Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«ӨНҮГҮҮ-ПРОГРЕСС» ФРАКЦИЯСЫ ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ УБАДАЛАРЫН АТКАРУУДА

№713 1-июль-7-июль, 2016-ж

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясы 8 айда 2088 адамды кабыл алды. Фракция бул айлардын ичинде 24 жыйын өткөрүп, 108 чечим кабыл алынган. Фракция жыйынында кабыл алынган чечимдердин бардыгы Кыргызстандын мындан аркы туруктуу өнүгүүсүнө багытталып, социалдык-экономикалык, экология, айыл чарба, сот-укуктук, эл аралык маселелерди жана башкаларды камтыган. Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын базасында жумасына бир жолу жарым сааттан айыл чарба темасындагы актуалдуу маселелерге арналган атайын берүү такай уюштуруп туруу чечими чыккан. Учурда КТРКда "Элеттеги эмгек" телекөрсөтүүсү жума сайын эфирге чыгууда. 18 мыйзам долбоору каралып, фракция депутаттары 35 мыйзам долбоорун демилгелеген.
   «Өнүгүү-Прогресс» партиясы шайлоо алдындагы убада катары көтөрүп чыккан оң рулдуу унааларды коммерциялык максатта пайдаланууга тыюу салынган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам күчүнө кирди. Ага ылайык, мыйзамды кабыл алуу 2020-жылдын 1-январына чейин жылды. Милдеттүү түрдө унааларды камсыздандырууну үч жылга, 2019-жылдын 7-февралына чейин жылдыруу боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда Жогорку Кеңештен өттү. Өкмөт, мэрия, министрликтерге 48 тапшырма берилген. Мындай тапшырмалардын бири – өлкө боюнча машина-трактордук станцияларды куруу болгон. Натыйжада, айыл өкмөттөрдүн базасында МТС уюштурууга уруксат берген өкмөттүн токтому чыккан. Учурда Сокулук жана Ат-Башы райондорунда алгачкы мамлекеттик деңгээлдеги МТСтер ачылды. Бүгүнкү күндө 86 айыл өкмөтүнөн МТС ачуу тууралуу арыз келип түштү.
   Саламаттыкты сактоо министрлигине берген тапшырмасына ылайык, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын «Өз жүрөгүңдү сакта» долбоорун натыйжалуу улантуу максатында аймактардагы калктын саламаттыгын текшерүү үчүн медициналык бригадалар түзүлгөн. Учурда бул медициналык бригадалар 17 миңге чукул адамдын саламаттыгын текшерди жана бул долбоор дагы да улана бермекчи.
   Фракция депутаттарына 1570 кат, кайрылуу жана арыздар келип түшүп, каралып чыккан. 1323 катка жооп жиберилген. "Күчтүү мамлекет – күчтүү үй-бүлө" балдарды коргоо уюму фракция депутаттарына жашы жете элек балдарга карата зордук-зомбулук көрсөткөндөргө каршы биргеликте иш-аракет кылалы деген сунуш менен келген. Буга чейин "Өнүгүү-Прогресс" педофилдерге карата өлүм жазасын киргизүү демилгесин айтып, ал шайлоо алдындагы убадалардын бири болгон. Аталган уюм фракцияга 13 миңге жакын жарандардын колу коюлган документ тапшырды. Бул боюнча Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Фракциянын депутаттары референдум жолу менен өзгөртүү киргизүү керек деген мыйзам долбоорунун демилгечилеринин катарында. Мындан тышкары 2088 адамды фракция депутаттары жеке жана коомдук кабылдама аркылуу кабыл алган. 15 мыйзам ратификацияланган. Келишимдерди денонсация кылуу 2 жолу каралган. 14 талапкерлерди колдоо жана сунуштоо болгон. 3 жумушчу топ, 1 депутаттык комиссия түзүлгөн.

Ибрагим Жусуев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(3)
04.07.2016. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы...
06.07.2016. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эл эмгегин жер жебейт, Эр эмгегин эл жебейт. Ийгилик! Ниетиниздер дайым ушундай туз болсун!
07.07.2016. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы жанылыктар дагы бар экен го, оо кудай убадасына так турган министирлерибиз кобойсо экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо