Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

УУЛУ АТАСЫН БЫЧАКТАП ӨЛТҮРДҮ ДЕП ШЕКТЕЛҮҮДӨ

№713 1-июль-7-июль, 2016-ж

Жакында Ош шаарында өз атасын мыкаачылык менен өлтүргөн деген шек менен 39 жаштагы жаран кармалды. Бул үрөй учурган кандуу окуянын келип чыгуусуна эмне түрткү болгондугун иликтеп көрдүк.

МАРКУМ МЫКААЧЫЛЫК МЕНЕН ӨЛТҮРҮЛГӨН

2016-жылдын 16-июнь күнү Ош ШИИБине Ош шаарындагы үйлөрдүн биринен киши колдуу болуп өлтүрүлгөн 77 жаштагы адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам иликтөө тобу барып, ал адам көкүрөк тушуна бир нече ирет бычак сайылгандан улам каза болгонун көрүшкөн. Маркум Ош шаарынын тургуну, 1939-жылы туулган Ж.У. болуп чыккан. Бул кылмыш боюнча тиешелүү материалдар чогултулуп, "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү катары каза болгон жарандын 1977-жылы туулган уулу кармалды.

"КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ ПСИХИКАЛЫК ЖАКТАН ООРУЛУУ ЭКЕН"

Ош ШИИБинин тергөө бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Кадыровго байланышып, окуя тууралуу кенен маалымат алдык:
– 16-июнда Ош шаарынын Ворошилов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен 1939-жылы туулган Жахар Урозалиев аттуу жарандын жансыз денеси табылган. Анын денесине 29 жолу бычак сайылгандыгы аныкталган. Бул окуя боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Аны тааныгандарды суракка алганыбызда коңшулары жана маркумдун жубайы окуя болгон маалда маркумдун жанында анын уулу гана болгондугун билдиришти. Үйүндө башка эч ким болгон эмес. Ошол эле күнү кылмышка шектүү катары маркумдун 1977-жылы туулган уулу кармалып, суракта кылмышын моюнга алды. Учурда ал Ош шаарындагы №5-СИЗОдо.
Кылмышка шектүү 16 жашынан бери психикалык жактан оорулуу катары каттоодо турары белгилүү болду. Бул маалыматтарды тастыктоо максатында соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды. Эгер анын акыл-эси ордунда эместиги такталса, анда ал соттун чечими менен мажбурлоо түрүндө психикалык ооруканага жаткырылат. Мындан сырткары да соттук-биологиялык, соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, алардын корутундулары азырынча чыга элек. Тергөө иштери жүрүп жатат. Маалымат борборунан кылмышка шектүүнүн мурда баскан-турганын текшердик. Ал буга чейин соттолгон эмес. Коңшуларынын жана кылмышка шектүүнү тааныгандардын айтымында, эч жакта иштебей үйүндө отурчу. Ал бир нерсе кылса, мисалы, бирөөнүн буюмдарын уруксаты жок деле көтөрүп кете берсе эч ким унчукпай, өз билгенин жасачу экен. Мурун психиатриялык ооруканага жатып чыгыптыр.
Мен кылмышка шектүү дарыланган ооруканага барып, ал жактагы кызматкерлер менен жолуктум. Дарыгерлердин айтымында, оорулууну ооруканадан ата-энесинин макулдугу менен гана чыгарышат экен. Кылмышка шектүүнү ата-энесинин суранычы менен 2012-жылы үйүнө жашоого уруксат беришиптир. Андан соң Баткен облусундагы да бир психиатриялык ооруканага жаткырышып, 10 күндөн кийин ата-энеси кайра алып баса беришкен. Сыягы баласы бир нерсени талкалап же өрттөп, агрессияга өтө алдырчу эмес окшойт.

"АТАМ ЭКӨӨБҮЗ СЫНАЛГЫНЫН АЙЫНАН УРУША КЕТТИК"

Ал эми өз атасын бычактады деп шектелген Ш.У. сурак учурунда окуя эмне себептен болгондугун төмөнкүчө түшүндүргөн:

– Мен үйгө киргенде атам бөлмөсүндө уктап жаткан экен. Көрөйүн деп сыналгыны күйгүздүм. Атам ойгонуп "сыналгыны өчүр" деди. Мен ага макул болгон жокмун. Сыналгынын үнүн болушунча бийик чыгардым. Себеби менин кулагым жакшы укпайт, ошондуктан дайыма сыналгынын үнүн бийик чыгарып көрөм. Анын айынан атам экөөбүз уруша кеттик. Ачуум менен ашканада турган бычакты ала калып, атамды бир нече жолу сайып жибердим. Ал каза болуп калганын билгенде гана эшикке чыгып качып жөнөдүм. Чуркап баратып тайып сууга кулап түшүп, агып кеттим. Бирөөлөр мени суудан алып чыгып, ал жактан мени "Тез жардам" кызматы ооруканага алып кетти. Ооруканадан медициналык жардам көрсөтүлгөн соң милиция кызматкерлери келип, мени кармап кетишти. Кылган күнөөмдү толугу менен моюнума алам, мен атамды өлтүрдүм.

"ЖОЛДОШУМ МЕНЕН УУЛУМ МАЙДА-БАРАТ ИШТЕРДЕН УЛАМ УРУША КЕТИШЧҮ"

Күтүүсүз жерден күйөөсүнөн ажырап, уулу камакка алынган аялдын күйүтүн айтпасак деле белгилүү. Маркумдун жубайы Юлдузхан Урозалиева тергөө учурунда үй-бүлөсү тууралуу буларды билдирген:
– Күйөөм экөөбүз 4 уул, 1 кызды тарбияладык. Уулдарымдын бирөөсү ооруп каза болуп калган. Калгандары өз алдынча турмуш куруп кетишти. Үйдө күйөөм, уулум Шавхат жана мен болуп үчөөбүз жашачубуз. Башка балдарымдын акыл-эси жайында, Шавхат кичинекейинен эле психикалык жактан жабыркап келет. 6-класска чейин мектепте окуп, андан кийин ден соолугуна байланыштуу окубай калды. Мурда үйлөнткөнбүз. Аялы менен 8 ай жашап ажырашып кеткен. Кээде оорусу кармап калса буулугуп, ачууга алдырып, үйдө чыр салган учурлары болчу. Бирок көчөдөн коңшу-колоңдорго кол салган учурлары болгон эмес. Коңшу-колоңдор менен деле мамилеси жок болчу. Акыркы айда дарыгерлер жазып берген дарыларды өз убагында ичүүдөн баш тарткандыктан алдап-соолап ичкен тамагына кошуп берип калганбыз.
Уулум менен жолдошум кээде майда-барат иштерден улам уруша кетишчү. Мисалы, атасы "муну кылып кой" десе, Шавхат "жок, кылбайм" деп урушкан күндөрү болгон. Андайда мен ортого түшүп, аларды тыйып койчумун. Ошол күнү азык-түлүк алганы базарга кеткен элем. Үйдө күйөөм менен уулум экөө калган. Экөө уруша кетишип, мындай каргашалуу окуя болуп кетиптир...
Бул окуя боюнча тергөө иштери аяктай элек, сот кандай чечим чыгарат, азырынча белгисиз. Бирок акыл-эси жайында эмес адамды мажбурлоо түрүндө атайын ооруканага жаткырбаса коомчулукка зыяны тиери жогорудагы окуядан улам дагы бир ирет далилденип отурат.

Маркум ушундай абалда табылган.

Кылмышка шектүү күнөөсүн моюнуна алган.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(14)
04.07.2016. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудай сакта
04.07.2016. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тооба ушундай да болобу. Оз атасын бычактап. Аллахым жазасын берсин. Атасынын жайы жанната болсун.
04.07.2016. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыр заман деп ушуну айт...
05.07.2016. 02:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
kofesmolokom, сага окшогондор муз доорун да акыр заман дешкен аны бир кудай билет
06.07.2016. 04:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Erniet, муз доорун акыр заман деп айтып жургонду сенден билдим! Рахмат, маалымат учун! Биз кичине кезибизде кочо башында карыган кемпир жашайт болчу. Жалгыз, тууган-уругу жок.12-15 жаштардагы кыздар болуп, Жаш Тимурчулар аталып, уйуно жардам берет элек. Жумушубуз буткон сон, самоварга чай демдеп, узун жомок, уламыш ж.б. угат элек. Андан сырткары акыл-насаатын айтат болчу. Зордук-зомбулук, кыздардын бузулганы, ата-энеге кыянаттык кылуу, уурдап-тоноо, алдоону акыр замандын келгени дейт болчу!
06.07.2016. 05:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Erniet, ал эми муз доору деген озунчо бир эпоха деп билемин. Ал жаратылышта миллиондогон жылдарда бир кайталана турган нерсе. Андан коркуунун кереги жок. Мындай зоокурлордон коркуш керек! В переносном смысле (кыргызчасын таппадым, узур) айтылат "акыр заман" деп. Катту кетсем, кечирим сураймын!
04.07.2016. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акыркы убактары бул сыяктуу үрөй учурган окуялар көп катталчу болду...
"Өлүк адамдан эмес, тирүү жүргөн адамдан корк" де бекеринен айтышпайт тура.. Өз баласынын колунан ажал табуу атасынын оюна да келбесе керек эле.. Байкуш апасына эле кыйын болуптур..
04.07.2016. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жазылып туратго психикалык жактан оорулуу деп. Буну алдын ала дарылатыш керек болчу. Акыр замандын келишин бир жаратуучу алла таалага гана белгилуу.
04.07.2016. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Озбек улутундагылар екенда, ким болбосун мындай кунду еч кимдин башына салбасын
04.07.2016. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллахым озун сактай кор
05.07.2016. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жигарго
06.07.2016. 07:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш бала эки дуйносун куйгузуп жибериптир кудай сактасын
06.07.2016. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shahrizaada, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
09.07.2016. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла анын жазаасын берсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо