БАЛИГЕ БАРЧУ СУЛУУ БАРБЫ?

№712 24-июнь-30-июнь, 2016-ж

Өзүнө ишенген, ай чырайлуу, бою 165 сантиметрден жогору, 1988-1998-жылдар аралыгында төрөлгөн, турмушка чыга элек бийкечтерди сынакка катышууга чакырабыз. Эгер сиз алыскы Индонезияда, океандар кучагында жаткан Бали аралына барып эс алып келүүнү кыялданып жүрсөңүз, анда чамдаңыз!

Сынактын шартына ылайык, ар аптанын жума күнү гезит бетине экиден катышуучунун сүрөтү жарыяланып, SUPER.KG порталына добушка коюлат. Добуш берүү сулуулар гезит бетине чыккан жума күнү саат 9:00дөн баштап кийинки аптанын шаршемби күнү саат 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Көп упай чогулткан катышуучу финалга өтөт.
Толук маалымат алуу үчүн 0312 323327 номерлерине чалыңыздар.

АЙСҮЙКҮМ ЖЭЭНБЕКОВА

Жашы – 22
Параметри – 85-64-88
Бою – 165 сантиметр
Салмагы – 51 килограмм
Учурда – Борбордук Азия университетинин 4-курсунун студенти


«СУЛУУСУҢ ДЕП КОЙСО ЭЛЕ ӨЗҮМДҮ СУЛУУ СЕЗИП АЛБАЙМ»

– Айсүйкүм, атың өзгөчө экен, айтсаң, кесибиң юрист болсо кантип алып баруучу болуп калдың эле?
– Рахмат, атымды чоң энем койгон экен. Бул ат документ үчүн эле ыйгарылгандай. Анткени мени баары Айсана деп тааныйт. Мен «Айчүрөк» кыздар кыргыз-түрк лицейин бүткөндөн кийин журналистика факультетине тапшырып, кийин үйдөгүлөрдүн кеңеши менен юридика жагына которулгам. Эмнегедир мени журналист кесиби тартып туруп алды. Учурда «Пирамида» телеканалында «Онлайн доктор» деген көрсөтүүнү алып барам. Мындан сырткары тил үйрөнүүгө кызыгам. Бул жаатта тажрыйба топтоо максатында Москва, Лондон шаарларында жашап келгем. Дүйнө таанымы кенен адамдарга суктанам. Кыргыз, орус тилдеринен сырткары түрк, англис тилдеринде эркин сүйлөйм.

– Көчө-белден «сулуу экенсиң» деп комплимент айткандар көп болсо керек, сулуу болуш үчүн эмне кылуу керек?
– Сулуусуң деп айткандар болот. Бирок мен өзүмдү аябай катуу сындагандыктан жетишкен жактарым менен кошо кемчиликтеримди да жакшы билем. Андыктан «сулуусуң» деп койсо өзүмдү сулуу сезип албайм. Балким, ал менин маанайымды көтөрүү максатында айткандыр. Сулуу болуш үчүн, биринчиден, ички дүйнөңдү тазалаш керек деп ойлойм. Анткени ичтеги энергия бетке чыгат эмеспи. Түз жолдо жүргөн, пейили таза адамдарды карасаң сулуу болбосо деле жылдыздуу, жагымдуу болуп турат.


РОЗА АЛТАИРОВА

Жашы – 19
Параметри – 85-65-89
Бою – 165 сантиметр
Салмагы – 53 килограмм
Учурда – КМКТАУнун 2-курсунун студенти


«СЫНАККА КАТЫШУУНУН ӨЗҮ ЭЛЕ ЧОҢ ЖЕҢИШ»

– Роза, келечекте дизайнер болот турбайсыңбы?
– Ооба, бул кесипке аябай кызыгам. Кичине кезимде эскирип калган кийимдерди таштабай кыркып, сиңдилериме көйнөктөрдү тигип берип койчумун. Дизайнер болуу аялзаты үчүн эң керектүү деп ойлойм. Бир жериң жыртылып калса жамап, кооздоп ал кийимдин өмүрүн узартсаң өзүңө пайда эмеспи. Андан сырткары шурулардан ар кандай сувенир, өзгөчө бижутерияларды жасайм. Үйдүн интерьерин да жасаганга кызыгып жүрөм.

– Бул сынакка кантип катышып калдың?
– Сынак тууралуу гезиттен окуп, катышам десем апам бир аз каршы болду. Бирок менин аябай катышкым келип жатканын байкап, көңүлүмдү кыя албай макулдугун берди. Өзүмдү өтө сулуумун деп ойлобойм. Бирок боюм силер койгон талапка жооп бергендиктен катышып, өзүмдү сынап көрүүнү чечтим. Жеңишке жетем деп өзүмө 100 пайыз ишене албасам да, аракет кылам. Өтпөй калсам таарынбайм. Анткени бул сынакка катышуунун өзү эле мен үчүн чоң жеңиш.



SUPER.KG порталында жүргүзүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыгында Айнура 95 добуш алып, финалга чыкты. Ал эми Бегайым 16 добушка ээ болду.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(14)
27.06.2016. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Экөө тең сүйлөгөн сөздөрү орундуу, жеңишке жеткенге татыктуу кыздар экен. Жакты. Ийгилик!
27.06.2016. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Oi_pikir,мага да ушул кыздардын создору жакты..жонокой экоосу тен...Бали кыздар, жонокойлугунордон жазбагыла
27.06.2016. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роза акылдуу сулуу кыз экен.
27.06.2016. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алга кыздар өкөтең сулуу экен
27.06.2016. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшына экен экоо тен.
27.06.2016. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жакпады экоо тен,мындан сулуулар бар
27.06.2016. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эртен бирди торогондон кийин сулуулугу сайда калат
кымча бели менен тиреген кокурогу соолуйт.
28.06.2016. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nursultan93,
))
29.06.2016. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Добушту кантип беребиз?
29.06.2016. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zinza.girl,саламатсызбы? Сизге купуя менен жооп берилди.
01.07.2016. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Воо, мына эми сууу кыздар чыгыптыр. Антпесе мындан мурункулары кичинее жакпай жатты эле.
01.07.2016. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ добушту кантип беребиз
01.07.2016. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айсуйкум ылайыктууго дейм
06.07.2016. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аксуйкум сулуу экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо