Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Амир Аскаров: «ТАЛАНТТУУ ЫРЧЫЛАР КЕЛСЕ «ФУНЧОЗАЛАРДЫ» СҮРҮП ЧЫГАРАТ»

№712 24-июнь-30-июнь, 2016-ж

Жакында эле ырчы Амир Аскаров социалдык тармактагы жеке баракчасына ырчыларды таланттуу жана ырдай албагандарга бөлүп, таланттууларды Арсен сыяктуулар деп атап, таланты жоктор Дайыр Исмадияров сыяктуулар деп жазып чыккан. Амирдин ал посту азыркыга чейин талкууланып бүтө элек. Ырчылар эки жаат болуп бөлүнүп, Амирди колдогондор да, сындагандар да болууда.

– Кандай, Амир? Ырчыларды ырдай алган «фирмачтарга» жана ырдай албагандарга бөлүп жатасың. Мындай оюңду коомчулукка ачык алып чыгууга эмне түрткү болду?
– Кандайсыңар? Мен эркин демократиялык өлкөдө жашайм жана эч кимдин басымынан, бут тосуусунан коркпойм, ошондуктан өзүмдүн туура деп эсептеген оюм менен бөлүшкүм келди. Ырдай албаган «фунчоза» ырчыларды эл деле, профессионал музыканттар деле билет, бирок айткысы келбейт. Мен ошолордун арасынан алгачкылардан болуп ооз ачкым келди. Качанкыга чейин сапатсыз музыканы жакшы деп уга беребиз?! Мисалы, мен дарыгермин дейли, мени басылмалардын баары жазып, атым алыска жеткен, бирок мен окуган эмесмин, билимим жок, анан кантип элди дарылайм, айыктырам? Ушундай эле абал шоу-бизнесте болуп жатат. Ырчыны эл ыры менен тааныш керек, популярдуулугу же жүзү жакшы таанымал болгондугу үчүн эмес.

– Эмне үчүн Дайыр Исмадияровду мисалга көрсөтүп жатасың?
– Анткени «фунчоза» ырчылардын эң популярдуусу Дайыр. Мен Дайырдын адамгерчилик сапатына тийишкен жокмун, жөн гана анда вокал, үн жок дедим. Албетте, мен «Дайыр ырдай албайт» десем эле ал ырдабай койбойт, бирок ойлонуп, жок дегенде вокалдын үстүнөн иштесемби деген ойго түртөт болуш керек. Дайырды ырчы эмес, медианы сүйгөн адам десек жарашат. Анан берген маегинде мени тааныбайм деп айтыптыр. Бул абсурд. Дайырдын тарапташтары ага болушуп, менин жеке сапаттарыма асылып жатышат, анткени талантымдан кынтык таба алышпайт. Өскүсү келген адам сынды туура кабыл алат. Мени эл «Алдадың», «Сени эстеп» деген ырларым менен таанышат экен, ал эми Дайырды кайсы ыры менен тааныйбыз?

– Бирок учурда сага караганда Дайыр популярдуу экенин моюнга аласыңбы?
– Ооба, ал менден популярдуу, анткени ал жүзүн таанытыш үчүн иштейт, а мен талантымды өстүрүү үчүн иштейм. Дайыр менен 2007-жылы таанышкам. Кайрат Примбердиев чалып «Дайыр деген ырчыга аранжировка жазып берчи» деп суранган. Анда мен жөн эле рэп окуган бала болчумун. Ошондо студияга келип ырдаганда менде «ушул ырдай алса, мен эмнеге ырдай албайм?» деген ой пайда болуп, ырчылыкка келишиме кайсы бир деңгээлде себепкер болгон.

– Маек нугун өзүңдүн чыгармачылыгыңа бурсак, Санкт-Петербургда иштеп келдиң, чыгармачылыгыңа таасири тийдиби?
– Музыкалык тажрыйбамды кеңейтүү максатында Санкт-Петербургдагы музыкалык студиялардын биринде үн режиссёр болуп иштедим. Бизде ырчылар көп, бирок аранжировкачы, үн режиссёрлор абдан аз. 3-4 аранжировкачыга кечке ыр жаздыра берсең музыкалар коёндой окшош болуп калат. Бир типтүү музыкалардан качуу үчүн бизге көп аранжировкачы, үн режиссёрлор керек. Өзүмө ырчылыкка караганда музыкант болуу жакыныраак. Андыктан ырчылыкка да, башка жагына да жетишсем дейм. Ырчылыкта балким начар иштеп жатам. Дагы бир себеби – орусча ырларым көп, анткени орусча ойлоном, орусча жазам. Учурда жаңы чыгып келе жаткан жаш ырчыларга ыр жазып берип, музыкалык продюсердин кызматын аркалап жатам. Буюрса, биздин шоу-бизнеске потенциалы жогору жаш муундун катмары келе жатат. Ушундай билимдүү, таланттуу ырчылар «фунчозаларды» четке сүрүп чыгарат деген ойдомун.

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Дайырдын ырларынын 70 пайызын башкалар ырдап беришет" дейт Амир Аскаров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(263)
29.06.2016. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Фунчеза дейт ко тимеле.Кулкуну гана келтирет.
29.06.2016. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Амирди колдойм, Исмадиаровду жамандабайм, бирок Отличник культура деген наамга 100% незаслужил он, подкупил несколько человек и купил можно сказать)) Амир мы тебя поддерживаем, Ты Прав на все 100%
29.06.2016. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Дайырдай болуп алчы сен. Арсендин уну жок .
29.06.2016. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
nuradiko,жалаӊ баш тамга менен жазууга жана кимдир-бирөөнү мазактап, анын кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. 10 күнгө БАН!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-06-29 15:27:48
29.06.2016. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Амир Аскаров ким экен деп ырларын эми [moderated]тан көрдүм. Ушул убакытка чейин бул ырчы тууралуу билчү эмес экем.
29.06.2016. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мени эл «Алдадың», «Сени эстеп» деген ырларым менен таанышат экен, ал эми Дайырды кайсы ыры менен тааныйбыз дейби. Лично мен сени тааныбайт экем, ырларынды да укпапмын. а Дайырдын баардык ырын укпасам да тааныйм...
29.06.2016. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чынын айтсам мен ыр обон жазып ырчыларга берем,бирок талантуу адамдар ичи таза болушат,бул баланын ХХХ ХХХ.Дайырды тааныйм ырчы катары,бирок бул ким ХХХ ХХХ Дайырга болсо ийгилик анткени мындай кара пиарлар кайра ырчыны кучондурот.ит уро берет кербен журо берет.ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-06-30 09:55:02
30.06.2016. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mika2018,этика нормаларын сактап, кимдир-бирөөнү мазактоодон алыс болуӊуз. 5 күнгө БАН!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-06-30 10:03:02
Медиа-портал
29.06.2016. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Amirdi myndan kiin syilap kaldym, jakwy yrlardyn avtoru turbaiby. Azamat! Birok katuu aityptyr. Daiyrda araket bar, birok un jok! Amir aitpasa da bashka biroo aityp chykmak.
29.06.2016. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Калипа Усеновадан интервью алгылачы.
30.06.2016. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
elyanurahs97, саламатсызбы? Сунушуӊуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди. Калипа Усенованын буга чейин берген интервьюсун төмөндөгү шилтеме менен кирип окусаӊыз болот: http://www.super.kg/article/show/28153
29.06.2016. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Амир ХХХ ХХХ. Орозо айында ушактабай эле койботурсун .Озун биринчи элге улгу болгудай сонун чыгармаларды жарата элек башкаларды сындабай эле кой сенден коро Дайырды эл таааныйт , сени тааныбайт деле.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-06-30 09:57:14
30.06.2016. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rianna, кимдир-бирөөнүн кадыр баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган! 3 күнгө БАН!
29.06.2016. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
дайырбы башкасыбы айтор живой ун мен ырбайтда алар артис да анкени
SUPER.KG видео
30.06.2016. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айткандан кийин бардык уну жок ырчыларды айтып чыкпайсынбы.бир эле Дайырга аябай асылыпсынго
30.06.2016. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
torra, кимдир-бирөөнү мазактап, анын кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. 5 күнгө БАН!
30.06.2016. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Илгери Бек,Сыймык,Гулнур,Актан,Ырыскелди,дегендер эле болчу.Азыр ошол Амир баш болуп баары фунчоза.
30.06.2016. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
амир прав на все 200%
SUPER.KG видео
30.06.2016. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Экоо тен бирдей эле го. Саны коп сапаты жок ырчылардын катарында экоо тен бар демекчимин!!!
30.06.2016. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Амирдин ырлары жагат уну да. Туура айтат ар кимдин оз оюн айтканга укугу бар биз сынап аткандай эле Амирдин да сынаганга оюн айтканга акысы бар.
01.07.2016. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дайырдын тааныбай койгону аябай жакшы болуп тур бирок мен да ошентмекмин именно Дайырга асылган го чиркин озун ким деп ойлоп атат бул мырза негизи эркектин эркектей болгону жакшы го.
01.07.2016. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кыргызда бир жаакшы макал бар го «бака майрык экенин унутуп, жыланды ийри дейт имиш» деген. амир деген ырчы бар экенин укпаптырмын. Дайырды тааныйм ырчы катары.
01.07.2016. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фунчозалар кетсин деп пикеткечи
01.07.2016. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акыр заманда Акылдууларды акылсыздар башкарып калат дегендей,азыр Таланттууларды тааныбай таланты жокторду таанып калган заман Амирдики туура
02.07.2016. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ой тобоо Амир деген баланы биринчи жолу угуп жатам. Ал эми Дайырды тааныйм. Ал жакшы ырчы. Мына Амир аябай эле мактаныптырго тимеле ага жазгам ыр буга жазгам ыр деп. Анан башкаларга сынтагып. кудайга тооба дебейби. Бироого сын таксан азыр кырк кундо эле озуно кайтып келет. Суйлогондору да маданиятсы, суйлошун билбейт отурганын карасан. Жок дегенде супер инфо видиого тартып жатканда бутун учкаштырбай туздоп отурбайбы. оозун кыйшайтып алып
02.07.2016. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Негизи талант 2 %, калганы эмгек дейт эмеспи, Дайырдын таланты жок чыгаар. Бирок, аракет кылып эмгектенип ырдап журбойбу. Отличник деген сыйлык алганы бир аз туура эмес болуп калыптыр. А так мен ийгилик гана каалайм Дайырга, Амирди деле жамандабайм, бирок Дайырга кошуп дагы башка ошондой "фунчеза" ырчыларды да кошо сындаш керек болчу калыстык учун, кундош катындай сразу Дайырга сын такпай...
SUPER.KG видео
04.07.2016. 03:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Баары аман эсен болсун эчкимдин уну жок баары КЕЧИРИП КОЙ
04.07.2016. 08:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен го ортодоку калыс адаммын,Дайыр красавчик жакшы ырдайт.Аа Амир ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-07-04 08:53:17
04.07.2016. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Labadax,кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирип, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга тыюу салынган. 2 күнгө БАН!
09.07.2016. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Өзү ырчылар арасында да сынактар болсо жакшы болмок, анткени азыр ырчылардын саны бар сапаты жок болуп калды. Аранжировка менен ундорун жасап койуп эле ырчы атка мингендер коп. Эмнеси болсо да баарынарга ийгилик. Бирок, бака майрыктыгын билбей жыланды ийри дептир болбой, баарынар музыкалык, вокалдык билиминерди онуктургуло!
13.07.2016. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бетке айткан создун заары жок, эртеби-кечпи айтылчу соз болчу, акты ак, караны кара, уну жокту уну жрк деп эле айтыш керек!
SUPER.KG видео
24.07.2016. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Катын
Медиа-портал
21.09.2016. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Амир ушунча болду, Анжеликаны деле айтып койсон болмок, ал деле наамга татыксыз го .
SUPER.KG видео
04.05.2017. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дайыр ак конул, адамгерчиликтуу. Мен Дайырдын ырларын суйуп угамын. Ал эми Амирди эми коруп жатам. Дайырдын оз аудиториясы бар. Алга, ийгилик. Жаны жагымдуу ырдарды кутомун.
1
2
3
4
5
6
7
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо