Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

СМУЗИ ДЕН СООЛУК ҮЧҮН ПАЙДАЛУУ СУУСУНДУК

№713 1-июль-7-июль, 2016-ж

Учурда жер-жемиштердин бышып турган маалы. Убакыттан пайдаланып тоюмдуу, сиңимдүү, витаминдерге, антиоксиданттарга бай смузи суусундугун даярдап ичиңиз. Бул суусундук дени сак жашоону самаган адамдардын менюсунда биринчи орунда турат. Анткени смузи организмди керектүү заттар менен толуктайт жана токсиндерден, шлактардан арылтат. Аны жасоо да эң оңой. Ал үчүн бизге блендер же миксер керек. Келиңиз, смузи жасап ичип, дени сак жашоого багыт алалы.

СМУЗИ ДАЯРДООДО ЭСКЕ АЛЫҢЫЗ!

1.
Мөмө-жемиштер. Таза бышкан мөмө-жемиштердин 2-3 түрүн алсаңыз жетиштүү. Мындан да пайдалуу кылам десеңиз, көк чөп, салат жалбырагын, шпинат кошсоңуз болот. Туура даярдалган смузинин коюулугу йогурттай же сүттөн жасалган коктейлдей болушу шарт.

2. Негизин тандаңыз. Смузинин негизине сүт, айран, муздак көк чай, суу жана мөмө-жемиштердин ширеси керектелет. Даамдуу жана түсү ачык болсун десеңиз, смузиңиз коюу болушу шарт. Андыктан суюктукту көп кошпоңуз. Болбосо суюк киселдей болуп калат.

3. Коюулантуучу азыктар. Ар кандай азыктарды кошуп, смузини коюулантууга болот. Аларга быштак, балмуздак, арпа акшагы, йогурт кирет. Булар даамын гана арттырбастан, пайдалуу да болуп саналат.

4. Даам берүүчү кошулмалар. Өзгөчө даамдагы жыпар жыттуу смузи ичкиңиз келсе, анда табитиңизге жараша кумшекер, бал, жаңгактын түрлөрү, татымалдарды, кактарды кошсоңуз болот.

Витаминдүү смузи
Витаминдерге бай бул смузи бир күндүк энергия тартуулай алат.

Керектелүүчү азыктар:

  • Банан – 1 даана
  • Карагат же черника – жарым стакан
  • Кулпунай – жарым стакан
  • Апельсин – 1 даана
  • Сүт – 1 стакан
  • Балмуздак – 50 грамм
  • Киви – 1 даана
  • Татымына жараша кумшекер

Даярдоо ыкмасы:
Жемиштерди жууп, тазалап, бананды, кивини аарчып, туурап блендерге салабыз. Эми үстүнө сүттү куюп, балмуздак менен кумшекерди салып 60 секунда аралаштырабыз.

ЖАШЫЛ СМУЗИ
Жашыл смузи организмди токсиндерден жана шлактардан жакшы тазалайт.


Керектелүүчү азыктар:

  • Бадыраң – 1 даана
  • Брокколи – 4 бутакча
  • Алма – 1 даана
  • Шпинат же петрушка – 4 жалбырак
  • Айран – 1 стакан
  • Татымына жараша туз, кара мурч

Даярдоо ыкмасы:
Жашылча-жемиштерди жууп, тазалап, туурап блендерге салып, үстүнө айранды куюп 60 секунда аралаштырабыз. Эгер коюу болуп калса, бир аз кайнаган сууну муздатып кошсоңуз болот.

"ТАРАЗА" СМУЗИСИ
Смузинин бул түрү ашыкча салмактан арылууга жакшы жардамчы. Ал үчүн сиз бул суусундукту кечки тамакка даярдаңыз.

Керектелүүчү азыктар:

  • Томат ширеси – 1 стакан
  • Болгар калемпири – 1 даана
  • Бадыраң – 1 даана
  • Лимон ширеси – 1 аш кашык
  • Сельдерей – 4 жалбырак
  • Укроп – 2 тал
  • Татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:
Көк чөптөрдү, болгар калемпирин жана бадыраңды майда туурап, блендерге салыңыз.
Үстүнө томат ширесин куюп, татымына жараша туз кошуп, 40 секунда блендерде аралаштырыңыз. Даяр болгон смузиге лимон ширесин кошуп, бокалдарга куюп иче берсеңиз болот.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


Смузи жасап ичебиз

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
SUPER.KG видео
02.07.2016. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сумузи дейтго кайран Бармен
Медиа-портал
02.07.2016. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
класс
SUPER.KG видео
05.07.2016. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ачабыз жабабыз дебейле айтып берсе болмок экен )))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо