Нуриза Бурханова, актриса: «КӨЗӨМӨЛДӨГӨН ЭЧ КИМ ЖОК ЖЫРГАП ЖАШАП ЖАТАМ»

№713 1-июль-7-июль, 2016-ж

Жаш актриса Нуриза Бурханова: "Жаштык кылып ката кетиргем. Ал турмушум артта калды, эми кетирген каталарымды оңдоп жатам. Артка кылчаюунун кажети жок, мен жаңы жашоо баштадым, келечегим алдыда",- дейт.

– Нуриза, "көзөмөлдөгөн эч ким жок, жыргап жашап жатам" деп калдың...
– Каалаган убакта туруп, каалаганда уктап, жүрөгүм каалаган жумуш менен алек болуп жыргап жатам. Тамак жасаш керек, бирөө урушат деген маселе жок. Эч кимге отчёт бербейм, жан дүйнөм эңсеген чыгармачылыгымды да жолдо калтырган жокмун. Эгерде мен азыр үй-бүлөнү тандаганымда чыгармачылыгым калып калмак. Кандай болгон күндө да аял киши үйдүн куту болуп үйдө отурушу керек. Бирок биз 21-кылымда жашап жатабыз го. Азыркы заманда аялдар төрөгөнгө, иштегенге, үй-бүлөгө, айтор, баарына жетишиши керек деп ойлойм.

– Балдарың деле чоңоюп калгандыр. Алар менен кошо чыгармачылыкка кантип жетишип жатасың, же жардамчың барбы?
– Жок, балдарымды башынан эле апам багат. Мен таенеси тарбиялаган балдар жаман болбойт деп ойлойм. Ошондуктан азырынча балдар бакчасына бергенге деле муктаждык жок. Кызым 3 жашта, уулум 2ге чыгып калды. Тилдери чыгып ширин сөздөрү менен мени бакытка бөлөп жаткан учуру. Мени мама, таенесин апа дешет. Алардын мама дегенин угуп өзүмчө толкунданып кетем. Сыналгыдан клип, кинолордон мени көрүп "мама, сен" деп алар да жыргап калышат. Кызымдын көзү, кашы бүт эле мага окшош. "Эр тагасын тартат" деген чын окшойт, уулум байкемдин эле көчүрмөсү. Азыртадан эле китептердин сүрөтүн көрүшүп, конструктор тизип ойношот, экөө тең чыгармачылыктан алыс болот го деп ойлоп калдым. Кызымды келечекте врач болсо деп тилеп жатам.

– "Кыздын чырагы кырк" демекчи, сендей сулуу кыздарга көз арткандар болуп жатса керек?
– Азырынча жүрөгүм жактырган эч ким жок. "Сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет" болуп экинчи турмуш куруудан коркуп калдым. Өзүм да жаштык кылдым окшойт, өжөр, көк бет мүнөзүм мени ушул тагдырга алып келди го. Өткөн турмушум мага чоң сабак болду, ак-караны ажыратып көп нерсеге көзүм ачылды. Мындай тагдырды эч бир кызга каалабайт элем. Апам "сен дагы деле жашсың, жакшы-жаманды ажырата элексиң, алданып дагы катачылык кетирип алба" деп көп айтат. Мен 17 жашымда, секелек кезимде турмушка чыксам, азыр 22ге чыгып эки баланын энеси болуп, токтолуп, кетирген каталарымды оңдоп акыл кирди. Үй-бүлөм бузулганда эл арасында ар кандай жакшы-жаман сөздөр айтылып, депрессия болуп жүрдүм. Бирок үңкүйүп эле отура бербестен эки баламдын келечеги үчүн башты бийик көтөрүп иштешим керек болду. Буюрса, баары артта калды,
а мен жаңы жашоо баштадым.

– Өзүңдөн улуу кишиге турмушка чыкканыңды билебиз, өзүңдөн бир топ жаш кичүү жигитке турмушка чыгат белең?
– Эркек кишиге өзүнөн канча жаш кичүү алса да жараша берет. Бирок аял кишиге ашып кетсе 2 жаш кичүү жигитке турмушка чыкса болот деп ойлойм. Анан 20 жаш кичүүгө тийгенден Кудай сактасын. Менин да уул, кызым бар, андай нерсеге каршымын.

– Инстаграмга "телефон кармап өлүп калбасам болду" деп жазып койгон экенсиң, интернет менен "ооруйт" окшойсуң?
– Бул апамдын сөзү. "Телефон колуңдан түшпөйт, кулагыңа чаптап эле ал" деп сүйлөнүп калат. Бирок мен бекерчиликтен телефон тиктебейм. Кардарлар менен сүйлөшөм. Интернеттен тамак-аштын рецепттерин, гүлдү кантип өстүрүш керек, бала ооруса эмне кылыш керек деген сыяктуу пайдалуу кеңештерди алам.

– Кардарлар деп калдың, каякта иштейсиң?
– Сулуулук салонунда иштейм. Визаж, педикюр, маникюр, каш терүү, айтор, чачка тиешелүүдөн башкасынын баарын жасайм. Бала төрөп үйдө отуруп калганымда апамдын сунушу менен визажист, ашпозчу, айдоочулук курстарга барып окуп алган элем. Азыр пайдасы тийип, балдарымды багып жатам. Келечекте өзүм сулуулук салонун ачсам дейм, чыгармачылыгымды өнүктүрүп, кинодо дайыма эле ыйлаган эмес, шайыр кыздын да ролун аткаргым келет. Анан да балдарыма татыктуу тарбия берип, сыркоолотпой чоңойтуп алсам менин жеңишим болмок. Учурда Кыргыз экономикалык университетинде финансы кредит бөлүмүндө окуйм. Буюрса, окуумду эмки жылы бүтүп, балким өз кесибим менен банкта да иштеп калармын.

– Мүнөздөп тамак жеп, өзүңө аябай карайт окшойсуң, 2 баланын энеси деп эч ким айтпайт...
– Баары эле "диета кармайсызбы?" деп сурай беришет. Каалаган тамагымды каалаган учурда жей берем. Курсагым ачса жатарда деле жеп тоюп жатып алам. Фитнеске деле барбайм, ага убакыт жок. Өзүм табиятымдан ушундай окшойм, болбосо 5 килограмм кошсом жакшы болот эле.

– Балалыгың кайда, кантип өттү экен, негизи эле кичинекей кезиңде кандай кыз элең?
– Мен Сүлүктү шаарында төрөлгөнүм менен, 5 жашымда Бишкекке көчүп келип, балалыгым ушул жакта өттү. Ал кезди эстегенде эле Учкун кичи району көз алдыма тартылат. Байкем экөөбүз эгиз козудай ээрчишип жүрчүбүз. Жайында кургап калган чөптөрдү күйгүзүп, ага картошканы кактап бышырып жеп, кечинде оозу-башыбыз капкара болуп келип апамдан тил угар элек. Кийимдерим чаң болуп "хулигандай" болуп турсам апам "кебетең кантет, эркектей болбой, кызга окшошчу" деп тилдечү. Мектепте окуп жүргөндө да эркек балдардан калышпай турниктерге асылып жүрчү элем. Ошол себептен болсо керек, чекемде тырык калган, өткөндө кызым жыгылып так меникиндей чекеси жарылып, тырык болуп калды. Атамдын да ошол жеринде тырыгы бар. Кызымды ооруканага алып барсам доктурлар күлүп жатпайбы "силердин гениңерде бар окшойт" деп.

– Эркек мүнөз кыз алгачкы сүйүүгө кабылды беле, эстеп кетпейсиңби?
– 8-класста токтолуп, созолонгон кыз болуп чыга келдим. 9-класста окуган бир бала жактырып, мектепти бүткөнчө артымдан чуркап жүрдү. Ал бала жагып турса да бой көтөрүп карачу эмесмин. Турмушка чыкканымды сиздердин гезиттен окуп аябай жаман болуп таарынып, Америкага кетип калган. Азыр ошол жакта жүрөт. Былтыр сүйлөшүп калганда "турмушка чыгарыңды билсем ошондо эле алып кетип калмакмын" деп өкүнүп жатканын айткан. Жакында үйлөнүптүр, бактылуу болсун.

– Сен да теңиңди таап бактылуу бол! Маегиңе рахмат!

"Апам, таятам жана мен. Өкүнүчтүү, таятам азыр биздин катарда жок".

"Кызым мага окшош, уулум байкемдин эле көчүрмөсү".

"Мегатой" комедиясына тартылуу менен чыгармачылыкка кайрадан киришип баштадым".

Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


Нуриза Бурханова: "Жүрөгүм каалаган жумушту жасап жыргап жатам"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(137)
05.07.2016. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бул го жаш экен ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-07-05 11:40:46
05.07.2016. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
noeli, кимдир-бирөөнүн кадыр баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазып, мазыктоодон алыс болуӊуз. Эскертүү!
05.07.2016. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушулардын чуусу такыр эле бутпой койду го.
05.07.2016. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыска ойлуу кыз экенсиң. Бир эмес,эки жаңылыштык кетирипсиң.
Медиа-портал
05.07.2016. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
ХХХ ХХХ .Жашоону дагы озундой тузу кем кылып жашап откоросун.Энени сен тартасын,сенин кызын сени тартат дегендей.Китеп окуйм деп жалган айтасын,себеби китеп окуган адамдын ХХХ ХХХ.Болгону бир зынкыйган адамдын абройун айрандан токкондон башкага жарабадын.
Модератор admin_media түзөттү 2016-07-05 14:44:20
Медиа-портал
05.07.2016. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
nurii, порталдын эрежелерин сактаңыз! Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
Медиа-портал
06.07.2016. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
admin_media,м мм меникиндей жашоо коробосун кыздар деп нааразыго Ким 5 жылда уйлуу жайлуу машигеси менен алып берет бакир уулуна раазы бол кайра
05.07.2016. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Кызы ото сулуу экен...
05.07.2016. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Аябай өкүнүп жатканы көздөрүнөн байкалатко.!Чиркин тагдыр! десе.
05.07.2016. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
ушу кыз эээч эле тынчыбады да. жеее кыйраткан таланты жок, сулуу деле эсептебейм мен жеке.
05.07.2016. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Турсунбай Бакир уулу кашыктап жыйнаган аброюн ушул кызга уйлонуп чомучтоп чачты...
Ал эми Нуризага соз жок. Эми баары бир ажырашса деле озунун тенин таппаса керек. Анткени атасындай кишиден кеткен немени кааласа да, олуттуу мамиле кылбаса керек..
05.07.2016. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанылбаган жаак мудурулбогон туяк болбойт. Адашканын айтып, жаны жашоо баштаптыр. Демек бул анын тандоосу. Нуризанын тагдыры мындай болушуна бир эле озу куноолу эмес ага ажыкебиз анан Нуризанын апасы да себепкер болушкан. Секелек кызга туура жолду корсотушкон эмес. Бул менин жеке оюм. Кандай болбосун бул анын жеке жашоосу, биз аны сындаганы, кемсинткени акыбыз жок. Себеби кайтар дунуйо дейт. Мындай тагдыр бугун болбосо да, кийинчерээк башыбызга тушуп калышы мумкун.анын бетмн кудай ары кылсын.
06.07.2016. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ай иий канча адам БАНда камалып. Кооп нерсе жазайын деп мен да жазалануудан корктум.
Нурзада жаштыгым деп бир жанылса, карьера деп андан да чон жанылды. Ислам принциптери менен жашаган адам эч качан ката кетирбейт и эки дуйнодо бактылуу болот. Экс жолдошу жакшы жолго эле баштаган болчу.
Уй жайды алып берди эми тагдыры оз колунда да.
06.07.2016. 03:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми ар ким оз жашоосун озу билет кантип жашоорун,кимде болбосун катачылык ,эн негизгиси ошол катаны ондоп адам болуп кетиши!Ачык жакшы маек болуптур,калпеле адамды билип билбей караалаган болбойт!бу менин жеке оюм !
Нуриза сага ийгилик ,балдарынына ден соолук каалайм!
06.07.2016. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
venka8484,мыакей оюнузга кошулам
06.07.2016. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
venka8484, sely, Туура айтасынар "жеке озунун жашоосун озу билет" деп. Бирок ошол жашоосун кайра кайра жарнамалап жататкан озу болуп жатбайбы.! Эл оозунда элек жок демекчи элдин оозуна крышка боло албагандан кийин эмне кереги бар эле кайра кайра чыгып, жеке жашоосун айтып! Же бул да болсо экс куйосунун жинине тийуунун бир жолудур.
11.07.2016. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
LASTO4KA_1, соц сетке чыктыбы, бираз болсо да элге таанылып калдыбы демек дайым элдин талкуусунда..
06.07.2016. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жыргап жашап жатам дегени эмнеси, тооба. Хиджабты кийип туруп чечип салдын ошонуна жыргап атасынбы.дагы эле акылын кыска экен синдим.
06.07.2016. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бироонун турмушун сортировка кылгыча, озунун турмушун упаковка кылыш керек.
09.07.2016. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
sely, коментарийинди окуп алып аябай кулдум. Эн туура!
10.07.2016. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
sely,eng tuura :))))
06.07.2016. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уялбай атасы менен Тен адамга турмушка чыканына тан калам
06.07.2016. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Талантынызды баалайм
ийгилик каалайм.
Менда сиздей
Актриса болууну самайм.
08.07.2016. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Molloeva,
коой синдим, озуно башка кумир издечи ,куруп кетсе да. Таланты болсо Турсунбай аванын акчасына мукурап жаш омурун мынчалык азапка салбас эле. Жеке оюм.))
06.07.2016. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызы атасына эле окшош экен.
07.07.2016. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Окшоштугу боюнча балдарвны атасына жакын жолотпойтго.Дагы эле жаш экенсин.Акыл токтотуп,арканды узуун таштап маек берсе болмок.
07.07.2016. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кыргызда тага деген соз жокта, тайке да...
Медиа-портал
07.07.2016. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aktrisa bolgondon kiyin boidu tuz karmap zyngyrap jurush kerek. Bul taka menen da basa albayt eken go ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2016-07-07 15:51:51
Медиа-портал
07.07.2016. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Gulmirahon, кимдир-бирөөнүн кадыр баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазып, мазыктоодон алыс болуӊуз. Эскертүү!
SUPER.KG видео
08.07.2016. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул да болсо алланын сага жиберген сыноосу жардамды алладан сура балдарына улгу болгудай жакшы эне бол ийгилик сага
08.07.2016. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asizhan,сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
08.07.2016. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уулун байкесине окшоштуруп каттуу кетти го ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-07-08 18:24:13
08.07.2016. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aiza9675,кимдир-бирөөнү кемсинтип, мазактоодон алыс болуӊуз! 2 күнгө БАН!
08.07.2016. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дагы деөе акылына кире элек экен.
08.07.2016. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атандын кору, "уялбагандан озун, уял деген" кыргызда жакшы соз бар. сен уят деген тушунук жок окшойт.
09.07.2016. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул кыз актириса дейсинер кайсы кинодо ойнойт мен эч корбогон екенмин
09.07.2016. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
сындап, четте акыл айтып аткандар тогорогу топ келишкен ким бар? озунор иделдуусунарбы? жашоодо жанылышбаган ким бар?! Озунун жашоосу озундо, озу чечет, же куйоосу менен ажырашып силерди бак деп атабы?! бир ооз соз менен жылуу соз жазып коюуу ушунча оорбу?!
Нуриза ийгилик жана эки дуйнодогу бакытты каалайм! Ит уро берет кербен журо берет, баары жакшы болооруна ишениниз) Ийгилик!
10.07.2016. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир кун жыргайсын дейсин....
12.07.2016. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
noeli, этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
30.07.2016. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
е классташ кайда баратасын??
31.07.2016. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсынбы Нуриза!Кыска ойлуу болбой биринчи орунга уй булоону кой!2 баланы эмне учун атасына корсотпойсун!Сени Аллах ыйман жолуна кирсин деп сени Турсунбай Бакир уулуна жолуктурган...Апанын тилине кирип омур бою бактысыз болуп калба!Эрдин санын кобойтпо!Башкага турмушка чыксан да башка эркек сенин балдарынды оз атасындай мээрим берет дейсинби(огой балдарына)?!ЖАНЫЛЫШАСЫН!Балданынды озундой(атасыз)чонойтпой атасы мн катташтыргын!
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо