анан үйлөнүүнү туура көрдүм. Учурда жаңы салган үйүм бүтүп, жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Кудай буюрса, күзүндө үйлөнөм.



Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Дайыр Исмадияров: “Укмуш эмес, бирок жакшы инсанмын”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(58)
20.06.2016. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жандуу ырдай албайт.

Амир туура эле айткан
20.06.2016. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
jenil jelpi yrlardy yrdait, nerv ketirbesen, ketirbeim dep da aitpait elen, gastroldogondon koro synaktarga katysh4y
20.06.2016. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушунун бир интервьюсу экинчисине дал келбейт да
20.06.2016. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ийгилик
20.06.2016. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ашыкча мактанып койупсун куйормандарым толтура деп ,озу сенин эл уга турган ырларын барбы?
20.06.2016. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жакшы мактаныптырсын молодец! Чынында уну жок сабак алсан жакшы болмок
20.06.2016. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
эхх биз кыргыздарга сынатып эле койсо. анан чукутуп эле койсо.. негизи кыргыз шоу бизнесинде ырчылар аябай кобойду бирок ошолордун ичинен саналуусу эле элге таанылып гастролдоп ырдап журушот.уну жок дейсинер бирок ошончо элдин арасына чыгып озкнор ырдап же суйлоп коргуло..сахнанын суру кандай экенин билесинер Дайыр байке чын чынына келгенде супер инфо гезитинин десерти сиз экенсиз демек талантыныз бар инсансыз ошол себептен эл оозундасыз.. таалантынызга таазим.. ишинизге ийгилик.
21.06.2016. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ilana,мындай сапат кыргызда эле бар ошонусу Менен озгочо да))))))
20.06.2016. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
таптатынакай уну бар.келбети зынк.тарбия коргон жигит.кругозору кенен.терен билимдуу.Силерге эмне жетпейт окурмандар
20.06.2016. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эл аралык сынактарга катыш Дайыр. Фонограма менен элди алдап журо бербей. Уят кой. Же уйлон бир аз болсо да чоноёсун)) Амир туура айткан!
21.06.2016. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
maktanyp alyptyr
21.06.2016. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакпайт деп алып ушунча комментарий жазышыптыр. Жакпаса окуба, кирбе, Караба. Сен канча жамандасан озунун нервине зыян Жана аларды капа кыласын жаман комменттерин мн. Жакпайбы унчукпайле ошол жетиштуу!
21.06.2016. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
1 % талант, 99% аракет дегендей Дайырда 1% талант болсо 99% аракет бар. Молодец талантым бар таанышым жок деп жатып албай эл оозуна алынып журот.
21.06.2016. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Дайыр иним жонокой жигит экенсин.стилин да озгочо.так держать.интервьюну жакшы бердин,бир аз сурдогонун болбосо а так все ништяк.13бир тууган турбайсынбы,молодцы!!!Колунда бар болсо эже-карындаштарына берууну унутпа.бул просто совет.
21.06.2016. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сындагандарга конул бурбасан да, унун жок экенин мойнуна ал. Аны элдин баары билет.
Медиа-портал
21.06.2016. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayper, саламатсызбы! Кандай катачылыктар болуп жатат?
21.06.2016. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Амир деген ким озу Дайыр жонундо айтканбы?
21.06.2016. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эх,дайыр,ырдабай эле койчу элди аяп. Тамаша. Бирок куйорманы килтейген машине бергенине ишенген жокмун.
21.06.2016. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Дайыр самара анжелика нурлан насип ухууууу тажатты да кайра кайра чыга берип
22.06.2016. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Озгондук укам такыр конул бурба артында биз акелерин турабыз
24.06.2016. 04:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чындыгын да биздин ырчылардын кобу мактанышат анан да кобу жеке жашоосун эле жарыялашат мен ойумча бул нерсе туура эмес бир аз сырдуу да болушу керек
24.06.2016. 04:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Музыкалык билим алыш керек чынында,ушундай лампочкалар кобойду,оздлрун ырчы сезип,1-2ыр менен чыгып алып эле,тажатышат
24.06.2016. 04:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Негизи музыкалык билим болуш керек да
SUPER.KG видео
25.06.2016. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик азаматсын жердеш.!!
25.06.2016. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мактанчаак,озунун сулуулугуна таянган бала,бирок Сулуу деле емес ОЗУ ойлогондой...неси болсо да бактылуу бол...Мага суунун устундо кетип баратсанда соз кылышат сузо албайт екен деп дегени Абдан жакты,тура айтасын еч кимге тен жакпайбыз Адам баласы,
26.06.2016. 04:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Амирдин айтканына 100% кошулам. Ун деген вообще жооок. Бир да ырын журокко жеткизип угалбайсын. Эки строчкасын уккандан кийин зээригесин. Акырына чейин бир да угалбайсын. Ачуу чындык демекчи,Амирдин созуно аябай чычалаган гоо.
26.06.2016. 05:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Дайырды девушкасы бар элего
26.06.2016. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Куйорманынын жип бергенине кулкум келип ишенген жокмун )))) кантип эле ушундай жалганды смело айтып койо беришет тооба! Ал байкеси орустун бай аялы болсо да бир жон )))
28.06.2016. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дайырда ун жок эмес бар бирок аз. А Амирде ун бар музыканы тушунот бирок дух жок.Бирок Амир туура эмес кылган эгер эрек болгондо Дайырга барып озуно эле айтып Дайырга билбегендерин ага уйротуп сен билбегендерди андан уйронуп керек болсо дует ырдап дегендей кичине ошентсен тобон которулмок.Озунун башындагы Москваны корбой бироонун башындагы кыргызстанды коргондор кобойду
Медиа-портал
02.07.2016. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунуз айткандай, жузунон нур тогулгон жылдыздуу мырзасыз!!! Бар болунуз!!! Эмгекчил, аракетчилсиз! Чыгармачылык ийгилик!!!
16.10.2016. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Дайыр! Жакшы маек берипсин. Маданияттуу экенинди коргозупсун. Бул Амирден бир топ ойдо экенинди айтып турат. Талантын бар, аракетин зор. Экрандан канча коп корсом да тажабайм. Жакшы маанай тартуулайсын. Бар бол!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо