Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ДЖИ (сериал)

№712 24-июнь-30-июнь, 2016-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

– Жанар! Жанар,- кыз жумшак колдору менен жигиттин жүзүнөн сылап, анын бетинен туш келди өпкүлөп жатты. Ыйлап да алган.
– Аруш?- жигит суроолуу тиктеди. Кыз унчукпастан көз жашын токтото албаган абалында "ооба" дегендей башын ийкеди. Жигитти сагынычка толгон көздөрү менен тиктеп алган. Жанардын көздөрү жашка толуп чыкты.
Алар бир топ убакытка чейин үнсүз эле көздөрүнөн жаш сызылта кучакташып турушту.
– Сени канчалык сагынганымды билесиңби?!- кыз ый аралаш сүйлөдү. Оюна койсо, Жанарды кучагынан чыгарчудай эмес. Убакыт токтоп калгандай болду. Дүйнөдө экөө гана ушул кучакташкан абалында калышкандай. Канчадан берки сагыныч, кусалык көкүрөктөрүн өрттөп, көз жаш болуп чыгып жатты.
– Кетишибиз керек!- жигит үн чыгарды.
– Сөзсүз кетебиз! Жытыңа тойбой турам. Тынч туруп турчу,- Арууке бекем кучактап, коё бербей турду. Жанардын бычактан алган жарааты сыздатып жаткан.Жигит бир кол менен ичин басып, тиштенип алды.
– Эмне болду?!- чочугандан кыздын көздөрү тостоё түштү.
– Белгисиз бирөө бычак сайып кетти. Сенин атаң буйрук берген деди. Биз кетип калышыбыз керек. Бардыгын жолдон сүйлөшөбүз,- экөө шаша унаага бет алышты.
– Сен ооруканага барышың керек го?
– Жок, бычак үстүртөн гана тилип кетти. Эч нерсе болбойт. Ачкычты берчи, рулга мен отурайын,- Жанар унааны от алдырып, тездик менен короодон чыгып кетти.
Алар ошол замат Кыргызстанды көздөй бет алышты.

xxx

Экөө тең кыйлага чейин үн чыгарышкан жок. Унаа зуулдап бара жатты. Арууке Жанардын колун бекем кармап алган.
– Аны көргөндө жан дүйнөм алай-дүлөй болуп кетти. Анын жырткычтыкындай көз карашын унутуу мүмкүн эмес экен. Ал мага тозокту көрсөткөн болчу,- кыздын үнү дирилдеп чыкты.
– Ким?
– Тиги бир көздүү адам. Акыркы ирет мен аны көргөм. Сейил бакта жүргөнүмдө сүйрөп кетишкен. Эмнелерди айтканы даана эсимде жок. Бирок мен анын көзүн калем сап менен чукуп алгам. Бакырып-өкүрүп жатканы эсимде. Андан кийинкилери үзүл-кесил, бирок отургуч менен, муштуму менен башка-көзгө койгулап жатканын билем. Улам эсимди жоготпогонго аракет кылып, жан талашкам... Аны көргөндө эле тааныдым. Мээмде кайсы бир кнопка басылбай тургандай. Негизги бир элес жетишпей турган экен. Ажал менен беттешкен күнүмдү эстегеним эсиме келбей жаткан маалыматтын баарын жандантышына шарт түздү окшойт.
– Ал бир көздүү адам сен ата деп жүргөн кишинин жеке жасоолу экен да. Мага да бир көздүү жигит кол салды.
– Мен түшүнө албай турам.
– Мен дагы.
– А сен Кыргызстанда көмүп келген кыз менин эгизимби? Мага бул тууралуу эч ким айткан эмес.
– Анын жообу Кыргызстандан табылат. Башкысы, баары артта калды. Эми сени жанымдан чыгарбайм.
– Элестете албай турам. Ата-энем байкуш кандай абалда калган? Сен канткенсиң?
– Тарткан азаптарды сөз менен жеткире албайм. Акыркы ирет апаң мүрзөдө ыйлап отурганын көргөм. Биз бат-баттан ал мүрзөгө каттап турчубуз...
– Байкуштарым,- кыз ыйлап жиберип Жанарга башын жөлөдү.
– Сен эмнеге айтпай-дебей кеттиң?
– Жанар, жинди болгон экенмин. "Айыкпас дарт" дешти, "бир күнү өлөт" дешти... А мен сөздөргө эле жеңилип бердим. Жакындарымды азапка салгым келген эмес. Билбейм, азыр ойлосом акылсыздык кылыптырмын. Мээме эч нерсе келбептир. Силерди азапка салгым келбей эле өзүм менен өзүм болуп жок болуп кетейин дегем. Көрсө, силерди эки эсе азапка салып, өзүмчүлдүк кылыптырмын.

xxx

Маржан менен Мурат таң атканча кирпик какпай чыгышты. Джиден "Кам санабагыла! Мен эртең менен келем. Силерди жакшы көрөм" деген СМС-кат келген. (Жанар аны атайын жаздыртып, жөнөттүрүп койгон). Бирок телефону өчүрүлгөн. Джиде үйгө түнөбөй калуу деген баңгиликке азгырылып жүргөндө болчу. Акыркы жылдарда андай адаты түп тамыры менен калган эле.
– Баягыларына дагы кошулуп алганбы?- Маржандын үнү титиреп чыкты.
– Кам санаба! Келем деген турбайбы, келип калар.
– Билбейм. Түпөйүл эле болуп жатам. Деги аман болсо экен. Түшүнбөй эле калдым. Ал эмне качып чыгып кетти?
– Билбейм. Мен да түшүнгөн жокмун,- Мурат ийинин куушурду. Бирок ал калп айтты. Ал "кыз баарын эстеп шермендем чыкпаса болду" деп санааркап жаткан. Түнү менен өз адамдарына "Джини тапкыла!" деп буйрук берген. Азырынча кабар жок.

xxx

Арууке жүзүнө тийген күн нурунан ойгонуп кетти. Унаада жалгыз экен.
– Жанар!- ал чочуп жигитти издей баштады. Жанар сыртта турган. Унаанын эшигин ачып чыгып эле жигитин карай басып аны кучактап калды.
– Сен эмне кылып турасың? Мени жалгыз таштап коюптурсуң.
– Денем талып чыкты. Бир аз эс алайын дегем. Уктап калганыңдан ойготкум келбеди.
Жигит Аруукесинин маңдайынан өптү.
– Мм, сени менен таң кандай жагымдуу! Жаным десе,- кыз эркелей Жанардын бетинен сүйдү.
– Саат 12 болду. Сен уйкучу болуп калыптырсың.
– Мен айдайынбы? Сен бир аз эс алып ал.
– Мейли.
Экөө барып унаага отурушту. Жол тандабас ордунан жеңил козголуп жөнөдү.
Аз өтпөй жигит уйкуга кетти. Арууке рулда баратып, улам кылчактап Жанарды карап бараткан. Бир убакта чыдамы түгөндү окшойт. Машинаны жолдун жээгине токтотуп, бышылдап уктап жаткан жигитин жакшы көрө көпкө эзилип карап жатты.
– Жаным! Жамгыр кишим!- кыз Жанарды өпкүлөп жиберди.
– Эмнеге токтодуң?- Жанар көзүн ушалай.
– Жөн эле, уктаганыңды карап отургум келип жатат.
– Анда жол арбыбайт, берекем.
– 5 мүнөт. Анан айдайм,- кыз жигитинин мурдунан өөп койду.
– Уктай бер.

xxx

– Жанар! Ойгончу, Жанар! Артта Тимурдун унаасы келе жатат!- кыздын үнүнөн жигит чочуп ойгонду. Алардын унаасынын артында эле кара түстөгү жол тандабас жарыктарын өчүрүп-күйгүзүп токто дегендей белги берип келе жатыптыр...

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Башка сандарда:
ДЖИ (сериал) 675-сан
ДЖИ (сериал) 676-сан
ДЖИ (сериал) 677-сан
ДЖИ (сериал) 678-сан
ДЖИ (сериал) 679-сан
ДЖИ (сериал) 680-сан
ДЖИ (сериал) 681-сан
ДЖИ (сериал) 682-сан
ДЖИ (сериал) 683-сан
ДЖИ (сериал) 684-сан
ДЖИ (сериал) 685-сан
ДЖИ (сериал) 686-сан
ДЖИ (сериал) 687-сан
ДЖИ (сериал) 688-сан
ДЖИ (сериал) 689-сан
ДЖИ (сериал) 690-сан
ДЖИ (сериал) 691-сан
ДЖИ (сериал) 692-сан
ДЖИ (сериал) 693-сан
ДЖИ (сериал) 694-сан
ДЖИ (сериал) 695-сан
ДЖИ (сериал) 696-сан
ДЖИ (сериал) 697-сан
ДЖИ (сериал) 698-сан
ДЖИ (сериал) 699-сан
ДЖИ (сериал) 700-сан
ДЖИ (сериал) 701-сан
ДЖИ (сериал) 702-сан
ДЖИ (сериал) 703-сан
ДЖИ (сериал) 704-сан
ДЖИ (сериал) 705-сан
ДЖИ (сериал) 706-сан
ДЖИ (сериал) 707-сан
ДЖИ (сериал) 708-сан
ДЖИ (сериал) 709-сан
ДЖИ (сериал) 710-сан
ДЖИ (сериал) 711-сан
ДЖИ (сериал) 713-сан
ДЖИ (сериал) 714-сан
ДЖИ (сериал) 715-сан
ДЖИ (сериал) 716-сан
ДЖИ (сериал) 717-сан
ДЖИ (сериал) 718-сан
ДЖИ 719-сан
ДЖИ (сериал) 720-сан
ДЖИ (сериал) 721-сан
Комментарийлер(38)
27.06.2016. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ИИ эмне болот эмиии
27.06.2016. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чыдамым тугоп баратат
27.06.2016. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Москвада мен биринчи!
27.06.2016. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай сонун суйуу деген
27.06.2016. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Иий байкуш Жанар менен Арууке акыры табышты кыз да баарын эстеди эми бир эле кыйынчылык калды ал да болсо Аруштун Москвадагы ата эеесинен кутулуп оз ата энеси менен бактылуу болуп жашасын
27.06.2016. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менимче бутойун деп калганго
27.06.2016. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстанга эле эптеп кирип кетселер бутту да,самолётко эле чыга койбоптурлар.
27.06.2016. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
олло кызыгына келгенде токтоп калдыго эми не болот дагы 1 аптабы?
27.06.2016. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Журок оорулуу болуп бутмой болдумго. Кобуроок жазгылачы бай болгурлар!!
27.06.2016. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
aruukeni zorduktap koiuwtu bele. anan owondoi kyzdy ala berse bolobu
27.06.2016. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Jooshbai,кызык анан эмне омур бою куйоого тийбей отсунбу?
27.06.2016. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне учуп кетишсе болбойт беле????
27.06.2016. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ии эми экоону кармап алып дагы кыйнашат.
27.06.2016. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Черттуку
27.06.2016. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир жума эн эле коп экен китебин кайдан тапсак болот?
27.06.2016. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эми эмне болот экен кызык????
27.06.2016. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
китеби бар бекен???
27.06.2016. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эй адамдар бул сериялды 86 га чыккан эне окуйт экен ар аптасын кутуп окуйм дейт оозум ачылды да калды угуп
27.06.2016. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чек ара томожное дегендерди эске албай калышканбы же, паспорттору жанында бекен э?
27.06.2016. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тезирак кыргызтанга келгиле силерди кыргыз окурмандарынар чыдамсыздык менен кутуп атат келгенде елди кыжыл кылбай айтып койгула. Биз уйго келип алдык деп
27.06.2016. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жанар бул жерде да баарын женип кетет, убагында машыгып туура кылгансын жаным
29.06.2016. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nazikbaigazy,ал Аруукенин жаны
28.06.2016. 04:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул чыгарманы сериал кылып тартса ааааабдан соонун болмок. Мен окуп жатып кадимкидей элестетип экоонун тунук махаббатын коз алдыма жандандырып окуйм. Сериал тарткылаа сураныч
28.06.2016. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми эмне болот байкуштар эптеп табышканда тигиниси кайдан чыга калды
28.06.2016. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Достоор суйунчу биринчи жолу комментарий калтырып атаам
28.06.2016. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми эмне болот байкуштар
28.06.2016. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми не болот бактылуулар
29.06.2016. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам достор мен бул чыгарма менен ооруп калгам эн жакшы сериал ...)
29.06.2016. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен акыркы
29.06.2016. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турмуштагы тамашалуу тагдырлар... Бул чыгарма эмес роман болсо жарашат эле
29.06.2016. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабырдын тубу сары алтын. Жанар сабыр кылып баарына чыдап анан жетти
29.06.2016. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанардай азаматтар коп торолсун
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо