Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ДЖИ (сериал)

№714 8-июль-14-июль, 2016-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

А сен өлгүң келбейби?- Жанар Тимурду олуттуу тиктеди.
– Сен бизге качканга жардам бересиң. Түшүндүңбү?!
– Кайда?
– Кыргызстанга...
– Казандан учакка отуруп эле чыгып кеткиле... Навигатор жакынкы шаар Казань деп көрсөтүп жатпайбы?!
– Билетчи...
– Мен телефонумду пайдалансам болобу?
– Болот. Бирок чалып же СМС жибере турган болсоң, жакшылык күтпө!
– Мен баары мындай болот деп ойлобоптурмун! Тиги Циклопто курал бар экенин да билген эмесмин! Чын! Шеф Циклопко кошуп эле, Жаннаны алып келгиле деген... Азыр тиги акмак бирөөңдү атып өлтүрүп алса эмне болмок деп ойлонуп алып жүрөгүм түшүп жатат... Мен да соттолмокмун да, адам өлтүрдү деп,- шашып-бушуп сүйлөп жаткан Тимур телефонун чукулап отуруп, акыры тапты окшойт: – Бар экен! Эртеңкиге...- деди бир убакта. Кыздын көздөрү жайнай түштү. «Абдан жолдуу экенсиңер...» Тимур күбүрөндү.
Бир топ жол жүргөндөн кийин Тимур:
– Мен бир суроо берейин... Бирок ачууланбагыла! Айтчы, Джи, ушул жигиттен эмне таптың? Сенде баары бар эле го... А бул орой, маданиятсыз, мыкаачы... Мага ачууланбагыла, муну сурабасам башым жарылганы жатат,- деди да, сүйлөгөнүн сүйлөп алып кайра көздөрү алайып коркуп кетти. Жанар жылмайып койду.
– Ушундай болгон үчүн жакшы көрөм. Мен дегенде Жанар эч нерседен тартпайт. Жанын деле берип коёт... Ал баарынан мыкты!- кыз арткы орундуктан колун созуп жигитин кучактады.
– Түшүндүң да...- рулда бараткан Жанар Тимурду карады.
– Мурат Адамбаевич мени өлтүрөт. Мына, дагы чалып жатат... Же деги бир нерсени түшүнсөмчү. Же тигилер эч нерсе айтпайт, же силер!- Тимур телефонун карап алды да, оор үшкүрүндү.
– Тимур, башкысы сен бизди салып жибер! Адамдык жардамың ошол болсун! Азыр баарын башынан айтып менин ким экенимди түшүндүргөнүмдө да сен ал нерсеге ишенбейсиң! Сен жакшы кишисиң... Биз сага эч нерсе деле кылбайбыз,- кыз жылмайды.
Унаа зуулдап баратты...

ххх

Мурат кызынан же тиги кыргыз жигиттен эч бир кабар жок экенине тынчсызданып жатты. «Эми таптырбайт!» деп ичинен сүйлөнүп, бирок бул оюна ишенгиси келбей турду. Тапкан күндө да эмне кылат? А эгер кыз баарын эстеген болсочу? Мурат жооп таба албады. Ал туңгуюкка кептелгендей.
«Маржан баарын билсе эмне болот?» бул суроо Мураттын башына кайра-кайра кадалып, дүйнөсү тарып турду. Телефонуна чалуу келди, Маржан экен.
– Мурат, Джиден кабар барбы? Ал үйгө келе элек...
– Жок!
– Жок дегениң кандай, издебейсиңби?! Камырабайсың го! Аны чала жан таап алып, эми катарыбызга кошулуп адам болгондо кайра жоготсок, мен андай азапты көтөрө албайм...- ыйлаган үн угулду.
– Коркпо, алтыным! Баары жакшы болот! Жүрөгүм сезип жатат, кызыбыз жакшы эле... Мүмкүн, бүгүн кечинде үйгө келип калат.
– Балким, полицияга кайрылабыз!
– Маржан, Джи «келем» деп кат жазды го, келет. Балким, ал достору менен жүргөн болсочу... Жөн эле чуу көтөрө беребизби?!
– Сен кызык экенсиң! Анын ооруп айыкканын эсиңден чыгарып койдуңбу?! Балким, оорусу кармап бир жерде эс-учун таппай жаткан болсочу! Полицияга кайрылышыбыз керек!
– Жок, Маржан! Антпе! Эгер бүгүн келбесе кайрылабыз... Ага чейин сабыр кыл!
– Жок, бүгүн полицияга барам. Джи минтпейт болчу... Ага бир нерсе болгон окшойт!- Маржан телефонун коюп койду.

ххх

Бирок Маржан ал күнү полицияга кайрылган жок. Бир ирет кызына чалып көрмөкчү болду. Кудай жалгап чалуу кетти.
– Алло, Жанна! Жанна!
– Угуп жатам...
– Кызым, бул эмне кылганың? Сарсанаа болуп, инфаркт болоюн деп калдым... Ушундай кантип болсун?!- Маржан ыйлап жиберди.
– Ыйлабаңыз, барам! Менде баары жакшы,- кыз телефонун өчүрүп салды.
Тимур менен Жанар Аруукени суроолуу тиктеп калышты.
– Мен телефонду алып көрүшүм керек болчу. Менимче, бул кишинин болуп жаткан окуяларга тиешеси жок. Ал абдан жакшы киши. Мага жамандык каалабайт. Дагы бир жолу ушул нерсеге ынанайын деп чалууга жооп бердим. Жооптун баары Мурат Адамбаевичте, жүрөгүм сезип жатат,- кыз ишенимдүү сүйлөдү. Ичинен Маржанды аяп баратты, ага ушунча энелик мээримин төгүп, көзүнүн агы менен айланган, колунан келсе дүйнөнүн бардык жакшылыгын Джи аттуу эрке кызына берип коё тургандай бул аялдан жамандык күткөнгө болбойт. Ал абдан эле ыйык болчу. Ал эне болчу! Арууке муну толугу менен түшүнүп турду. Дилинде «эмнеге менин артымдан киши өлтүргүчтү жибердиңер?» деп сурайын деп барып, бирок Маржандын ый аралаш үнүн угуп туруп анын эч нерседен кабарсыз экенин дароо сезди. Чиеленген табышмактын бир учу Кыргызстандан, өз ата-энесинен табылат. Башкысы Бишкекке жетүү керек...

ххх

Учак абага каалгый көтөрүлдү. Колдорунан бекем кармашкан Жанар менен Арууке жанаша отуруп демин ичине ката толкунданып жатышты.
– Кеттик...- кыз аста үн чыгарды.
– Чогуу кеттик...- жигит жооп кылды.

ххх

– Тимур! Акмак, эмне телефонуңду көтөрбөй жатасың?!
– Телефонду көтөрсөм атып өлтүрүшмөк.
– Ким атмак? Эмне болду, түшүндүрчү?
– Адегенде мага түшүндүрүңүзчү, сиз эмне мени адам өлтүрүүгө жөнөттүңүз беле? Циклоп чак түштө трассанын боюнда тарсылдатып кызыңыздын унаасын аткылап жатты. Эмнеге анттиңиздер?
– Эмне, Жанна бир нерсе болдубу?
– Жок. Сиз мага түшүндүрсөңүз!
– Мен Циклопко ат деп буйрук берген эмесмин. Жетсеңер, тапсаңар, акырын алып келгиле дегем. Макул болбосо тапанчаңды кезеп коркутуп кой дегем... Эмне болду, деги айтчы?
– Эмне болмок эле, кетишти! Жаңы эле учакка түшүп жөнөштү!
– Ким?
– Кызыңыз менен Жанар!
– Эмне?.. Циклопчу?
– Билбейм. Өлбөсө керек, аны тиги жигит колу-бутун сындырып жол боюна таштап салган...

(Уландысы кийинки санда)

Марат Жанбараков


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Башка сандарда:
ДЖИ (сериал) 675-сан
ДЖИ (сериал) 676-сан
ДЖИ (сериал) 677-сан
ДЖИ (сериал) 678-сан
ДЖИ (сериал) 679-сан
ДЖИ (сериал) 680-сан
ДЖИ (сериал) 681-сан
ДЖИ (сериал) 682-сан
ДЖИ (сериал) 683-сан
ДЖИ (сериал) 684-сан
ДЖИ (сериал) 685-сан
ДЖИ (сериал) 686-сан
ДЖИ (сериал) 687-сан
ДЖИ (сериал) 688-сан
ДЖИ (сериал) 689-сан
ДЖИ (сериал) 690-сан
ДЖИ (сериал) 691-сан
ДЖИ (сериал) 692-сан
ДЖИ (сериал) 693-сан
ДЖИ (сериал) 694-сан
ДЖИ (сериал) 695-сан
ДЖИ (сериал) 696-сан
ДЖИ (сериал) 697-сан
ДЖИ (сериал) 698-сан
ДЖИ (сериал) 699-сан
ДЖИ (сериал) 700-сан
ДЖИ (сериал) 701-сан
ДЖИ (сериал) 702-сан
ДЖИ (сериал) 703-сан
ДЖИ (сериал) 704-сан
ДЖИ (сериал) 705-сан
ДЖИ (сериал) 706-сан
ДЖИ (сериал) 707-сан
ДЖИ (сериал) 708-сан
ДЖИ (сериал) 709-сан
ДЖИ (сериал) 710-сан
ДЖИ (сериал) 711-сан
ДЖИ (сериал) 712-сан
ДЖИ (сериал) 713-сан
ДЖИ (сериал) 715-сан
ДЖИ (сериал) 716-сан
ДЖИ (сериал) 717-сан
ДЖИ (сериал) 718-сан
ДЖИ 719-сан
ДЖИ (сериал) 720-сан
ДЖИ (сериал) 721-сан
Комментарийлер(30)
11.07.2016. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
мынча аз
11.07.2016. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Экинчии
11.07.2016. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Экинчии
11.07.2016. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
3чу
11.07.2016. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
мен тортунчубу
11.07.2016. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
5 чи
11.07.2016. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ииии бугун бутот бекен десе.... дагы бир жума.......
11.07.2016. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ээ чыдамсыздык менен куткомда аааз элего
11.07.2016. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
8инчи аз калды окшойт ээ
11.07.2016. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эээх Кудаааай бул сериал мен Москвага келе электе башталган келгениме сегиз ай болду деги бутурсонор бутургулочу ар дуйшомбуну саргайып куто беремби((((((
11.07.2016. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ураа бугун Бишкеке учуп келишти кош келипсинер кучак жайып тосуп алдык
11.07.2016. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы барата. Бутойун деп калганго
11.07.2016. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Учушканда уфф деп женилдей туштум
11.07.2016. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уууурааааа Эми Ата энеси корсо ээси оошот го эч нерсе тушунбой деги аягы жакшы бутсо экен :)
11.07.2016. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Китеби барбы бул сериалдын
11.07.2016. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Аябай тан калдымда деги олгон кыз ким экен е
11.07.2016. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чогуу кеттик дегенде козумдон жаш чыкты го чиркин
11.07.2016. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aziza2000,алдавачы
11.07.2016. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
как всегда последний же перед последний
11.07.2016. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун жерине келди, бул жагы аябай кызык болуп атат, тезирек бир жума отсо ушу сериалды окуп жатып бир суйунуп бир ийладым, аябай журокту титирете турган сериал экен.
11.07.2016. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Marat Janbarakov sizge choooong rahmat! Abdan sonun chygarma ! !!
12.07.2016. 03:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
эхуууу мен акыркыы...) наконец то кетuштuu...
12.07.2016. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул автордун мындан башка да чыгармалары барбы? билсенер айткылачы.
13.07.2016. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Маржанга оз кызы олгонун угузушса кандай абалда болот эми, Арууке да туура эмес кылды Мурат Адамович менен ачык суйлошуп чечишсе болмок жол тандабаста эле келишмек Кыргызстанга. Циклопту(Калысты) айрыды эми Айбек калды айрыла турган.
14.07.2016. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
китеби барбы?
15.07.2016. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жанар мн Аруукени кыргысзтандын аэропортунан тостурса керек кайра Мурат Адамович
15.07.2016. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Китеби барбы туугандар билсенер айтып койгулачы.
16.07.2016. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Акырында кыз Жанарды өлтүрүп алат кокустан, анан баңги болуп кетет. 2 жыл мурун китебин окугам. Даны ушунчадан жащылса 2 айда бүтүп калат...
18.07.2016. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Happy end болбосо окугум келбей баштады
18.07.2016. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен жон гана тамашалап жазып койгомун окуй бер...:-)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо