Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

МАЛАЙЗИЯЛЫК АЛДЫҢКЫ ТЕЛЕКАНАЛДАР ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫН ЧАГЫЛДЫРЫШАТ

№714 8-июль-14-июль, 2016-ж

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги 2016-жылдын 1-июлунда малайзиялык алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө ооз ачар уюштурду. Иш-чара элчиликтин кыргыз өлкөсүнүн туристтик потенциалын жогорулатуу боюнча аткарып жаткан иштеринин алкагында жасалды. Алдыда күтүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын имиджин көтөрүүчү II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ар тараптуу чагылдыруу процессине чет элдик ЖМКларды тартуу максатын көздөйт. Жолугушууда кыргыз элинин бай тарыхы, маданияты менен каада-салты, кыргыз мамлекетинин туристтик потенциалы тууралуу кеңири маалымат берилди.
Элчиликтин маалыматына таянсак, коноктордун көңүлү өзгөчө 2016-жылдын 3-8-сентябрында Чолпон-Ата шаарында өтүүчү II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын философиясына жана ал тууралуу маалыматтарга бурулду. Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси
Кылычбек Султанов II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын максаты – дүйнөдөгү көчмөн элдердин тарыхый жана маданий мурастарын кайра жаратуу жана сактоо, мындан тышкары көчмөндөр маданиятын даңазалоо экенин белгиледи.
Иш-чаранын катышуучулары II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уникалдуулугуна суктанып, аларды чагылдырууга зор кызыгуу артышты. Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын этникалык оюндар боюнча долбоору –
II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө Малайзиянын алдыңкы ЖМКлары: "Бернама" жана ТВ-3 менен келишим түзүлгөнү белгилүү болду.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо