Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БИШКЕКТЕ КЫЗДАЙ КИЙИНГЕН 3 СОЙКУ ЖИГИТ КАРМАЛДЫ

№714 8-июль-14-июль, 2016-ж

Бишкек шаарын акыркы жылдары "түнкү көпөлөктөр" каптап баратканы жашыруун эмес. ИИМдин жаңы жетекчиси Кашкар Жунушалиев кызмат ордуна жаңы дайындалганда борбор калааны сойкулардан арылтууга аракет кыларын билдирген эле. Көп узабай Бишкек ШИИББинин кызматкерлери түнкүсүн түрө кыдырып шаардагы "түнкү көпөлөктөр" менен күрөштү баштады.

"АЯЛГА АЙЛАНГАН" ЭРКЕКТЕР

"Көпөлөк" аталыштагы 1 жумалык рейддин алкагында милиция кызматкерлери күтүлбөгөн окуяга дуушар болушкан. Тагыраак айтканда, Бишкек шаарындагы Логвиненко жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде денесин сатуу менен акча таап жүргөн 5 аял кармалып, Свердлов
РИИБине караштуу №10-аймактык милиция бөлүмүнө жеткирилген. Аларды текшерүү учурунда 3өөсү кыздардын кийимин кийген эркектер болуп чыккан. Ал "аялдар" суракка алынып, арасынан бирөөсү жергиликтүү маалымат булактарынын бирине өзүнүн "кесиби" тууралуу буларды айтып берген:
"Өзүм Балыкчыдан болом, жашым 19да. Аялдардын кийимин кийип жүргөнүмө көп болду жана мага жагат. Менин мындай экенимди жакындарым, досторумдун баары билишет жана туура түшүнүшөт. Ысымымды кыздыкындай өзгөртүп, паспорт алганыма көп болду. Буюрса, жакын арада Москва шаарына барып, операция жолу менен жынысымды алмаштырам. Операцияга канча акча кетерин билбейм, анткени демөөрчүм каржылайт. Бул "кыздар" менен чогуу жашаганым менен, көп деле сүйлөшө бербейбиз. Бири-бирибиздин жеке жашообузга кызыкпайбыз деле, жөн гана отуруп, ар түрдүү оюндарды ойнойбуз. Мен кардарларыма күнүнө 5 миң сомго денемди сатам. Ал эми тиги кыздар 3 миң сомдон 5 миң сомго чейин иштешет. Кардарларыбыз эркектер".
Мыйзамда сойкулук кылуу кылмыш болуп эсептелбегендиктен, милиция кызматкерлери кармалган "кыздарды" каттоого алып, кайра коё беришкен. Коомчулукта "сойкуларга милиция кызматкерлери өздөрү "крыша" болушат" деген сөз көп айтылат. Балким, сойкуларга чара көрүү мыйзамда каралбагандыктан жогорудагы сөздөргө жем таштап жатабы же чындап эле ошондойбу деген эки анжы ой келет. Ал эми Кылмыш жана жаза кодексинде "сойкулук жасоо үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же күтүү" деген берене бар. Ал боюнча кылмыш иши козголдубу же жокпу билели деп Свердлов РИИБинин №10-аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлерине чалсак, ар кайсыны айтып алгылыктуу жооп беришкен жок.

АЛГАЧКЫСЫ ЭМЕС...

Жогорудагы окуя алгачкысы эмес. Эсиңиздерге салсак, 2008-жылы да Бишкек шаарынан кыздай кийинген 1 эркекти 3 жигит унаасына күч колдонуп салып кетип, токойдун ичинен зордуктап, сабап, кордошкон. Андан соң 2015-жылы да Бишкек шаарынан 17 жаштагы жигит кыздардын кийимин, жасалма чач кийип сойкулардын арасында жүргөн жеринен кармалган. Милиция кызматкерлери аны суракка алып, чечиндиришкен видео интернетке чыгып, талкуу жараткан. Интернет колдонуучуларынын айрымдары жигитке жини келгенин жазышса, көпчүлүгү аны аяп, "милиция кызматкерлери адам укугун бузуп жатышат" деген таризде билдирүү калтырышкан.

КАРДАРЫН КҮТКӨН ТРАНССЕКСУАЛДАР

Бишкек шаарындагы сойкулардын интернетте сайттары да бар. Анда сойкулардын 3 түрү кардарларга сунушталат. Алар, өздөрүнүн тили менен айтканда, "перилер" (эркектерге кызмат көрсөткөн аялдар), "жиголо" (аялдарга кызмат көрсөткөн эркектер) жана "транссексуалдар" (аялдарча кийинип алып эркектерге кызмат көрсөткөн эркектер). Ошондой эле сойкулардын өз ара баарлашуусу үчүн форум ачылган. Ал форумда сойкулар бири-бирине жаңылыктарын жазышып, өздөрүн жарнамалашып жана "ак эмгек" менен акча таап жатканына тоскоол болгон милиция кызматкерлерин жамандап отурушат. Жогорудагы окуяга дагы бир мисал болсун деп так ошол сайттан кыздай кийинген транссексуалдардын бирине кардар катары чалып көрдүм. Өзүн Жасмина деп тааныштырган ал мындай деди:

– Саламатсызбы?
– Саламатчылык (чоюла сүйлөгөн эркектин үнү угулду).

– Сиз иштейсизби?
– Ооба, иштейм.

– Сиз кызсызбы же эркексизби?
– Мен транссексуалмын.

– Бир түнгө канча болот?
– Түнгө иштебейм. Саатына иштейм.

– Саатына канча?
– 4 миң сом.

Мына, окурман, тилекке каршы, бул азыркы турмуштун ачуу чындыгы. Коомубузда өөн учураган бул көрүнүш акырындап кулач жайып баратканы көңүл кейитет.

Бишкектен кармалган 3 "кыздын" бири.

Сайт аркылуу кардар издеген "кыз".

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -10 
Комментарийлер(91)
12.07.2016. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kaidiger, жеке айтышууларга тыюу салынган. Ал үчүн купуя кат бар. Оозеки эскертүү!
12.07.2016. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудайым озун сакта,акыркы учурда урой учурган жанылыктар кобойуп кетти,баарыбызга ынсап берсин.
12.07.2016. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Киндигинен баштап чычанына чейин тигип салса жакшы болчудай
12.07.2016. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
мени баарынан тан калтырганы кандай эркектер ушундайларга аппетити тартат???
12.07.2016. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сойкулар эркектер менен сойкулук кылышат. Куноону жетишпестиктен сойкулук кылган кыздарга койбой... эркектер куноолу эмеспи камсыз кылбаган? Сойкуларды эркектер сойку кылат. Кала берсе сойкулар эркектерден чыгып жатпайбы???!!!
12.07.2016. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ой тимеле сойку ЖИГИТ деген атка татыктуу эмес булар. ЖИГИТ деген мындай болбойт.
12.07.2016. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Өлүм жазасы чыкса жакшы болмок,айбандарга!
12.07.2016. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чубак ажы Чубак ажы деп эле асыласынар биринерден биринер отуп жамандап сырттан караган адамга Жанар Акаевге подержкага чыгып жаткандай болуп кана эми тим эле бут жактан чыгып жаткан Жанар Акаевинер кана калган шым кийип мен эркекмин деп басып жургон депутаттар арасынан бироо чыкпайбы ушуларды туп тамыры менен жоголушуна болгон аракеттин кылбайбы мына ушуну мамлекетке келген чоон коркунуч десе болот Чубак ажынын радио телевидениядан чыгышына бут тосуп жаап мамлекетке коркунуч алып келип атат деп
12.07.2016. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
эмне бизди козу кор сокур деп атасынарбы баарын коруп билиптурабыз кайран Кыргызды кыйнап эле буттунорго акты кара деп караны ак деп дагы унчукпай караптурган элге рахмат козго даана корунуптурган жакшылык ишти бул жаман деп жаап салдынар эми озунордун убалынар озунорго Аллахым озу берет силерге жазаны
12.07.2016. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
каждый зарабатывает как может,акча табуунун оной жолун таап алышкан... же оной деп деле айтканга болбойт го, спрос болгон учун булар бар.
12.07.2016. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Акыр заман жакындагандын дагы бир белгиси-аял менен эркектин айырмасы жоголуп баратканы.
12.07.2016. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгыш деген балакеттин пайдасы.Шумдугун кур кыргызда качан ушундай болчу эле?
12.07.2016. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adil706070, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
13.07.2016. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул нерсенин жазбай эле койбопсунар,Гомосексуализмди прапагандалоо деп эсептей буну.Илгери деле катын кылык эркектер болчу,эчким аларды к.. деп коомдо айтбачу,аны ошентип айтсан жаш осуп келе жаткан оспурумдор бул эмне экеен деп ошол нерсени изилдей башташат,анан ошол нерсени псигологиясына таасир этиши мумкун!
13.07.2016. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргыздар, кайда баратабыз? Энеси менен баласы кошулуп, эми бул сойку жигит? Айта берсен ,ото эле коп. Ыймансыздар ото кобойуп кетти, ото окунучтуу.
13.07.2016. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эркектер келгиле ошол сойку кыздардын кызматын пайдаланбай койгула эле алар өзүнөн-өзү жоголот
13.07.2016. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Булар да ошол жолго жон эле барбады да.Буга ушул турмушка алып барган олкобуздогу жагдай жумушсуздук. Карады билими жок билим алайын десе акча жок,аргасыз ушул кадамга барды да. Кийин жакшы акча тушконун билип бул жолдон ажырагыс болуп калды, азгырылды.. Олкобуздогу байлардын байлыгы да баардык калкыбызга тен болуштурулгондо жана ыйманыбыз болгонд бул корунуштор болбор беле...
14.07.2016. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
jeyloo,айланайын,тим эле боорун ооруч адамсцнго э,турмуштун айынан деп.Элементарный иштерди кылганы,оной эле жумушту кылганы зээригишип,иштегилери келбей,ошол ишке башы жетбей,кочого чыгып сойкулук кылышат.Оз башыман ткон,коргом ошондой кыздарды.Жумуш кандай болбосун чыдап иштер,уй,машине(ак мээнети менен)кылган кыздарды да коргом.Сойкулук кыьган адамдын озу акылы аз болот жэ секске бешенный тойбогондор!
14.07.2016. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне кылса болот буларды
14.07.2016. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми булда оной акча табуунун бир турудо,
14.07.2016. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шундугун кургуур,эми кантебиз
14.07.2016. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Акмактар силерге тозок болот фу.
15.07.2016. 02:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
КАЙРАН КЫРГЫЗ ЭЛИМ,биз кайда баратабыз деген суроого ЖООП болду окшойт.
Kara-balta түзөттү 2016-07-15 02:08:51
15.07.2016. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Воо мынаны кайран элим кайда баратабыз десенер болот ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-07-15 10:51:37
15.07.2016. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
bond,этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. Оозеки эскертүү!
15.07.2016. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Уят эле ата энесине дагы бир баланы бала кылып чонойто албаган кандай ата эне болду экен
15.07.2016. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечирип кой экен булар
16.07.2016. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
кайда баратабыз деп ушуларды чыгарышпайбы, кыйын экен
16.07.2016. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жогору жактан жакшы бир закон чыгарып бир экону элдин алдында атса мен ойлойм баары бутот деп кытай ветнамда закону кучту ошолордой болуш керек озу
17.07.2016. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жагдайды токтотпосок Кыргызстаныбызда жанагында кан тогулуш,жер титиреш,сел агымы,жар кулап,айылдарды кочку баскан окуялар да токтобойт андыктан Аллах Тааланын каарын келтирбей токтотолу эсибиздин барында этегибизди жыйалы урматтуу кыргыз элим.
17.07.2016. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уяты жоктор, эркектин атын тебелеген.
17.07.2016. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ОО Алла Эркекте эркектик Наамыс жок болсо эртен чонойтуп остургон кыздарыбыздын келечеги эмне болот..
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо