БАЛИГЕ БАРЧУ СУЛУУ БАРБЫ?

№713 1-июль-7-июль, 2016-ж

Өзүнө ишенген, ай чырайлуу, бою 165 сантиметрден жогору, 1988-1998-жылдар аралыгында төрөлгөн, турмушка чыга элек бийкечтерди сынакка катышууга чакырабыз. Эгер сиз алыскы Индонезияда, океандар кучагында жаткан Бали аралына барып эс алып келүүнү кыялданып жүрсөңүз, анда чамдаңыз!

Сынактын шартына ылайык, ар аптанын жума күнү гезит бетине экиден катышуучунун сүрөтү жарыяланып, SUPER.KG порталына добушка коюлат. Добуш берүү сулуулар гезит бетине чыккан жума күнү саат 9:00дөн баштап кийинки аптанын шаршемби күнү саат
15:00гө чейин жүргүзүлөт. Көп упай чогулткан катышуучу финалга өтөт.
Толук маалымат алуу үчүн 0312 323327 номерлерине чалыңыздар.

АЙПЕРИ ТОКТОГУЛОВА

Жашы – 20
Параметри – 82-63-90
Бою – 168 сантиметр
Салмагы – 53 килограмм
Учурда – Кыргыз улуттук университетинин финансы кредит бөлүмүндө 3-курста окуйт.


«СУЛУУЛАР МЕНЕН ТАЙМАШКАНГА ДАЯРМЫН»

– Айпери, идеалдуу айым кандай болушу керек деп ойлойсуң?
– Ар бир айым өзүн таза, тыкан алып жүрүш керек, жадакалса басканы да эл суктангыдай болуусу зарыл. Мен модель болуу үчүн эмес, өзүмдү татыктуу алып жүрүүнү үйрөнүү үчүн атайын курста окугам. Ал жактан дефиле, сүрөткө туура түшкөндү үйрөндүм. Ошондой эле өтө боёнгон кыздар жакпайт. Өзүм боёкко жакын эмесмин. Буюрса, окуумду бүтүп, банк тармагында иштегим келет.

– Банкир болгусу келген кыз каникулда эмне менен алек болуп жатат?
– Учурда түрк сериалдарын көрүп убакыт өткөрүп жатам. Андан сырткары үйдүн улуу кызы болгондуктан үй иштери менен алекмин. Үй жыйноо, тамак жасоо, ини-сиңдилеримдин түйшүгү менин моюнумда. Тамакты түрлөп жасаганды жакшы көрөм. Өзгөчө лагман чойгондон ырахат алам. Сулуу болбосом да жылдыздуумун, эч кимге окшошпогон өзгөчөлүгүм бар деп ойлойм. Колумдан баары келет, андыктан сулуулар менен таймашканга даярмын.



АЙГҮЛ САМАТОВА

Жашы – 23
Параметри – 85-61-92
Бою – 168 сантиметр
Салмагы – 56 килограмм
Учурда – Бишкектеги сулуулук салондорунун биринде визажист болуп иштейт.




«КИНОДО РОЛЬ ЖАРАТКЫМ КЕЛЕТ»

– Айгүл, визажист болуп иштээриңди билебиз, өз кесибиң тууралуу айта кетсең?
– Мен Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин аяктагам. Кесибим дизайнер-технолог. Бирок бул кесибим менен иштеген жокмун. Кичинемден боёнгонго кызыкчумун. Ошондуктан визажисттик курска окуп, 3 жылдан бери сулуулук салонунда иштеп жатам. Андан сырткары бийге кызыгам, айрыкча латын бийин бийлеген жагат. Бош убактымда сууда сүзөм.

– Баамымда, чыгармачылыкка аябай жакын окшойсуң?
– Туура баамдадыңыз, студент кезде көргөзмө-сынактарга модель катары чыгып жүргөм. Андыктан подиумда өзүмдү жоготпой, татыктуу баса алам. «Сулуулар сынагына катышпайсыңбы?» деп тааныштарым көп айтышчу. Бул сынак менен катар башка дагы сулуулар сынагына катышууга чакыруу алгам. Эмнегедир бутум ал жакка эмес, силерге тартып туруп алды. Чыгармачылыкка жакынмын, клиптерге тартылып, кинодо роль жаратып, өзүмдү экрандан да сынагым келет. Албетте, бул иш менин колумдан келет деп ишенем.



SUPER.KG порталында жүргүзүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыгында Айсүйкүм 115 добуш алып, финалга чыкты. Ал эми Роза 31 добушка ээ болду.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(11)
04.07.2016. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыздарга ийгилик!жаштары улуу корунот экен экинчисинин
04.07.2016. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Тообо кылдым Кыргызстанда сулуулар төрөлбөй атабы?
04.07.2016. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
zara-919,Мен да конкурсанттардан сулууларды байкабай атам.Бирок катышпаганы эле туура го.Жыланач болуп эл алдына чыккыча,бактылуу болуп Балиге барсын.
04.07.2016. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чоон эле аялдай корунотко. Особенно экинчиси
05.07.2016. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизичи, туфлини колготкисиз кийбеш керек, ошондой эле босоножканы колготкисиз эле кийсе болот. Байкасам, кыздар аралаштырып эле кие беришет экен.
05.07.2016. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
suluunu baryp aiyldan izdegile, waardyk kyzdarymar myndai ele bolup kalat
05.07.2016. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуу кыздар бизде деле коп бирок сулуумун деп умтулушпайт го дейм
06.07.2016. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айпери Токтогуловага добуш берем
07.07.2016. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Минин аялым силерден сулуу екен
10.07.2016. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи кыз жакшынакай экен
18.07.2016. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экинчиси 21 жаш дейт.мен 23 томун.менин жанымда ал кыз апамдайго.лаккыятго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо