"ЖОЛДОШУМА ЭРЕГИШИП КӨҢҮЛДӨШ ТААП АЛСАМ ДЕЙМ"

№713 1-июль-7-июль, 2016-ж

– Мен сыртымдан карагандарга аябай бактылуу аялдай көрүнөм. Тааныштарым "сен бактылуусуң, жашооңор жакшы, жолдошуң чоң кызматтан түшпөй иштеп келет" дешет. Ооба, күйөөм Акаев, Бакиев, азыркы бийликтин тушунда да жакшы кызматтардан түшкөн жок. Акчаны жакшы табат. Эл суктангыдай эле заңгыраган үйүбүз, кымбат баалуу машиналардын түрү бар. Каалаганымды ичем, жейм, кийинем. Материалдык жактан жашообуз ойдогудай. Анан эмнеге нааразы болуп жатасың дебейсизби? Жан дүйнөмдүн жалгыздыгына, жардылыгына. Жолдошум баарын жөнгө салса да, менин көкүрөктөгү ушул көксөөмдү толтурган жок.
Экөөбүз студенттик кезде баш кошконбуз. Башында бири-бирибизге болгон мамилебиз ысык эле болчу. Мээримдүү, боорукер адамга туш болгонума кубанып жүрчүмүн. 2 балалуу болгондон тартып ал мээримин башка аялдарга да төгө баштады. Кызматтан жогорулаган сайын көңүлдөштөрүнүн саны арбып, улам жашыраагын тапканга көндү. Анын айынан канча ирет урушуп, ажыраштык. Төркүнүмө барсам же алар түшүнүшпөдү.
"Ой, баарын таап келип жаткандан кийин балдарыңды карап отура бер да. Сага дагы эмне керек?", "Кызматы бар, акчасы көп, бай күйөөнү кайдан табасың?", "Балдарың үчүн жаша..." Аларга акча, байлык болсо болду. Сенин эзилип, жанчылганың менен иштери жок. Далай ирет көз жашымды төктүм. Акыры балдарымды атасыз калтырбайын деп өзүмдү зордоп жашаганга түрттүм. Ошентип жүрүп 4 балалуу болдук. Азыр чоңдору турмуш куруп, куда-сөөк күтүп калдык. Элүүгө чыгып чоң ата, таята болду, токтолот дегем, анткен жок. Кайра күчтөнүп, кызынан жаш селкилер менен шапар тепкенин токтотподу. Жакында эле дачабызга кокусунан барып калып, жаш кыз менен кармап алдым. Ыза болгонумду айтпа. Жөн эле күйүп кеттим. Экөөнү тең тирүүлөй өрттөп салсам болмок. Анте албадым. Ачууланганымдан көзүмдөн жаш агып, сүйлөгөнгө да чамам келбей:
– Жаштык жериң калбады. Болду эми, жетишинче ойнодуң. Неберелериң чоңоюп жатат,- дедим болгону. Камырабай туруп:
– Бул кыздай боло албагандан кийин артымдан эмнеге аңдыйсың?! Сага эмне жетпей жатат?- деп ызырынып бетиме эки пачка долларды чачып, жаш кыз менен чыгып кетти.
Бул окуядан кийин көңүлүм мурдагыдан бетер сууду. Азыр өзүмдү караганга өттүм. Спорт менен машыгып, сулуулук салондоруна барып жүрөм. Жан дүйнөмдөгү боштукту толтуруп, жолдошума эрегишип башка бирөөнү таап алгым келет. Бирок ал нерсеге абийирим жол бербейт.

Чүрөк


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(67)
06.07.2016. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба да jeloo туура айтат намаз окуп дуба кылыныз бул жащоо сыноо бул сыноодо татыктуу отолу до чыныгы жашшоодо бейиштин торундо жашайлы. Ал эми куйоонуз аркы дуйнодо жооп берет зына куноолордун эн жаманы анын жазасы оор болот дешет го.
06.07.2016. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эч качан андай ишке бара корбонуз озунуз да таене чон эне болуп калыпсыз бул иш сизге жарашпайт аларга улгу болунуз тарбия бериниз спорт менен машыгыныз салондорго барыныз сизде баары бар экен саякаттаныз озунузду карап журунуз
06.07.2016. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kuionuzdun jazasyn Kudai ozu beret. Oz jolunuz mn baldarynyzdyn neberelerinizdin urmat syiyn korup juro beriniz! Ozunuzdu karap kiynip jakshynaakai bolup.
06.07.2016. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тим эле коюп коюнуз, озунузго караап, намаз окуп дуба кылып, кудайдан жардам суран
07.07.2016. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тоолук кыргыз,Jooshbai, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
07.07.2016. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
эки пачка доллар :O:O:O канча болуп кетет :-)
бир пачкасына чет олкого дем алып келбейсизби
07.07.2016. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баары окшошуптур го аягы окшошпой калыптыр. Куйоосу 50до болсо озу канчада экен. Анан 2 пачка доллар дгн $20мин болот. Бираз жомок блп калыптыр.
08.07.2016. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы жогоруда жолдошунузга очошуп жаман жолго тушпонуз дегендерге кошулам жана дин жолуна тушуунузду сунуш кылам. Аллахтан башка сизге жардам бере алчу бироо жоктур.
08.07.2016. 03:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жолдошунузга очошуп арам жолго барбаныз. Бул жалган жашоодо тартпаса азабын акыретте созсуз жоопсуз калбайт. Намаз окуп куйоонузго ыйман тилегенден башка айла да амал да жок. Аллах баардык иштен кабардар. Сабрду болунуз. Ат айланып казыгын табат дейт. Ойноп ойноп кайра келет. Бир куну кылганына окуноор кун келет ин ша Аллах.
08.07.2016. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эркек журсо бети ачылат,аял журсо ХХХ ХХХ дегендей оз абииринизди таза сактап калыныз. Сиз учун сыйлоодон калып,бети ачык болгон эрди ойлобой,жок элестетип,озунуз башка нерселер менен алек болунуз,алаксыныз.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-07-08 09:39:01
08.07.2016. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
GULI291289, этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. Оозеки эскертүү!
08.07.2016. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
arzuuu, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга тыюу салынган. 2 күнгө БАН!
08.07.2016. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайдагы жомоко комментарий жазып атасынар.
23.07.2018. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
modem4999, туптуура
08.07.2016. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
журок ооруп турганда ар кандай ойлор келет. Эркектерге кир жукпайт, аял кишилерге бул жашоодо оор го. Жогоруда жакшы кенештер болду, өзүнүздү карап, сулуу болуп, чет өлкөлөрдү кыдырып журө бериңиз да. Куйөө бүгүн бар эртең жок, эң башкысы балдар бар жерге тыштабайт...
08.07.2016. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабр
08.07.2016. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам бироого очошуп кылган иштин акыры окунуу менен бутот. Озунузду балдарынызды жакшы караныз. Сизге бир маселе кунуно беш маал намаз окунуз ошондо ыплас жолдо жургон куйонуз сиздин жанынызга келиштен да уялып калат.
08.07.2016. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Битке өчөшүп көйнөгүңдү отко салба-дегенди билесизби. Ага өчөшүп өзүңүздү отко түртпөңүз. Өкүнүп каласыз. Сизден кечирим сурап бутуңузга жыгылчу күн келет. Сабыр кылыңыз.
08.07.2016. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнени эле талашып жатасынар.фонтазия деп койот муну.бирок фонтазиясы бир ащ окшошпой калыптыр 2 пачка доллар деп
09.07.2016. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uli0404, ачуусу менен чапса чапкандыр мындан ары да коорок чаап турса эже тез эле жашарып озун ондоп алат^.^
08.07.2016. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сом деседа бир аз ишенмекминда
08.07.2016. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгерде чын эле ошондой болсо.сени да.куйоондуда кудай жазалайт.тозоктун отуна куйо электе ойундан кайт.карыганда ойнош кутом деп чокко куйосун.ойнош оттон ыссык ХХХ ХХХ деген соз жон айтылган эмес
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-07-11 10:34:20
11.07.2016. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uli0404, этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. Оозеки эскертүү!
09.07.2016. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сизге Аллахым бекем ыйман, сабр берсин... дуа кылыныз коп коп....
09.07.2016. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардык нерсеге сабырдуулук керек сабыр кылыныз
09.07.2016. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабыр кылыныз
09.07.2016. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дайармын тымызын жолугуп турууга, куйоонуздун акчасын чогуу чачабыз мага машина алабыз анан экооз каалаганча эс алабыз Ыссык.кол, кафе ресторан, караоке жашоо малина болот кандай дейсиз? Жооп кутом купядан.
09.07.2016. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул куйоонуздун жоруктары сиздин чечкинсиздигиниздин айынан уланып келет деп ойлойм,эрегишип чоп салбасанызда чечкиндуу жетишерлик кадамга эчак барышыныз керек болчу, куйоонузго эрегишпениз эрегишууго татыктуу эмес, озунуздун жыргалыныз, конулунуз учун конул чоп салсаныз болот себеби сиз дагы тируу жансызда,эркектен жылуу соз угууга, эркелоого акыныз бар,жана муну бироодон акыл суроонун, жарыялоонун кажети жок деп ойлойм
10.07.2016. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркектердин любойунда на стороне башка кыздары, аялдары болот. Эже, эми картайганда жаман ишке барбаныз, коросузго ошол чалыныз сизден башка эч киигекереги жок
10.07.2016. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ишенбейм..окшошпой калыптыр гооооо.
10.07.2016. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ачууга алдырбаныз эжеке
дагы 10жылдан кийин чалынызга ысык чайды ойноштору узатпайт баягы эле СИЗ!
10.07.2016. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул аялдын да конулу бар ,энсоосу бар...туура тушунгуло и раз куйоосу карабай кандыра албаса башка таап ала берин..кызгануу жаман.Сиз да махабаттын туу чокусуна жетип эркелегенге акыныз бар. ХХХ ХХХ ХХХ...тооба кылдым...эгер менин куйоом ошентсе мен деле счет кылып коем...аялдарды журогу сезими сезим эмес бекен
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-07-11 09:52:42
11.07.2016. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aijash90, этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. Оозеки эскертүү!
10.07.2016. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен айтаар элем, туура ойунуз бар экен. Эмнеге ага болот, сизге болбойт. Колдон келсе табыш керек жонулго жаккан адам.
12.07.2016. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
NurikAKSUU89, Мисалы мен деп койбойсунбу ))))
23.10.2016. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чон энем айтчу эле "эркектин бок жебегени жок!,журбогон эркектин озу жок,журсо журсун,бирок уй булоосун унутпасын"- дечу.Эжеке таарынбаныз,ачууга алдырбаныз.Кадырынызга жетчу кун аз эле калыптыр,а беркилер "вечно" эмес да.Сабырдуу болунуз!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо