АБАКТАН КАЧКАНДАР ӨМҮРҮН ТҮРМӨДӨ ӨТКӨРҮШӨТ

№713 1-июль-7-июль, 2016-ж

№50-СИЗОдон качкандар өмүр бою эркинен ажыратылды. 29-июнда Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту абактан качкандар боюнча кылмыш ишин карап, Эдил Абдрахмановду, Болот Курбанахуновду жана Музаффар Уриновду өмүр бою эркинен ажыратты. Ал эми абактан качкан Алтынбек Итибаевди жашырган деп айыпталган Максат Абдрахманов менен Нурсият Рысбекова "кылмышты жашыруу" беренеси боюнча айыпталып, 4 жылга эркинен ажыратуу жазасын алышты.
Эске салсак, 12-октябрга караган түнү Төмөнкү-Нооруз айылында жайгашкан №50-абактан түрмө кайтаруучуларга кол салуу менен 9 адам качып чыккан. Абактан качкан кылмышкерлердин колунан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Таалайбек Өмүрзаков, Туратбек Садыбакасов, Орозбек уулу Фархат ошол күнү каза болушса, оор жаракат алган Тилек Абылгазиев ооруканада жан берген.
Качып чыккан кылмышкерлердин бешөөсү ошол эле түнү МАИ кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Кармалгандардын арасынан үч кылмышкер: Муратбек Жумалиев, Таалайбек Жуманов жана Бакыт Кенжегулов жүрөк оорусу, дем алуу органдарынын жабыркашынан жана баш сөөгүнөн алган жаракатынан тергөө абагында сотко жетпей каза болушкан. Качып чыгып издөөдө жүргөн Данияр Кадыралиев Дордой конушунда 16-октябрда, Азамат Мусуралиев 20-октябрда Сокулукта өлтүрүлгөн. Издөөдө жүргөн кылмышкерлердин бири Эдил Абдрахмановдун 22-октябрда кармоо учурунда бутуна ок тийген эле. 22-октябрда Алтынбек Итибаевди Бишкектин Достук кичи районунда кармоо операциясынын жүрүшүндө ал курал колдонуп каршылык көрсөткөн. Ок атышуу болуп, Итибаев өлтүрүлгөн. Бул күндөгү окуядан күнөөсүз эки жаран да каза тапкан.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(6)
04.07.2016. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Окунучтуу...
04.07.2016. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
байкуштарды кайсы куноосу учун качырып атып салды десен эми карапайым адамдарга эле кыйында
04.07.2016. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ииий
05.07.2016. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мынча ушулар эле качат
05.07.2016. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Erniet,Булар бир эле жолу качкан, ар бир санда болбосо да арбир экинчи санда ушулар жонундо маалымат жазылып жатат. Датасына маани бериниз башталышын эле окуп койсонуз калганы куздон бери жазылып жат болуп калган.
roma84 түзөттү 2016-07-05 20:40:32
30.09.2016. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул окуя бийликтин иши экенине ишенем.негизгиси арабыздан алыстап кеткен бей куноо бир туугандар жайлары жаннат бакчаларында туболуко калсын. Жыттагандары гул болсун жургон жери нур болсун аамиин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо