ЕВРО 2016: АКТАЛБАГАН ҮМҮТТӨР, КҮТҮЛБӨГӨН ЖЫЙЫНТЫКТАР

№712 24-июнь-30-июнь, 2016-ж

Европа чемпиондугунда тайпалык оюндар жыйынтыкталып, алгачкы курмандыктар белгилүү болду. Тайпадан чыга албай калган 8 команда үйүнө бет алышса, калган 16 мыктысы жарым чейрек финалга жолдомо алышты. Тайпалык оюндар Украина менен Орусиянын ыргышы, Түндүк Ирландия менен Венгриянын сенсациясы жана башка кызыктарга бай болду.

"А" тайпасы
3-тур
Швейцария – Франция 0:0
Румыния – Албания 0:1

ТАРЫХТА КАЛГАН ГОЛ
Франция 2-турдан кийин плей-офф баскычына чыгуу маселесин аткарган соң Швейцария менен анчейин күч коротпой эле ойноду. Ал эми Владимир Петковичтин шакирттеринин бул оюндагы башкы маселеси – утулууга жол бербөө эле. 90 мүнөт бою коргонууда ойногон Швейцария өзүнө керектүү упайды алып, тайпадан 2-орун менен жарым чейрек финалга чыкты.
Тайпанын 3-турдагы эң кызыктуу оюну Румыния-Албания беттеши болду. "Оюнда өзүбүздү курмандыкка чалуу менен 3 упайга жете алдык",- деп билдирген албандыктар 1:0 эсебинде жеңишке жетишкени менен, кийинки баскычка чыга алган жок. Садикунун голу албандардын Евродо киргизген алгачкы голу катары тарыхта калды.
Эми Румыния менен Албания калган оюндарды сыналгыдан гана көрүшөт.


"В" тайпасы
3-тур
Орусия – Уэльс 0:3
Словакия – Англия 0:0

"БУЛАРГА МЕЛЬДОНИЙ ДА ЖАРДАМ БЕРМЕК ЭМЕС"
Орусия Словакия менен Уэльске катары менен жеңилип, үйүнө сапар тартышты. Бул оюндарда Орусия Европа өлкөлөрүнүн футболунан канчалык артта калганы даана байкалды. Оюндарда футболчулардын жеңишке болгон умтулуусу эч көрүнбөй, өз күйөрмандары "силерге мельдоний да жардам бермек эмес" деп какшыктап чыгышты. "2 жылдан кийин Дүйнө чемпиондугун муз үстүндө эле өткөрөлү" деген шакабалар четтен айтылып жаткан учур. 3-турдук оюндан кийин башкы машыктыруучу Леонид Слуцкий кызматтан кетерин жарыялады.
Англия тайпада 2-орун алганы менен, азырынча мактоого татый элек. Курамында мыкты чабуулчулар болгону менен, 3 оюнда 3 гол гана киргизе алышты. Словакия менен болгон беттеште да оюн эсеби ачылбай, тең чыгуу менен аяктады. Муну менен Словакия керектүү упай алып, Уэльс жана Англиянын артынан жарым чейрек финалга жолдомо алууга жетишти.


"С" тайпасы
3-тур
Украина – Польша 0:1
Түн.Ирландия – Германия 0:1

КОҢШУЛАРДЫ КОШТОГОН УКРАИНА
Курамы жагынан мактана албаган командалар мыкты коргонууну өздөштүрүп, фавориттердин башын маң кылышууда. Алсак, Түндүк Ирландиядан бир топ күчтүү делген Украина алардан жеңилүүгө дуушар болуп, коңшусу Орусияны коштоп мелдештен четтеп калды. 3-турдук оюнда Коноплянка жана анын командасы Польшага бир гол артыкчылыгында утулуп, кирерге жер таппай жаткан кез.
Дүйнө чемпиону Германия талаада кооз оюн көрсөтүп жатканы менен, гол киргизүүсү аксап жатат. Немистерден бир гана гол өткөргөн Түндүк Ирландия сенсациялуу түрдө 1/8 финалга чыгууга жетишти.


"D" тайпасы
3-тур
Хорватия – Испания 2:1
Чехия – Түркия 0:2

ЧЕМПИОН ЧАЛЫНДЫ
Эч бир атаандаштарын сезбей келе жаткан учурдагы Европа чемпиондорун Хорватия чалып жыкты. 3-турдук оюндардын чечүүчү беттешинде "чакмактуулар" Испанияны өзүнө келтире койду. Хорватиянын жарым коргоочусу Иван Перишич жеңиш голун жаратып, өз командасына тайпадагы 1-орунду камсыз кылды.
Түркия чехтерди 2:0 эсебинде жеңгени менен, бул жыйынтык аларга тайпадан чыгууга мүмкүнчүлүк берген жок.


"Е" тайпасы
3-тур
Италия – Ирландия 0:1
Швеция – Бельгия 0:1

ИБРАГИМОВИЧТИН АКЫРКЫ ОЮНУ
Швециянын капитаны Златан Ибрагимович бул мелдештен соң улуттук курамдан кетерин жар салды. Анын командасы Бельгияга 1:0 эсебинде утулуп, эми үйүнө сапар тартышат. Жылдыздуу футболчу канчалык аракет кылбасын, мыкты ойноо үчүн 11 футболчу керектиги байкалды.
Бул тайпада Ирландия да чейрек финалга жолдомо алууга жетишти. Акыркы оюнда Италиянын дарбазасына 85-мүнөттө Робби Брэди гол киргизип, күйөрмандарына майрам тартуулады. Бул гол ирландыктарды "лакки-лузерлер" катарына кошуп, тайпадан чыгуусуна түрткү болду.



"F" тайпасы
3-тур
Исландия – Австрия 2:1
Венгрия – Португалия 3:3

РОНАЛДУНУН РЕКОРДУ
Криштиану Роналду өз өлкөсүн тиштенип жатып кийинки баскычка сүйрөп чыкты. Бул Евродо бардыгын таң калтырып жаткан Венгрия командасы Португалиянын "канын ичти". Балаж Жужак менен Роналду голго гол менен жооп берип жатып, финалдык ышкырык 3:3 эсебин каттады. Муну менен Роналду удаасы менен 4 Евро чемпиондугунда гол киргизген жалгыз футболчу саналып, командасына тайпадан чыгууга жардам берди.
Давид Алаба баштаган Австрия күйөрмандардын үмүттөрүн актай алган жок. Исландия менен болгон беттеште да көңүл толорлук беттеш өткөрө албай, жеңилүү ызасын тартып калышты. Бул жеңиш менен Исландия 2-орунду камсыздап, көпчүлүктү таң калтырып жаткан кези.


ЖАРЫМ ЧЕЙРЕК ФИНАЛ
(Бишкек убактысы боюнча)


КАЙСЫ КОМАНДАГА КҮЙӨРМАНДЫК КЫЛУУДАСЫЗ?

Учурда футболго болгон кызыгуу эркектерде гана эмес, кыздарда да күч. Өткөн саныбызда мырзаларга суроо салсак, эми бийкечтерге кайсы команданы колдоп жатканы тууралуу суроо узатып көрдүк.

Айдана Оторбаева,
футболчу:
– Португалия менен Францияга жан тартуудамын. Мелдештин башкы фаворити катары учурдагы Дүйнө чемпиону Германияны эсептейм.


Карина Уразова,
"Мисс футбол-2016":
– Мен Испанияга бир нече жылдан бери эле жан тартып келем. Бул мелдеште да "Фурия Рохага" күйөрмандык кылуудамын. Алар Италия жана Франция менен бирге бул мелдештин негизги фавориттери деп ойлойм.


Назгүл Токтакунова,
ырчы:
– Мен көптөн бери Германиянын күйөрманымын. Дайыма бир калыпта, жеңүү үчүн гана ойношот. Ошондой эле Серхио Рамос, Пике сыяктуу футболчулары бар үчүн Испанияны да колдоп жатам.


Рахат Божокоева,
актриса, телеалпаруучу:
– Португалия жана Испания сыяктуу командалардын футболчулары да, машыктыруучулары да мыкты. Бирок бул мелдешти Германия утат болуш керек деп ойлойм.


Айжамал Осмонова,
модель, телеалпаруучу:
– Мен да футбол көрүп жатам. Португалия, Франция жана Бельгия командаларына күйөрмандык кылуудамын.


Жамиля Ишенбаева,
модель:
– Атамдан кем калышпай футбол көрүп жатам. Жакшы көргөн командам Испания болууда. Португалияга да жан тартам.


Гүлжан Турдубаева,
спорт журналист:
– Тайпалык оюндарда Уэльс, Венгрия сыяктуу командалар таң калтырды. Бирок Франция сыяктуу фавориттер баары бир алдыга чыгат. Өзүм Германия курама командасынын күйөрманымын.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(14)
27.06.2016. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец Роник
27.06.2016. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Роналдо эн мыкты экенин дагы бир жолу дуйного далилдеди!
27.06.2016. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kunbeken,ең туура сөздү айтың
27.06.2016. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Базар жок
Германия же Франция чемпион болот........






28.06.2016. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Испания уйуно кетти
28.06.2016. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mister.ailasyz,Англия да кетти
28.06.2016. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Исландия тан калдырып койду. Ушу темпте оюн коргозсо. Узака барышат деп ойлойм.
28.06.2016. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Исландияга соз жок кучтуу ойноду
29.06.2016. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Bul suluu kyzdardyn kobu portugaliaga jan tartyp jatkan birden bir sebebi Cristiano Ronaldo bolush kerek dep oiloim .
29.06.2016. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн кызык оюн германия италия болотко дейм
29.06.2016. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Исландияга ийгилик
29.06.2016. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
только Франция и Италия
30.06.2016. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки Доонун канылышын коруш керек Италия vsГермания Евро 2016 эн кызыктуу оюну болсо керек.
01.07.2016. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Германия утат менимче.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо