ШААРДЫ ШАҢГА БӨЛӨГӨН ЖАРАМАЗАНЧЫЛАР

№712 24-июнь-30-июнь, 2016-ж

«Жарамазан бизге айтылган, айланайын кыргыз калкымдан» деп белгилүү ырчылар менен биргеликте жарамазан айтып келдик. Жылдагыдан өзгөчөлөнүп быйыл айтуучулар көп болду. Айжамал Кабылова, Сайкал Садыбакасова, Мирлан Баеков, Нурмат Садыров, Айгерим Расул кызы, Данияр Эрматов, Гүлнара Калдарова, Назира Кадыева, Кенже Көбөкова жана жаш ырчы Кудайберди Айтбосунов болуп жарамазанды баштадык.


Жарамазанчылар сюрприз кылып имаратты жаңырта ырдап «Тумар» радиосуна шатыра-шатман кирип барышты. Бейкапар отурган ди-джей Оскар Батыров бизди түз эфирде тосуп алды.

Ырчылар радио толкунда кыргыз эли менен амандашып, жарамазан айтып беришти. Конокторду көрүп кубанган ди-джей ырымдап радионун баштыктарын таратып, «баштыгыңар дайым толуп жүрсүн» деп батасын берип узатты.

Андан кийин Ак-Өргөө конушуна Кубик Калыковдун үйүнө бет алдык. Дарбазасын чоң ачып тосуп алган куудул мырза жигиттерге калпак кийгизип, 1000 сом берип «урушпай бөлүп алгыла» деп күлдүрдү. Ал эми жеңебиз кыздарга жоолук салып, нан ооз тийгизип үйгө киргизүүгө шашылды. Бара турган жерибиз көп болгондуктан андан ары жөнөп кеттик.

Ырчы Гүлзат Байзакованын короосун жаңыртып ырдап кирсек кабаттуу үйдүн балкондорунан кызыгып карагандар толуп кетти. Шаңдуу үн салган ырчылар жарамазан айтып ырчынын үйүнө кирип барышты

«Айланайын, алтындарым» деп бизди тосуп алган ырчы айым ак дасторкон жайып күтүп жатыптыр. Орозо кармабагандарга даам ооз тийгизип, орозо кармагандарга ырчы айым таттууларды салып берип узатты. Ырчынын сыйына ыраазы болгон жарамазанчылар «келиниңиз аман-эсен көз жарып алсын» деп бата беришти.

Клипмейкер Эрнист Сыдыков жаңы студия ачыптыр деп бири-биринен уккан жарамазанчылар ошол жакка барууну туура көрдү. Ырдап-бийлеп шаңдуу кирип барган бизди клипмейкер тосуп алды. «Бизге эмне бересиң, бирден клип белекпи?» деп ырчылар тамашалашты эле, «ооз ачар болуп калды, оозуңарды ачып сый тамак берем» деп кутулду Эрнист мырза.

Гүлнара Калдарова, Назира Кадыева, Нурмат Садыров, Данияр Эрматов ошол жерден ооз ачышты.

Караңгы кирип калганда ди-джей Назгүл Айдаралиеванын үйүнө барып, жарамазан айттык. Ыр ырдалып бүткөнчө муюп угуп турган Назгүл айым «кошуналарымдын жүрөгүн түшүрдүңөр, киргиле үйгө» деп чыга келди.

Кирип нан ооз тийген жарамазанчылар батасын берип баштаганда ди-джей айым аккордеончу жигитибизге кыстырма кыстыра кетти. «Келериңерди билгенде бетиме сүрөт тартып, сулууланып алмакмын» деп баарыбызды күлдүрдү.

Сапарыбыз карып, ыйык Рамазан айында ар бир үйгө ырыскы, кут консун, кармаган орозоңор кабыл болсун деген тилек менен үйлөрүбүзгө тарадык. Ал эми ырчылар «Биздин башыбызды бириктирип, көптөн бери бири-бирибизди көрбөй сагынышып калган кесиптештерибиз менен жолуктурдуңар. Бүгүнкү кеч шаңдуу болду, бул үчүн «Супер-Инфо» гезитине чоң рахмат!»- деп ыраазычылык билдиришти.


Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


SUPER.KG менен жылдыздар жарамазан айтышты

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  12 
Комментарийлер(47)
Медиа-портал
26.06.2016. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кубик Калыковдун үйүнө киргизбей, сырттан кетиргени кызыктай болуп калыптыр... Азыр кирип дасторконго отурушат ко деп турдум эле.
SUPER.KG видео
27.06.2016. 03:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Нурлан менен Аваз жок жарамазандын корку жокго... Анча мынчасы кошулбай эле Нурлан менен Аваз кошулса соонун болмок экен...Нурмат Данияр Нурлан Аваз супер жарамазан болот эле... Батанар жакшы эмесго...
27.06.2016. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
жок дегенде бироосу сонун бата бергенди жаттап алса болмок экен...сен айт мен айт болбой
27.06.2016. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айгеримдин чачы кантет
27.06.2016. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Гулзат эже мага да жакты
SUPER.KG видео
27.06.2016. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аякы жолу айтылган уйдогу эже боорду эздиго кимдерсинер артистерсинерби деп, ырчыларды тааныбайт окшойтда
27.06.2016. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Гүлзат эженики эң сонун болуптур!!!Калганы үйүнө деле киргизишпептир го...
27.06.2016. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ооо айланайындар! Кагылайын Кудайберди Айтбосунов, "айтчук", "болчук", "ырдачук" жана баша ушул сыяктуу кыргыз тилинин "коркун бузган" колдонгонунуз окунучтуу. озунуз суктанаарлык эле жигит экенсиз!!! Тем более маданият окулу...
27.06.2016. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
айгерим телефон чукуй бериптир го.кийген кийими жаккан жок
27.06.2016. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коргонго загрузка боуп жудотот, кочурсо болобу видеосун?
SUPER.KG видео
27.06.2016. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сайкал сонун да как всегда.
28.06.2016. 04:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Saikal kyirap kulupturgo molodes jagat maga. Aijamal figurnaya. Videosun korbodum shanduu sonundai sezilip turat.Orozonuzdar kabyl bolsun!
28.06.2016. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айжамал Гулнара дайыма чоогусунар молодец! Кенжени да кошуп алсанар жакшы болмок! Жарамазанчыларга соз жок
29.06.2016. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жарамазанды аял киши айтпайт эгер
айтса жакырчылык болот дешет.
29.06.2016. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Totoeva1987, Бул эми традиция болуп калды го, эгер антпейт , минтпейт дей берсек жарамазанды кундуз айтпайт
29.06.2016. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Гулнара жаман картайыптыр байкуш...
29.06.2016. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Uwu nurmat menen daniyar ermatov ne degen okwow,eç auyrmalaialbaimda ekoonu,okwow da kiinip alywkanby
Медиа-портал
29.06.2016. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
соонун болуптур,бирок жыл сайын эле бир ырчы айта бергени окундурот.
SUPER.KG видео
29.06.2016. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барынардын орозонор кабыл болсун.
SUPER.KG видео
29.06.2016. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыздарда жок дегенде баштарына жоолук салып алышса болмок чачын жайып жарамазан айткан кудайга да жакпайтго! !!
SUPER.KG видео
30.06.2016. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантет Айгерим деген? Сразу коро албайсын деп жазып чыкпагыла! Коро алам еле! Просто ага караганда Данияр мн Нурмат тыканыраак кийингенби? А баса жаны стиль мн кайтам сахнага деди еле ушул бейм стили
30.06.2016. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
диджей назгул айдаралиеванын чачы кантет ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-06-30 11:37:46
30.06.2016. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oilonchu92,кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. 3 күнгө БАН!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-06-30 11:38:26
01.07.2016. 03:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Урматту супер инфо Кудайберди Айтбосуновдон интервью алгылачы)
01.07.2016. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
sweety94,саламатсызбы? Сунушуӊуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
01.07.2016. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айгерим эл козундо жургон адам болгондон кийин жакшынакай кийиниип, кийинки муундарга мисал болгудай болсо болот го. Же кыжырды келтиргенден ырахат алып, элдин конул борборунда ушундай кызыктай стили менен ирээнжитип турбаса болбойбу? Менимче озунчо сенсация жаратып, озгочо болуп, популярдуу болуп жатам деп ойлойт окшойт? Жалан жаман комментарийлерге кубанып эл мени коруп жатат деп. акылы менен жалан жакшы коментарийлерге, алкоого, мактоого жетсе болоорун билбейби?
01.07.2016. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сайкал бирде корунуп бирде корунбойтго негизи шандуу болуптур
02.07.2016. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Видеосун корбодум бирок жарамазанды ыр кулку оюн кылып алышкан го кийингендеричи айтпай эле коюшса болмок шарият жолдорун оюнчук эле кыла баштадык тушунбогон ыйманы томондугубуздон белги.
02.07.2016. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Админ, Дордой базарында жарамазан айтып жургон 4 байкелер жонундо да видео киргизип койгулачы сураныч. Сонун ырдашат экен
04.07.2016. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оа откондо Кызыл кыяга да келип базардын так ортосунда айтып кетишти жакшы айтышат экен кийимдерида жакшынакай
SUPER.KG видео
05.07.2016. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даа уж Айгерим стилист менен иштешсе болмок, озу толук болсо костюму андан бешбетер толук кылып салганго
SUPER.KG видео
09.07.2016. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Откондо ооз ачарда бир чайканада отурсак,уч жаш бала аккордеон,комуз менен жарамазан айтып кирип калышты.Ушунчалык суктандым,ундору ото соонун экен.Жарамазан айтып бутушкондон кийин кайра ыр сурандык,ырдап беришти,угуп отуруп толкундандым,жандуу ун ушундай соонун болот экен да деп.Бир музыкалык жайдын студенттери экен.А азыркы ырчылар билбейм эмнесине кыйын болуп ырдап журушот уялбай.Же ун жок,же кийинген стилинде вкус жок.Уялам биздин ырчылардан(баары эмес)
SUPER.KG видео
27.05.2017. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Супер инфо, быйылкы жылдыздуу жарамазанга мени кошуп алгылачы!Ырын дагы,батасын да катырам)))
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо