Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АТАЙ ӨМҮРЗАКОВ: "КАРАПАЙЫМ КАЛКТАН АКЧА АЛГЫБЫЗ КЕЛБЕЙТ"

№712 24-июнь-30-июнь, 2016-ж

Атай Өмүрзаков. Бул жигитти азыр тааныбаган кыргыз жок. Ал жаш болсо да кичинекей Кыргызстанга чоң салым кошуп, дүйнөгө таанытып келет. Эки жыл бою дүйнөлүк белгилүү ырчы, бийчилерди Кыргызстанга чакырып, бий фестивалын өткөрдү. Андан кийин "Тумар КР" тобу менен удаасынан ийгиликтерди жаратууда. Айтор, учурда Атай десе жеген ашын бергенге даяр адамдар чекеден чыгат. Мисалы, жакында гана Атай инвестор издеп коомчулукка кайрылганда көрбөдүкпү, бул жагы Кыргызстан болсо, ал жагы дүйнөнүн туш тарабынан бери бийчини колдоп, акча чогултуп жатышкан чагы. Бирок Атай ал каражатты кайрымдуулук иштерине жумшайм дейт...

– Атай, алгачкы бийлеп сахнага чыккан күнүңдү, андагы сезимдерди эстей кетпейсиңби?
– Бийлегенди 15 жаштан баштагам. Үйдөн күзгүнүн алдына туруп алып бийлегенде чоң сахнага чыкканымды, жеңиштеримди элестетчүмүн. Биринчи жолу Караколдо өткөн таланттар сынагына катышканда сахнага чыккан аябай жаккан. Ошондон тартып кызыгуум артып, алгачкы жолу Бишкекке "Баракелде" деген сынакка катышып жеңүүчү болгом. Андан кийин Москваны максат кылдым, ага жеттим, ошентип уланып кетти. Мен өзүм бала кезден эле роботторду жакшы көрчүмүн. Ар кандай кино, мультфильмдерден роботторду кантип кыймылдайт, эмнеси кыймылдайт, баарына маани берип туураганга аракет кылчумун. Анан да электрондук музыкалар жакчу. 1980-жылдардагы клиптерди көрүп, ошолордон да таасирлендим. 1990-жылдарда, мен төрөлгөн убакта жашоо татаалыраак эмес беле. Апам эки баласы менен жалгыз калса да болгон акчасын, күчүн бизге жумшады. Ошол ишеним мага көп ийгиликке жетүүгө себепчи болду.

– Дүйнөгө атың таанылып калды. Эгер жакшы сунуш түшсө, чет өлкөгө кетишиң мүмкүнбү?
– Жумуш боюнча бизге сунуштар көп келет, андан баш тартпайбыз. Бирок башкалардын атынан чыгууга өзүбүзгө уруксат бербейбиз.

– Көп өлкөгө барып жүрөсүң, арасынан эң таасирленткени кайсы болду?
– Чехия. Менин бийимден кийин баары тура калып кол чаап, жакшы пикирлерин айтып ыйлашкан. Ал жакта адамдар өтө жөнөкөй, расист эмес, Кыргызстандан болсом да "өзүбүздүн бала" деп колдошкон.

– Ар сынакта ар башка, өзгөчө образдар менен чыгасыңар. Идеяны кайдан аласыңар?
– Жашоодон эле алабыз. Көп кино көрөбүз. Өзүбүздө болгон кыйынчылыктарды, жетишкендиктерди бий менен бергенге аракет кылабыз.

– Англиядагы сынакка 5 жыл даярданганыңарды укканыбыз бар. Чоң эмгекти талап кылган сынактын жыйынтыгына купул толдубу?
– Ооба, "Britain`s Got Talent" сынагын биз 5 жыл күтүп, быйыл гана чакыруу алдык. Ага катышуу үчүн АКШдагы белгилүү чоң долбоордон баш тартканбыз. Өзүңүздөр билгендей, добуш берүүдө биз биринчи келатканбыз. Бирок калыстар тобу ошентип чечишти. Ага таарынбайбыз, алардын өздөрүнүн саясаты бар. Бизге өздөрү туруп кол чапканы чоң жетишкендик болду, сыймык жаратты. Анткени башкаларга антип кол чабышкан эмес, көрүүчүлөр жан тарткан эмес. Долбоорду утпасак да, элдин колдогону биз үчүн чоң жеңиш. Ошол биз үчүн маанилүү.

– Учурда социалдык тармактарда мекендештерибиз силерге колдоо көрсөтүп, каражат чогултуп жатышат. Бирок элдин андай колдоосун кабыл албай койгонуңа эмне себеп болду?
– Алгач айта кетсем, бул биздин дүйнөлүк масштабга чыккан биринчи долбоорубуз. Кыргызстандын атынан жер кыдырып, дүйнөлүк чоң сахналарда 3D форматында чоң шоу өткөрмөкчүбүз. Негизи мен коомчулукка инвестор издеп кайрылгам. Карапайым калктан акча чогулткум келген эмес. Белгилүү блогер Кайрат Бекмамбетов демилгечи болуп, "биз өзүбүз чогултабыз" деп марафонду уюштуруп жатат. Бирок биз топтогу балдар менен чогулган акчаны кайрымдуулук иштерине жумшайлы деп чечтик. Бизди колдогон ар бир күйөрманыбызга, мекендештерибизге ыраазычылык билдиребиз. Учурда инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, буюрса, эмки жылы ишке ашырабыз. Андан башка быйылкы планда Кытай, Чехия, Италия, Франциядагы сынактар бар. Убакыт өтө тар, андыктан убактыбыздын басымдуу бөлүгүн бий менен өткөрүүдөбүз.

– Атактуулук сен үчүн?
– Бирөө таанып калып сүрөткө түшүп, кол тамга сурап калса мага жагымдуу. Европада жүрсөк да келип, "балабыздын атын Атай койгубуз келет" деп айткандар болду. Мындай кептерди угуп сыймыктанбай коё албайсың. Эң жагымдуусу – Кытайга жаңы эле келсек баары таанып, сүрөткө түшүп "сени менен сыймыктанабыз" дешкени болду. Башкача айтканда, мындай жашоо жагат.

– Жалгыз өзүң жүрүп ушул деңгээлге жетип отурасың. Атактуулукка таанышы жок, акчасыз жетүү кыйын болсо керек?
– Туура, башында көп кыйынчылыктар болду. Көп сынак, фестивалдарга чакыруулар келчү. Аларга мүмкүнчүлүк жок бара алчу эмесмин. Орусиядагы "Даңк мүнөтү" долбооруна барар алдында да бир жыл демөөрчү издедим. Баарынан да бирөөдөн жооп күткөн жаман экен. Барам, пландарымды айтам, угушат, бирок ишеним артышы кыйын. Ошентип жүрүп эртең сынак дегенде гана демөөрчү таап, жөнөп кеткем. Ошондо иштин аягына чейин барсаң сөзсүз ийгилик болорун түшүнгөм.

– Улам жаңы долбоорлор менен жүрүп жеке жашоого убакыт табылып жатабы?
– Ар дайым эле ойдогудай боло бербейт. Аракет кылып жатабыз (күлүп).

– Силердин "Кара жорго" бийин бийлейбиз деген пландарыңар бар экенин угуп калдык. Атайдын командасынан өзгөчө бий чыкса керек?
– Ооба, өзүмө да жаңы бий чыгарыш керек деп максат койгом. "Кара жорго" бийин дүйнөлүк сахнага алып чыксакпы деген пландар бар. Дүйнө Кыргызстандын маданиятын дагы жакшы тааныса дейм.

– Рахмат, Атай! Биз баарыбыз силер менен сыймыктанабыз! Алдыга койгон максаттарың ишке ашышына тилектешпиз!

Атайды элге "робот бала" деп тааныткан образы. Бул бийден кийин єзгєчє кичинекейлер "Атайдай болом" деп "сынып" бийлеп калышкан.

Атай Өмүрзаковду Англияга сынакка жөнөр алдында Алмазбек Атамбаев кабыл алып, ага президенттик фонддон акчалай каражат бөлүп берген.

"Баяман Өмүрбек уулунун көзү жанып турганын көрүп топко алган элем. Ал ишеничти актап, учурда "Адем" тобунда да бийлеп жүрөт".

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(22)
27.06.2016. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ийгилик жана да ийгилик...
27.06.2016. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жаш болсо да, чоң кишилердей ой жүгүртөт экен. Жөнөкөйлүгүңүздөн жазбаңыз,ийгилик!
27.06.2016. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
кара жоргону кутобуз
27.06.2016. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
менин жожомдун Аты Атай. Торт ай болдук. Атайдай элине кызмат кылган жигит болсун деп атын Атай койдук.
27.06.2016. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Azamatsyn! Ushundan jazbai, ishindi ulant. Chynygy talanttu jana araketchil sensin, bizde myndailar sanaluu gana
27.06.2016. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
силер менен сыймыктанабыз!!!ишинер илгерилей берсин,коп ийгиликтерди багынта бергиле!
28.06.2016. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаш туруп ушунча ийгиликтерге жетиштин, просто азаматсын
28.06.2016. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ийгилик Атай, Кыргыздын атын дуйного тааныта бер! Кудайым озу колдосун!
28.06.2016. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ийгилик жана ийгилик! Дуйнону багынтып журо бер.
28.06.2016. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жеке оюум: эл Атайга сынакка катышууга чогултуп берген каражатты кайрымдуулукка жумшаганга акысы жок, эл Атайга ишеним артып чогултуп жатат. кайрымдуулук учун берген жок,ар ким оз алдынча деле каайрымдуулук кылып жатат.
28.06.2016. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайрымдуулукка жениште жеткен каражаттарын жумшаса туура!!!
29.06.2016. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azura,оюңузча, кайрымдуулук кылганы жаманбы? Атай жетиштүү турмушта жашайт. А башка жакта начар, бир сындырым нанга муктаж болгондор канча? Ошолорго кайрымдуулук кылгандын неси жаман?.. Элден түшкөн акча кайра карапайым элге жумшалса неге болбосун?!
28.06.2016. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ийгилик.Биз сиз мн аябай сыймыктанабыз,
28.06.2016. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атай десе эле конулум толкуп сыймыктанып кетем! Ылайым эки дуйнодо бактылуу бол!
29.06.2016. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын Атай! Бир кездери Чынгыз Айтматов дуйно жузуно кыргызды чыгармалары менен тааныткан болсо Атай бийи менен таанытып жатат сени менен сыймыктанабыз!
29.06.2016. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ийгилик Атай!
02.07.2016. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iigilik saga atai
03.07.2016. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Президентибиз баардыгын колодогонго аракет кылат-чон ыраазычылык билдирем
03.07.2016. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамлекетибиз жанагы озунчооо оздоруну баатыр деп эсептеген апрельчилерге жардам бериштин кереги жок андан коро Атайга окшогон жаш талантарга мамлекетибиз колдош керек.
03.07.2016. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар дайым ишин алдыга гана журо берсин
07.07.2016. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Как жол!.....
17.07.2016. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец... сизди ар бир кыргыз эли колдойт деп ойлойм...ишинизге ийгилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо