АТАКТУУЛАР ЖАЙКЫ ЭС АЛУУ СЕЗОНУН АЧЫШТЫ

№712 24-июнь-30-июнь, 2016-ж

Жай келип, айрымдар чет өлкөгө сапар алышса, кээ бирлер мекенибиздин кооз жерлеринде эс алышууда. Атактуулардын жаратылыш коюнундагы "чырк" эттирген кадрларына комментарий алдык.

БАЯСТАН: "ЭС АЛУУНУ КӨЛДӨН БАШТАДЫМ"
Керемет көлүбүздүн суусу жылый электигине карабай жылдыздар байма-бай катташууда. Алардын катарында Баястан менен Аяна да көл сезонун ачып келишти.
– Жайкы эс алууну керемет көлүбүздөн баштадым. Аяна өзүнүн жумуштары менен барган болчу. Убакыттын тардыгына байланыштуу Ысык-Көлдө мен 1 эле күн болдум. Ушунча келгенден кийин жөн кетпейин деп суунун муздактыгына карабай көлгө түшүп кайттым.


МИНЮРА РАХИМЖАНОВА: "УЙ СААЙМ ДЕП КОЛДОРУМ ТЫРЫШЫП КАЛДЫ"
Минюра Рахимжанова кетмен чаап, суу коюп, дыйканчылык кылып жүргөн учуру. "Быйылкы эс алуу жалаң кара жумуш менен өтүп жатат. Бул мага аябай жакты",- деген ырчы буга чейин Жумгалдын Кош-Булак жайлоосунда бир жума эс алганын айтат.
– Уй саайм деп колдорум тырышып калды. Ал жактагылар уйду башкача саагандыктан, мени көрүп күлүп жатышты. Жайлоодогуларга жардам кылып сүт тарттым, кымыз быштым, тезек калап, нан жаптым. Таң эрте тоого чыгып жаратылыштын кооздугуна суктанып ырдадым. Айтор, кара жумуш менен айкалышкан эс алуудан көп энергия топтодум.


АСЫЛБЕК ӨЗҮБЕКОВ: "ТОО КОЮНУНДА УКМУШ ЭС АЛДЫК"
Шайлообек Дүйшеев, Асылбек Өзүбеков, Кыялбек Урманбетов, Келдибек Ниязов баштаган өнөр адамдарынын лөктөрү да жаштардан калбай, тоо коюнунда эс алып келишиптир.
"Чыгармачыл адамдар жаратылышка чыгып чер жазып турбаса болбойт" деген Асылбек Өзүбеков эс алууну кыскача сүрөттөдү. "Шар аккан суунун боюнда өткөн-кеткенди эстеп, кымыз ичип, эт жеп укмуш эс алдык, чер жаздык".


АЙЫМЖАН АЙЫЛЧИЕВА: "АТ МИНИП, ТАЗА АБАДА СЕЙИЛДЕДИМ"
Айымжан Айылчиева да шаардын ызы-чуусу менен ысыгынан бир аз алыстап, тоого барып эс алып келгенин айтат.
– Чуңкурчак жайлоосуна ата-энем менен барып эс алып келдик. Ат минип, селкинчек тээп, таза абада сейилдедим. Атты кичинемде мингендиктен анча кыйналган жокмун. Башында коркунучтуу болуп жаткан, кийин көнүп кеттим. Бул эс алуунун башталышы гана. Буюрса, үй-бүлөбүз менен Кыргызстандагы тарыхый жерлерге барууну пландап жатабыз,- дейт ырчы.


ГҮЛЖИГИТ САТЫБЕКОВ: "САХАЛИНГЕ ЖАЗ ЭМИ КЕЛДИ"
Гүлжигит Сатыбеков Орусияны кыдырып концерт коюп жүргөнүнө көп болду. "Эл-жер көрүп, маданий азык тартуулап, бир ок менен эки коён атып эс алганга да жетишип жатам" деген ырчы учурда Сахалинде жүрөт.
– Сахалин мага аябай жакты. Өзүнчө эле материктей экен. Бул жерде эми гана сирень гүлү ачылып, жаз өкүмүн сүрүп жатат. Мындан тышкары Татар кысыгы, Охотск, Япон деңиздеринде, Тынч океандын жээгинде болдум. Быйыл чыгармачылыгыма 10 жыл болду. Бул эс алуу менен айкалышкан гастроль күзүндө өтчү концертиме даярдык.


Султан Төрөбеков
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(7)
27.06.2016. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оз жеринде кенири эс алганга эмне жетсин баарына жагымдуу эс алууну каалайм биздин маданият кызматкерлери
27.06.2016. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
гулжигит мени ээрчичитип алчы аппаратура ташыгын болойун
28.06.2016. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жогоруда жазылгандай "локтору" деген кандай соз?
28.06.2016. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Nazikbaigazy,"Лөктөрү" деген өнөр адамдарынын күчтүүлөрү, сап башында тургандар деген маанини билдирет.
29.06.2016. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
аяна кантет эркекти эзиле кучактаптыр..
03.07.2016. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эс алып деп айтпагылачы... саякат деп айтылса туура болчудай... Оор жумуш жасагандар эс алат...мисалы жолдо иштегендер..комур казгандар..милициялар..мугалимдер...врачтар..
24.07.2016. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Москвага качан келет экен?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо