МАДЫЛ - МЫШЫКТАР ТҮРКҮМҮНДӨГҮ ЖЫРТКЫЧ СҮТ ЭМҮҮЧҮ

№713 1-июль-7-июль, 2016-ж

Мадыл деген кандай жандык? Учурда Кыргызстанда алардын саны канча? Кандай өмүр сүрүшөт? Ушул жаатта бизге Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Биология жана топурак таануу институтунун улуу илимий кызматкери, биология илимдеринин кандидаты Аскар Давлетбаков кызуу маек куруп берди.

Байырлаган жерлери – Нарын, Ысык-Көл, Суусамырдын сырттары. Таласта, Чаткалда кездешүүсү мүмкүн.
Өлкөбүздөгү мадылдардын так саны жок (Аңчылык департаментинин билдирүүсүнө караганда, 80-120нын тегерегинде).
Кыргызстандын Кызыл китебине 1975-жылы кирген.
Мадылды аткандарга, кармап өлтүргөндөргө 25 миң сом айып пул салынат.

"МАЛ БАККАНДАРДЫН ИТТЕРИ КӨП ӨЛТҮРҮҮДӨ"

– Мадылдар Кыргызстанда чанда кездешет. Маалыматтарга таянсак, өткөн кылымдарда алардын саны көп болгону айтылат. Бирок кийин саны кескин азайып кеткен. Буга себеп – алардын табияты татаал жерлерде жашап, кышкы суукта тамагын таап жей албай ачкадан өлгөндүгү, мал баккандардын саны көбөйүп, алар улам тоону өйдөлөп конуп, иттеринин мадылдарды өлтүрүп жатканы, карышкыр, түлкүлөргө жем болушкандыгы, аңчылардын суурларга койгон капкандарына түшүп өлүп жатышы. Булардан тышкары мадылдар үй жандыктары сыяктуу эле оорулар менен оорушат. Демек, оорудан, балдары суукта тоңуп да өлүшөт.
Мадылдардын жашоо образдары ушуга чейин так изилденип бүтө элек. Буга себеп – алар алыскы тоолордо жашагандыгы жана алардын өңүнүн топурак, тоо-ташка окшоп оңой менен көзгө түшпөгөндүгү, өтө сактыгы жана түнкү жашоо образын сүргөндүгү. Андыктан мадылдар тууралуу маалымат алгач дүйнөдө 18-кылымда гана пайда болгон.

"ЖАЛГЫЗ РЫЦАРЛАР"

– Булар жупташуу мезгилинде гана ургаачысы менен жашабаса, башка учурда жалгыздап өмүр сүрүшөт. Ошондуктан аларды "жалгыз рыцарлар" деп коюшат. Негизинен ар бири өзүнүн белгиленген аймагында гана жашап, коңшуларына чанда гана "коноктоп" барып калуусу мүмкүн. Чоочундар келип калса аймагын коргоп, келгендерге "эшикти" көрсөтүп коёт. Маңдайкы астыңкы жана үстүңкү 2 тиши узун болот, аларды ырсайтып, кышылдап үн чыгарып, душманына сес көрсөтүп, бут-тырмактары менен коргонот. Башына күн түшкөндө аскаларга чыга качып, ийин-коңулдарга кирип кетип аман калат. Жыт сезүүсү абдан өнүккөн.
Тоонун таштуу ачык капталдарын, кар калың жаабаган тоолорду мекендеп, аскалардын жаракасын, аска түптөрүн, чоң таштардын коңулдарын паанектешет. Ошондой эле кашкулак, суурдун ийинин "үй" кылып алышат. Кечки күүгүмдө жана таң эрте ууга чыгып, күндүз уктайт, эс алат. "Менюсунда" чычкандын түрлөрү, чымчык, кекилик, коён, суурдун балдары, улар бар. Ачка калганда курт-кумурскаларга, коңуздарга күнү түшөт. Жайында мөмөлөрдөн да ооз тийип коёт. Мадылдар бат чуркабаган, өтө шамдагай эмес жаныбар. Алар жемин аңдып туруп, басып жыгылышат.

"УРГААЧЫЛАРЫН ТАЛАШЫП ЖЕКЕМЕ-ЖЕКЕ ЧЫГЫШАТ"

– Жазында жупташуу мезгилинде ургаачыларын талашып "жекеме-жеке" чыгышат. Ургаачылары 1 жылда бир жолу гана тууйт. Балдарын курсагында 2 айдай көтөрүп, жарыкка эки-төртөөнү алып келет. Балдары орточо эсеп менен 300 граммдын, боюнун узундугу 12 сантиметрдин тегерегинде, көздөрү жумулуу төрөлөт. 10-12 күн дегенде гана көздөрү ачылат. 1 жашка чейин энелери менен жашап, анан бөлүнүп чыгышат. Энелери энелик сүтү менен кошо "дайыма сак бол, абайла!" дегенди мээсине сиңиришет. 4 айга толгондо гана томолонуп-жумаланып энеси менен аңчылыкка чыга башташат. Жыныстык жактан 2 жашында жетилет.
Зоопарктарда бакса эркиндикте жүргөнгө караганда узак өмүр сүрөт. Буга тамагынын даяр экендиги, душмандарынын жоктугу, ветеринарлар текшерип дарылап тургандыгы себеп. Колго канчалык аракет кылсаң да үйрөнбөйт.

Мадыл балдары менен ийинде.

Курсак тойгузуу камында.

Кочкордон кармалган мадыл.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(7)
04.07.2016. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аз эле калган турбайбы бул жандык
04.07.2016. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мышыкка окшош экен.
05.07.2016. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канымжан Усупбекова сөзгө өтө чечен экен. Сонун кылып жазыптыр.
05.07.2016. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коздору сонун свет го))
06.07.2016. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мадылдын орусчасы кандай болуп которула?утубтан короюн дегенмин.
08.07.2016. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Topchubai,манул.
09.07.2016. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dadasdasd,хаааха Манул дегин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо