Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЧЕМПИОН ТАКТЫДАН КУЛАДЫ

№713 1-июль-7-июль, 2016-ж

Футбол боюнча Европа чемпиондугунда жарым чейрек финалдык оюндар орун алып, мелдеш кызыгандан кызып барат. Учурдагы чемпион Испаниянын "Скуадра Адзуррага" утулушу менен Европада жаңы чемпион аныкталары белгилүү болду. Муну менен катар Исландия Англияны жеңип, жаңы жомокту баштады.

БЕЙЛ БАР, ДЕМЕК, УЭЛЬС ТИРҮҮ

Уэльс – Түндүк Ирландия 1:0

Британиянын эки командасы бири-бирин эзелтеден тааныйт. Андыктан бул өлкөлөрдүн беттеши Британия дербиси аталып, футболго караганда түртүшүп-сүзүшүүнү көргөзүштү.
Күтүлгөндөй эле атаандаштар эсеп санын ача албай, күйөрмандарын көпкө күттүрүштү. 75-мүнөттө Гарет Бейлдин чыгарып берген пасын тосом деген Гарет Маколи топту өз дарбазасына киргизип алды. Эгер "Реалдын" футболчусу Уэльсте ойнобосо, бул беттештин жыйынтыгы кандай болорун ким билсин? Дал ушул футболчу "кызыл ажыдаарды" чейрек финалга алып чыкты.


НЕМИС МАШИНАСЫ ОТ АЛДЫ

Германия – Словакия 3:0
Дароо эмес, беттеш сайын күч аларын Германия командасы далилдеди. Дүйнө чемпиондору атаандашына бекер мастер-класс өткөрүп берди.
От алган немис машинасы 8-мүнөттө эле эсепти ачууга жетишти. 25 метрден тепкен Боатенгдин соккусу дарбазанын бурчунан орун алды. Арадан 5 мүнөт өтпөй пенальтиден Озил жаза басканы менен, Марио Гомес 1-таймдын соңунда экинчи голду киргизди. Юлиан Дракслердин соккусу менен Германия ири эсепте жеңишке жетти. Бир гана жагдай күйөрмандарын санаага салууда. Ал – чабуулчу Томас Мюллердин көзгө толорлук ойной албай жаткандыгы.


БИРИ-БИРИНЕН КЕМ КАЛЫШПАЙ...

Швейцария-Польша 1:1, пенальти сериясы 4:5
Швейцария менен Польша тең өз тайпасында 2-орунду камсыздап, деңгээлдери да бирдей эле. Чыгыш европалыктарды Роберт Левандовски алдыга сүрөсө, Жердан Шакири Швейцарияны сүрөдү.
Оюн тизгинин колго алган пандар биринчи таймда дээрлик атаандашын коргонуудан чыгарган жок. Жыйынтыгында Гросицкинин пасын Блащиковски голго айлантты. Мындан соң көпчүлүк ири эсептеги оюнду күткөн, бирок "швейцариялык Месси" аталган Жердан Шакири 81-мүнөттө артын карабай сокку узатты. Керемет гол! Бул гол талашсыз түрдө Евронун эң кооз голу аталат. Тең чыгуу менен бүткөн оюндун жеңүүчүсү пенальти сериясында аныкталып, Гранит Жаканын жаза басуусунан улам Польша алдыга озду.


ПОРТУГАЛИЯНЫ КУАРЕЖМА САКТАП КАЛДЫ

Хорватия – Португалия 0:1
Өз тайпасында Испанияны жеңип алган Хорватия серепчилердин айтымында Португалияны эки чайнап бир жутмак. Оюн жүрүшүндө бул айтылган сөздөр чындыкка дал келип жаткан, бирок "чакмактууларда" чыныгы жеңүүчүнүн сапаты жок экени билинди.
Оюндун негизги бөлүгүндө эсеп ачылган жок. Бардыгы Фернанду Сантуштун алмашууларынан башталды. Кошумча берилген таймдын экинчисинде хорваттар чабуулга жөнөп, Перишичтин соккусун Патрисиу тосуп кетти. Алмашууга чыгышкан Ренату Саншеш менен Рикарду Куарежма дароо контр чабуулду баштап, чечүүчү голду "Бешикташтын" футболчусу киргизди. Гол! Португалия жолун улайт, Хорватия үйгө жөнөйт! Бул мүнөттөрдө Хорватиянын футболчуларынын көздөрүнөн жаштар куюлуп жатты.



ВЕНГРИЯ ЖАМАН ЭМЕС, БЕЛЬГИЯ МЫКТЫ

Венгрия – Бельгия 0:4

Намыскөй, тырышчаак жана кызыктуу командалардын бири Венгрия менен Бельгия бири-биринин дарбазасына жалпы 42 сокку узатуу менен Евродо рекорд коюшту.
Күйөрмандар тарабынан сынга кабылган "кызыл азезилдер" биринчи мүнөттөн тарта чабуулда болуп, Тоби Алдервейрелд эсепти бат эле ачып койду. Экинчи таймда Венгрия удаасы менен 3 гол өткөрүп алганы менен, чабуул жасоону да унуткан жок. Дал ушундай намыскөйлүк күйөрмандарды кубантып, футболчуларды акыр аягына чейин колдоп жатышты. Эсеп ири болгону менен, оюн татыктуу болду. Бул Венгрия жаман эмес, жөн гана Бельгия мыкты экендигинен кабар берди.


ИСПАНИЯНЫН ДООРУ БҮТТҮ

Италия – Испания 2:0
Дель Боске баштаган Испаниянын доору бүттү. Хави кеткенден тарта Иньеста жалгызсырап, команданы сүйрөөгө чамасы жетпей калгандай.
Калыстын ышкырыгы менен энтиге чуркашкан италиялыктар Де Хеа дарбазасына соккуларды жаадыра баштады. Мындайды күтпөгөн Испания эмне кыларын билбей, өз футболун көрсөтө алган жок. Испания чабуулдарынан жыйынтык чыгара албай койду. 23 жаштагы Мората жаштык кылып жатса, 35 жаштагы Адурис карылык кылып жатты. Эми Дель Боскенин түшүнө Фернандо Торрес менен Диего Коста кирип чыгары бышык. Акыркы мүнөттө Грациано Пелле экинчи голду узатып, Италия чемпиондорду тактыдан түшүрдү.


ГРИЗМАНН АЛГА СҮРӨЙТ

Франция – Ирландия 2:1
Кезинде Ирландиянын Францияга кек сактап калган жайы бар. 2010-жылкы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарында Тьерри Анри кол менен ойноп, чырлуу жеңишти алып келген. Эми Робби Кин жана анын командасы үчүн өч алууга сонун мүмкүнчүлүк жаралган.
Оюндун башталышында "жашылдар" пенальтиден эсеп ачып, ал эми француздар тайм бүткүчө эсине келе албай коюшту. Экинчи бөлүктүн башталышы менен ылдамдыкты күчөтүп, голдун сүрөтү тартыла баштады. Болгон аракетин жумшабаса уят болорун сезген Антуан Гризманн бир эмес, эки голду 3 мүнөт аралыгында жаратып салды. Францияда майрам уланууда! Бомбардир ойгонду, эми кезек Поль Погбада...


КЕЗЕКТЕГИ КҮЙҮТ

Англия – Исландия 1:2
Жылдыздуу курам менен аттанган Англия күйөрмандарына "сюрприз" жасады. Көпчүлүккө белгисиз Исландия футболчулары 2:1 эсебинде жеңип, бул чемпиондуктун башкы сенсациясын жаратты.
Коргонууда дубалдан да бекем турган исландиялыктар жеңишти коё беришкен жок. Муну менен Англиянын кезектеги жылдыздуу футболчуларынын доору бүттү десек жарашат. 31 жаштагы Уэйн Руни Бекхэм, Лэмпард жана Жерард сыяктуу улуттук курамды жеңишке алып келе алган жок. Кезинде белгилүү англиялык бомбардир Гари Линекер "Биздин команда футболчуларына караганда вулкандары көп өлкөгө утулду" деген баасын берди.
300 миңдей эли бар викингдер өлкөсүнүн футболчулары эми эч кимден коркпоорун белгилеп, "Лестер" сыяктуу жомокту элестете баштады.



ЧЕЙРЕК ФИНАЛ
(Бишкек убактысы боюнча)

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
04.07.2016. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Португалия Мыкты оюн коргозуп атат. Италяндарды ХХХ уйуно жолдомо берди. Эми Уельс менен Португалиянын оюнун коруш керек!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-07-05 09:56:26
05.07.2016. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mister.ailasyz, башкалардын улутун кемсинтүүгө тыюу салынган.3 күнгө БАН!
05.07.2016. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Эмнегедир ушул чемпионатта менин божомолдорум туура чыгып атат. Мындан аркы божомолум мындай. Португалия Уельске, Франсуздар Немистерге жеңилип калат. Ошондо Финалдык таймашта Уельс менен Германия чыгып, Германия 1-0 менен Бейлдин командасын утуп чемпион болушат. Эгер ушул божомол туура чыкса супердин атынан белек болобу?.....
06.07.2016. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арык киши,smartfon beret
11.07.2016. 04:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арык киши,жожожооок арык киши,тушуну туура эмес жоруп алыпсын.Белекти ойлоп божомолдой берип арыктап кетипсин.Ысык ысык чайдан ич.Португалия чемпион болду.
06.07.2016. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы оюн болду
07.07.2016. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Португалия чемпион болот.
10.07.2016. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Португалия чемпион буюрса)
11.07.2016. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Португалия
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо