СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАРДАН БАШ ТАРТКАН ЖЫЛДЫЗДАР

№713 1-июль-7-июль, 2016-ж

Азыр технология өнүккөн заманда интернеттен каалаган адамыңды тапсаң болот. Айрыкча чыгармачыл адамдар күйөрмандары менен тыгыз байланышты түзүүнүн жакшы жолун табышкан. Атактуулардын ар бир социалдык тармакта өздүк баракчасы, миңдеген сүрөттөрү бар. Бирок алардын арасында бир да социалдык тармакта катталбаганы, катталып, бирок ордуна башка адамдар кирген белгилүүлөр да бар экен.

Бактияр Токторов: "КҮЙӨРМАНДАР АР КАЙСЫНЫ ЖАЗЫП ШАШТЫМДЫ АЛАБЫ ДЕП ЧОЧУЛАЙМ"
– Өзүм бир да социалдык тармакта катталган эмесмин. Интернет баш оорутма оокат. Биздин күйөрмандар көп, көп адам ар кайсыны жаза берип шаштымды алабы деп чочулайм. Социалдык тармактан атыңды билип турса деле "атыңыз ким?" деп сурай берген адамдар бар. Анан кечке интернетти чукулап отургандарга таң калам. Жөн эле убактыңды алат, андан көрө эки жакка басып, пайдалуу иш кылган жакшы. Мени телефонумдагы WhatsApp эле канча жүдөтөт, айрыкча СМС келген сайын үн чыга берет. Анан жооп бербей койсом таарынгандар чыгат. Негизи жазып, жооп берип отургандан зеригип кетем, андан көрө чалып түшүндүргөнүм оң.


Фарида Карбосова: "ИНТЕРНЕТ АРКЫЛУУ ӨЗҮМДҮ ПИАРЛАГЫМ КЕЛБЕЙТ"
– Негизи мен абдан эмоционалдуумун. Фотосессия кылып, сүрөткө түшүп илип койсоң сөзсүз бирөөсү келбетиңдеги кемчилигиңди айтып маанайды түшүрөт. Жакында эле жаңы клип тарткам, анда да мени "көзүн жасатыптыр, операция ийгиликтүү болуптур" деп сындагандар чыкты. Менин оозум бүтүп, эми көзүм калыптырбы. Ооба, идеалдуу эмесмин, бирок оозум чоң болобу, көзүм чоң болобу Кудайдын берген келбети ушундай, бир да жериме бычак тийгизген эмесмин. Кыларга иши жок бекерчилер оюна келгенин жаза беришет тура. Ушундан улам бир да социалдык тармакта өздүк баракчам жок. Сындагандар менен айтышып, кырылышып кетем. Мен өзүмдү интернет аркылуу пиарлагым келбейт, ырларым радиодон кетет, телевидениеден чыгат, ошол мага жетиштүү. Азыр карасаң баары эле дүкөнгө барып эмне кийим алганын, тамак жегенин, эс алып жүргөнүн, айтор, аки-чүкүнүн баарын тартып социалдык тармактарга жүктөй беришет. Адамда кичине өзү үчүн да жашоо калыш керек да. Баарын эле чыгара берсең өзүң үчүн эмес, интернет үчүн жашап калып жатпайсыңбы.



Клара Алибекова: "РЕАЛДУУ ЖАШОО ВИРТУАЛДЫК ДҮЙНӨДӨН КЫЗЫК"
– Мен популярдуу болуп турган учурда интернет жок болчу. Азыр сахналаш кесиптештеримдин көбү колдонушат, бирок өзүмдөгү интернетке болгон кызыгууну такыр ойгото албай койдум. Кээде гана super.kg порталына кирип видео көрүп, жаңылыктарды окуп коём. Менин оюмча виртуалдык дүйнөгө караганда реалдуу жашоо кызыктуураак. Социалдык тармактарда кайым айтышып, кийин жашоодо бет карашпай калган адамдарды билем. Ошон үчүн бир да социалдык тармакта жеке баракчам жок. Адамдар бири-бирине болгон таарынычты бетке эле айтыш керек. Билбейм, мен үчүн интернет кызыксыз дүйнө, интернетти мага караганда уулум жакшы түшүнөт.

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(17)
04.07.2016. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы баш тартканынан ким билет Хакердик чабул болуп кетеби
soft_hacker түзөттү 2016-07-04 09:09:44
04.07.2016. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Виртуал бекер эле убактынды алат, омурунду уурдайт
04.07.2016. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Тамак жегенин, кийим кийгенин интернетке баш бакпаса кайдан билет?
04.07.2016. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Союздун адамдары да
04.07.2016. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Туура кыласынар, инстаграмда барго, ырчы айымдарыбыз дуконго барса емне тамак жешсе каерде журушсо, баскан турганын киргизе берет адамдын кыжырына тийип
04.07.2016. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанылыктардан артта калып калышпайбы булар анан ? ))
04.07.2016. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Мындайча айтканда "Инстраграм" ырчы шоу чойродогу адамдардын, элге КУНУМДУК ОТЧЕТ УЧЕТу деп койдум))
05.07.2016. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Palan4a, отчету болсо мейли, ошол чачымды бул жасап берди, кийимди мобул дукондон алдым деп жарнамалаганы учун акча алып жан багып жатышпайбы. Кеп жарнамалоодо. Ошого аларда канча киши, фолловер коп болсо, ошончо жакшы акча толонот. Бекер отчет берип убакыт кетирген киши жоооок)))
04.07.2016. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Вирт чойродон баш тарткан эле жакшы. Жонокой менин эле канча убактым кетет..
05.07.2016. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура кылышат мен колдойм.
05.07.2016. 03:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Чыдасан интернетке суротунду жарыяла чыдабасан чыгарба бирок кундон кунго интернетте коп отурчу болдум чыныгы жашоо кызыксыз сезилет
05.07.2016. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен жашай албайм интернетсиз
05.07.2016. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Интернет бул озунчо эле тарых.Озун туралуу маалыматтардын баары бул жакта калат.Кийинки муундарга кызыктуу болуп калышы мумкун.Бул эч кандай пиар эмес,достор коп болот.Интернетти туура эмес пайдалангандар,алардын болгон маданияты,тарбиясы ошо да.
05.07.2016. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
реалдуу жашоо учун
06.07.2016. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Фарида сонун айтыптыр
06.07.2016. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Internet jok bolso zeerigishtuu alysty jakyn kylyp turat, sagyngan adamdarynyn surottorun korosun iiiii dep. Men bash tarta albasam kerek internetten.Birok kechke internet chukulap oturbaim.
07.07.2016. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен интернетсиз жашай алам бирок сайттардын баарына катталгам!Убак болгондо кирип турам.Инстаграммда ырчы ж.б атактуулардын 80%ине жазылгам.Атактуулардын жашоосу суроттору ырлары мага ото кызыктуу!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо