Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Ибрагим Жунусов: “МЕНДЕ АЙЛЫКТАН БАШКА БАЙЛЫК ЖОК”

№382 26-февраль - 4-март, 2010-ж.

Тамаша тор

Казакстанга чейин белгилүү болгон көзү ачык, дабагердин атын жамынып Маданият агенттигинин директору Ибрагим Жунусовдун талуу жерине сайгылап көрдүк. «Жаңы кызматыңда көпкө кармалбайсың, мага келип жолуңду ачтырып кет» деген сыяктуу телефондон айтылган сөздөргө кандай жооп алдык, өзүңүз күбө болуңуз.

– Саламатсыздарбы, мага Жунусов керек эле...
– Ким сурап жатат?
– Маанилүү иштер менен чалып жатам. Чакырып койгулачы?
– Мен, угуп жатам.
– Балам, кандайсың? Ден соолуктарың, иштериң жакшыбы? Ордуң кут болсун!
– Рахмат, рахмат! Бул ким болду экен?
– Өзүмдү тааныштырып кетсем, атым Бапый. Кыргызстан эмес, Казакстанга чейин белгилүү болгон көзү ачык, дабагермин. Сен, балам, мага келип кетишиң керек.
– Эмнеге?
– Мен жөн адам эмесмин. Пенделерге жардам берсин деп Алла мага жакшы касиет берген. Сенин үстүңдө кара булут айланып жүрөт. Кел, жолуңду ачып берем.
– Мен үчүн күйгөнүңүзгө, жан тартканыңызга рахмат. Бирок тим эле коюңузчу.
– Иштесең биздин театрды, балетти, жалпы эле маданиятты бүтүн өлкөгө таанытчу баласың. Бирок сени көрө албагандар көп. Алар жаныңда эле сени менен чай ичип жүргөндөр. Жолуңду ачык, маанайыңды жарык кылуу, менин жарым сааттык убактым.
– Кудайдын айтканы болот да, эже. Биринчиден, менин бул орунда көпкө отуруп калайын деген деле оюм жок. Экинчиден, анча-мынча көзү ачыктарга ишенбейм.
– Менин эки жагымда эки чоң жолборс турат. Алар менин колдоочуларым. Алардын айтымында, мага келип тазаланып кетсең, мындан да жогору көтөрүлөсүң. Азыр саясатта белгилүү фигуралар болгон досторуңдун баары мага келип “кандай кылсам ишим жүрүшөт?” деп сурап келишет. Мисалы, Алик деген жеке ишкер досуң жаңы жумушуна отурардан мурун мага келип кеткен. Ишенбесең, азыр телефон чалып сура.
– Чын элеби? Макул анда, мен азыр Аликке чалайын. Атыңыз Бапый беле? Сизди кайдан табышты Алик билет да, ээ?
– Ооба, билет. Мен бул кызматым үчүн көп деле сурабайм. Бир жылкы алып келсең ыраазымын.
– Сиз туура эмес түшүнүп алыптырсыз. Менде айлыктан башка байлык жок. 12 000 сом айлыгыма кайсы жылкы келмек эле. Сизге, балким, кайрылам. Жакшы калыңыз.

Ушуларды айтып телефонун өчүрүп салды. Эртеси кайрадан телефон чалып, мурунку күндүн маегин уланттык.

– Кандайсың балам? Мен, Бапый эжең.
– Жакшы эже, мен Аликке чалдым го, ал сизди тааныбайт экен. “Аты Динара бекен?” дейт. Сиздики Бапый беле?
– Балам, сен бул жерден дагы алдандың. Кайсы эле чиновник же жеке ишкер “ооба, мен көзү ачыкка барам” деп айтсын? Азыр сенин үй-бүлөңдө да кичине маселелер болуп жатат. Мен баарын билип турам.
– Коюңуз эже, жакшы калыңыз. Үй-бүлөмө тийишпей эле коюңузчу.
– Ибрагим байке, бул 23-февралга карата сизге арналган “Супер-Инфонун” белеги болчу.

Мындайды күтпөгөн окшойт. Агенттиктин директору боору эзилгенче аябай каткырды.

– Мен алдырган жокмун, ээ? Туура эле жооп берип жаттым. Акыркы учурда мени түшүндө көргөндөр көбөйгөн эле. “Түшүмдө ак боз ат минип, колуңа камчы кармап алыптырсың. Манас ата чакырып жатыптыр” деген кишилер кабинетиме көп келе баштады. Сени дагы ошондой эжелерден окшойт деп жатса.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg
Сүрөттөр
«Супер-Инфонун» архивинен алынды.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(5)
27.02.2010. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч нерсе эмес. Эми топтойсуң!
02.03.2010. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бапый деп атты табышканын :))))
02.04.2010. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ибрагим аке ийгилик сизге студентиниз ЖАМЭЛЬ
14.11.2010. 06:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Укмушсунар ээ тимеле окшоштуруп азаматтар десе!Ибрагим аке ишинизге ийгилик!
01.08.2011. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат ибрагим аке
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо