Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АЙЫЛ ИМАМЫ 10 ЖАШАР БАЛАНЫ ЗОРДУКТАГАН ДЕП ШЕКТЕЛҮҮДӨ

№712 24-июнь-30-июнь, 2016-ж

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы айылдардын биринин 58 жаштагы имамы көптөн бери 10 жашар баланы зордуктап жүргөн деген шек менен камакка алынды. Бул боюнча кененирээк маалымат издеп көрдүк.

"БАЛАНЫН ЗОРДУКТАЛГАНЫН ЭКСПЕРТИЗА ТАСТЫКТАДЫ"

Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынын кызматкери Самара Кыдырова окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 18-июнь күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ат-Чабар (Октябрь) айылынын К.С. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылды. Ал өз арызында ошол эле айылдын Г.П. аттуу имамы 2006-жылы туулган уулун бир нече жолу зордуктагандыгын билдирди. Бул факт боюнча Сузак
РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам аракеттердин натыйжасында ошол эле айылдын 1958-жылы туулган Г.П. аттуу тургуну кылмышка шектелип кармалды.
Кармалган адамдын сөзүнө караганда, ал мурун соттолгон эмес, 8 класстык билими бар. Ал ошол эле айылдагы Гапиржан ходжа мечитинин имамы болуп иштеп жүргөн. Кылмышка шектүү суракта кылмышын моюнуна албай жаткан, бирок соттук-медициналык, соттук-биологиялык экспертизалардын жыйынтыгында баланын зордукталганы аныкталды. Жабырлануучу бала да психологдордун катышуусунда көрсөтмө берди. Сузак райондук сотунун чечими менен кылмышка шектелип кармалган Г.П. 2 айга тергөө абагына камалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

"АКСАКАЛДАР МЫНДАЙДЫ ӨЛТҮРҮШ КЕРЕК ДЕП ЖАТЫШАТ"

Жабырлануучу баланын энеси уулун кордогон адамды кечирбейм, сотто аягына чейин барам дейт:
– 4 балам бар, зордукталган балам үчүнчүсү. Бүгүн Жалал-Абад шаардык ооруканасында анын көтөн чучугуна операция жасалды, абалы кичине оңолуп калды. Баламдын жанында болуп жаттым эле, азыр эле үйгө келдим.
Кошунам Пайзулла уулумду көптөн бери эле үйүнө алдап алып кирип зордуктап жүрүптүр. Уулум болсо анын "бирөө-жарымга айтсаң өлтүрөм" дегенинен коркуп айтпай жүргөн экен. Бычак да такап коркуткан дейт. Кээде алдап 50 сомдон акча да берип койчу экен. Мүнөзү да өзгөрүп, чүнчүп кеткен. Жакында гана бул тууралуу бизге айтып берди. Биринчи кошунабызга барып "эмне үчүн мындай кордук кылдың?" деп сурасак, "силердин ишиңер болбосун, кааласам небереңерди да ушинтем" деп койду. Андан кийин кайра "10 миң сом берейин, эч кимге айтпагыла" деп үйгө келиптир. Биз анын үстүнөн милицияга арыз жазмакчы болдук, бирок апам өтүп кетип аны жерге бергиче бошобой калдык. Андан кийин гана милицияга барып арыз жаздык. Тергөө учурунда уулум кошунабызга качан, кайсы жерлерде зордуктаганын бетине коюп бергенде ал кылмышын моюнуна алды.
Баламды зордуктаган адам менен кошуна жашайбыз, киришип-чыгышып, алышып-беришип эле жүргөнбүз. Өзүнүн 6 баласы бар, улуулары өзүнчө үй жай күтүп калган. Мечиттин имамы, бир нече жолу ажыга барып келген. Ажыга барчуларды да жетектеп, ажы башчы болуп жүргөн. Кантип мындай ишке барганына мен деле түшүнбөй турам. Биз милицияга арыз жазгандан кийин айылдын аксакалдары жалаа жаап жатасыңар дегенсип бизди жаман көрүп жатышкан. Экспертизанын жыйынтыгы чыгып, өзү да моюнуна алгандан кийин "аны атып өлтүрүш керек" деп калышты.
Уулумду зордуктаган адамдын үй-бүлөсү бизге келип "аны чыгарып бергиле" деп тополоң кылып жатышат. "Чыгарып берсең балаңды дарылатууга кеткен чыгымды көтөрүп беребиз" дейт. Бирок мен уулумду ушунчалык кордогон адамды кечирбейм, сотто да аягына чейин барам.

"ИМАМ КҮНӨӨЛҮҮ БОЛСО ЖАЗАСЫН АЛАТ"

Бул боюнча муфтийдин биринчи орун басары Акимжан Эргешов менен байланыштык. Кылмышка шектелип кармалган имам аттестациядан өттү беле, өтсө качан өткөн, мындай окуялар кайталанбашы үчүн муфтият тарабынан кандай чаралар көрүлүүдө деген суроо узатып, төмөнкүдөй жооп алдык:
– Так датасын азыр айта албайм, бирок ал имам былтыр аттестациядан өткөн. Ал күнөөлүү же күнөөлүү эмес деп азыр айта албайм, аны сот чечет. Эгер күнөөлүү болсо анда ал мыйзам чегинде күнөөсүнө жараша жазасын алат. Мындай окуялар болбошу үчүн биз бир эле имамдарга эмес, жалпы элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Бардык айт, жума намаздарда балдардын, аялдардын укугун коргоо тууралуу тарбиялык маанидеги сөздөр айтылат.

"ЖИНДИ" ДЕЛГЕН МЕДРЕСЕ МУГАЛИМИ ТАЗА ЧЫКТЫ

Дин кызматкерлеринин балдарга сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөткөн учуру биринчи жолу болуп жаткан жок. 2012-жылы Ош шаарындагы медресенин окутуучусу Нурсеит Калыбай уулу 9 жаштагы баланы бир нече жолу зордуктаган деп айыпталган. Анын үстүнөн кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Тергөөдө жабырлануучу бала мугалими аны башка бөлмөгө алып кирип зордуктап жүргөнүн айтып берген. Экспертизанын жыйынтыгында бала бир нече жолу зордукталганы аныкталган. Кылмышка шектелип кармалган Нурсеит Калыбай уулуна психиатриялык экспертиза дайындалып, Кызыл-Жар ооруканасынын дарыгерлери ага "акыл-эси жайында эмес" деген корутунду чыгарып беришкен. Бул иш Чубактын чуусундай чубалып отуруп, аягында Ош шаардык соту медресе мугалимине "акыл-эси жайында эмес болгонуна байланыштуу кылмыш жоопкерчилигинен бошоп, мажбурлоо иретинде дарылансын" деген чечим чыгарган. Мындай чечимге макул болбогон жабырлануучунун жактоочулары медресе мугалимине карата жаңы экспертиза дайындатууга жетишишкен. Жыйынтыгында 2015-жылы февраль айында Чым-Коргондогу психиатриялык оорукананын дарыгерлери Нурсеит Калыбай уулуна карата "акыл-эси жайында" деген корутунду чыгарышкан. Бул ишти кайрадан караган Ош шаардык соту үстүбүздөгү жылдын январь айында Нурсеит Калыбай уулун 15 жылга эркинен ажыраткан.
"Бир кумалак бир карын майды чиритет" дегендей, мындай "молдокелер" башкалардын да аброюна көлөкө түшүрүшүүдө. Укук коргоо жана сот органдары бул оор кылмышты туура тергеп, акыйкат чечим чыгарып, күнөөлүү тиешелүү жазасын алат деп ишенебиз.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(66)
27.06.2016. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу кантип болсун Молдо ушинтсе Анда калганы кантет ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2016-06-27 16:01:56
27.06.2016. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bishkek, провокациялык билдирүү калтырууга тыюу салынат!
29.06.2016. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Bishkek,ал адамдын кылганы ото жаман жийиркеничтуу нерсе...бирок молдолор деп жалпылаганы болбойт...Евтопадагы поптор толтура го мындай иштер менен кармалган...Европанын поклонн иктери дуйно жанылыктарын окусанар боло....
27.06.2016. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Izdeim_seni эн туура айттыныз эмнеге ушул ХХХ ХХХ атынан коюшат кыжырын келет, бул молдоке ХХХ ХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2016-06-27 17:39:24
27.06.2016. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
ayushka,
Улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга жол берилбейт! Башкалардын улутун кемсинтүүгө тыюу салынат! 10 күн БАНга!
27.06.2016. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
oylobosun elder moldonun baary ushul dep,bul bir kishinin kemchildigi,islamda kemchildik jok.
27.06.2016. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Дин жок болсо адамдар бузулуп кетет деген туура эмес. Дин болсо деле бузула берет.
27.06.2016. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
молдонун айтканын ук кылганын кылба дейт ошон учун
27.06.2016. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Barchyn89,сага кошулмбайм... молдолуктан эмес...адамдык сапат...
27.06.2016. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Toboo erkekti erkek zorduktap kalgan zaman keldibi EE,bolgondo da ajylar.......akyr zamandan belgisi uwu bele ee
29.06.2016. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
stervella415,соз ажылыкта эмес... адамдык денгэээээлде... поптор кундо кармалып жатат европада...
27.06.2016. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аллах жазасын берсин
27.06.2016. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жаш балдарга зордук корсоткон чон адамдарды ХХХ ХХХ ХХХ. Качан ошондой мыйзам кирет бизге! Баарынан да эненин журогу эзилдиго. Балам деп туну куну баккан эненин убалына калсын ошол мээси айныган!!!
Модератор admin_portal түзөттү 2016-06-28 10:01:46
28.06.2016. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kamila88, провокацияга жол жок! Эскертүү!
28.06.2016. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кой терисин жамынган карышкыр.Мындайларга катуу жаза бериш керек башка балдар кордолбошу учун.Бир жинди эмес мин жинди болсо дагы .Дагы жинди деп дарылатып эс алдырып койбой
28.06.2016. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Педофолия бул психалык ооруу, анан кантип молдо андай кылды деген суроо келет. Бирок офисте отурган адам да, мугалим да балдарга карата зордук корсотушу мумкун. Кеп кесипте эмес, кеп биздин моралдык баалуулуктарды жоготконубузда, ыйманды, урматты, сыйды, наристелердин кордолушуна жол беруубуздо. Ошол балдардын эсинде калган кордук очпойт, алар коомдо оз ордун табышабы? Талкаланган тагдыр, омур, ишенич...
Акыркы убакта бул конумушко айлангандай, чара коруу керек!
28.06.2016. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Эн ишеничтуусу ата- энелер балдарды кароосуз таштабаш керек. Туугандарга да окуп, билип журобуз кандай окуялар болгонун. Эн эле оптималдуусу го дейм. Сактансан кудай сактайт дегендей.
28.06.2016. 04:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Озубуз айтып жатабыз акыр замандын белгилери келгени деп бирок дагы деле сурак берчу кунго дайарданбай шайтанга азгырылып журобуз. Дин жолунда эместер деле кандай кылмыштарды кылып жатат бири бирини олтуруп союп атасы баласын кызы энесин бирок башка динде эместерди силер ушундайсынар деп айтпайбыз себеби ал кылмышты бир адам кылды ал эми бул молдоке да озу кылды баардык дин жолунда жургондор эмес. Ошондуктан эч качан жалпылап айтпоо керек. Эгер бул молдо куноолу болсо ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2016-06-28 09:43:09
28.06.2016. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mariyam89, провокацияга жол жок! Эскертүү!
Модератор admin_portal түзөттү 2016-06-28 09:44:06
28.06.2016. 08:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошондой кылган болсо ит кылбаган нерсени кылыптыр,жазасын АЛЛА озу берсин,элдин арасында андайларга орун жок. Мен ММК кайрылып,суранып кетет элем,бул нерсени кайра кайра айта берип,баланын жарасына туз чачкандай болбойлучу,балага болгон окуяны унутканга жардам берели,ушул макалаларды архивден дагы очуруп салсанар,балага кандай чон жардам берген болот элениздер
28.06.2016. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Siren.ms, улуттар арасында түшүнбөстүк, провокация жаратуучу билдирүүлөргө тыюу салынат! 10 күн БАН!
28.06.2016. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балам эле балам дейт эркек баланы зордуктап тыштаганбы кудай сакта тем боле имам акыр заман келгени калган окшойт?!
Муну куноосу канчалык экени озу жакшы билсе керек!!!
28.06.2016. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uhtishka., сунуш, суроо, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек! 3 күн БАН!
28.06.2016. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бир карын майды бир кумалак чиритет деген ушу. Азыр кыргыз элинин 70% ыйман жолуна тушуп жума намазга барышат бул жакшы корунуш бирок ошо жума намазда саждага жыгылып атканда Алладан эмнени сурап атат ошо кызык же ойу башкадабы айтор тун куйук.Биз кобунчо озубектерди туурап жашап калдык колдон келсе кыргызча так суйлосок мейли тилди оордуна келтиришиш кыйын бирок ошо озубек туугандардын озумчулдугу дуйно дегенде жанын бере турган мунозун жана маданиятсыздыгын туурабай эле жашасак.
28.06.2016. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Намаз окуп алып ар кандай куноолорду кылышат алдайт антип намаз окубай эле койсо.Намаз окугандан адамдан намаз окубай жургон адам кооп сооп алгандар бар сырттан караганда.Аллага чын журогун менен ишенип сооп алсан кочоого чыксан толтура сооп тураткочодогу таштандыны алып кой айлык алсан кенкейип керсейип калбай баарына тегиз мамиле кыосан бул дагы сооп айтор айта берсе коп.Анан бироого жакшылык кылып ага кылган жакшылыгынды колкоо кылган жакшылык куткон бул туура эмес.
29.06.2016. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Минус коюлган комменттерди окудум...ал адамдын талабын талашкан эч ким жок... баары эле жаман иш деп айтып жатышат...минус койгондорго тушунбодум...
29.06.2016. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ха ха ха
29.06.2016. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Андай адамга бул жашоодо орун жок деп ойлойм, аялынын, балдарынын бетин деле кантип карайт
29.06.2016. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adiksaparmurat
Бул жерде Диндин,намаздын ал адамга эч кандай тиешеси жок.Намаз жаман иштерден кайтарат.Демек намазында кемчилиги бар деп адамдын озуно тоюс адамгерчилигине коюуу керек куноону.Анан да эч кандай мусулмандык парзды аткарбай туруп,мусулманга тиешелуу соопко ээ боло албайт эч ким.Журоктун таза,таза эмес экенин Аллах чечет.Сен озун отуруп алыпле журогум таза деп билгенинди кылган болбойт.Ар жердин закону болгондой Исламдын закону менен жашасан гана сен айткан сооп эселеп берилээ
Gulzat86 түзөттү 2016-06-29 13:10:12
29.06.2016. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Gulzat86,Ма Ша Алла эн туура аттын.
02.07.2016. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Gulzat86, кээ бир адамдарга окшоп кудай, кудай деп коюп ыплас иштерди кылгандан коро, исламдын амалдарын аткарбай туруп деле сооп иш кылгандар жуз эсе коп сооп алса керек.
29.06.2016. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Шумдугун кургур...
Төбө чачын тик турат, ушундай дагы болчу беле?! Жыл өткөн сайын намазга жыгылган адамдар, орозо туткан пенделер көбөйүп, дабаатка чыккан мусулмандардын саны артып баратат. Бирок, элибиз ыйманга толгондун ордуна, терс сапаттары көбөйгөндөй. Имамдарыбыз бизге үлгү көрсөткөнү ушулбу? Бирөөсү эл алдында урушуп, экинчиси мындай иш кылып... Өтө өкүнүчтүү... Эне менен баланын мындан кийинки жашоосу бейпил өтөөрүнө ишеним артамын!
30.06.2016. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nemo_0587, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
30.06.2016. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жаркыраган нурданган эн таза ыйык динибизди ушундай чала молдолор жаман корсотуп жатышат окунучтуу бул дуйнодо алган жазасы аз акыреттеги жазасы чексиз. Алла озу жазасын берсин.
30.06.2016. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
буга окшогондор саткындар да эвропа акча берет динди жаман корсот деп булар акчаны алып алып айтканын кылып журушот буга окшоп европага сатылгандар толтура
01.07.2016. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
молдонун айтканын кыл, жасаганын кылба деп бекер айтпаган. Молдобу башкабы Аллах озун ынсап ыйман бере кор
01.07.2016. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
молдоке дагы ушул ишке барабы...
01.07.2016. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соттор эмнени карап отурушат. Кыжырынды келтирет. Жок дегенде омур бою эркинен ажыратыш керек да. Баардык далил бар болгондон кийин созуп журобербей сразу камашпайбы. Бир нерсе болсо эле оорукчан болуп чыгакелишет. Ушуга окшогондор баардык молдолорду уят кылыпатышат. Эхх ушуга окшогондорду.......
19.09.2016. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Обетке чейин имам обеттен кийин ибан экен да абдан жапайы иш ойго келбеген
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо