Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

УКУК КОРГОО ОРГАНДАРЫНДА РЕФОРМА ЖҮРӨТ

№714 8-июль-14-июль, 2016-ж

4-июлда Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйын жабык форматта өтүп, анда укук коргоо органдарында реформа жүргүзүү боюнча сөз болду. Кеңештин катчысы Темир Жумакадыров реформалар ушул жылдын аягына чейин ишке ашырыларын белгиледи.
Анын айтымында, бул реформалар укук коргоо органдарында коррупцияны жоюуга, окшош функцияларды аткарган кызматтарды кыскартууга, кадрларды даярдоо ишин жакшыртууга жана органдардын жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган. Ошондой эле укук коргоо органдарын реформалоонун максаты – жеке ишкерлерди жана жергиликтүү бийлик органдарын сансыз текшерүүлөрдөн коргоо. Прокуратура органдарынан тергөө функциялары алынып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка берилет. Бирок прокуратура органдарында кылмыш ишин козгоо функциясы калат.
"Мындай өзгөрүүнүн мааниси – прокуратура өзүнүн салттуу негизги көзөмөлдөө функциясын аткарышы керек. УКМК экономикалык кылмыштар боюнча иш алып барбайт. Мындан тышкары УКМК кылмыш ишин козгобойт. ИИМдин түзүмүндө да өзгөрүүлөр болмокчу. ИИМде 5 жаңы кызмат түзүлөт: Коомдук коопсуздук боюнча кызмат, Кылмыш милициясы, экстремизм жана мыйзамсыз миграция менен күрөшүү боюнча кызмат, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү боюнча кызмат жана Ички коопсуздук боюнча кызмат", - деп билдирди Жумакадыров.
Өз кезегинде президент Алмазбек Атамбаев реформаларды туура ишке ашыруу керектигин баса белгиледи. "Биздин укук коргоо органдары мыйзамдуулукту камсыз кылууга аракет кылып келишет. Бирок азыркы абал коррупционерлер үчүн ыңгайлуу болуп жатат, а биз адилеттүү кесипкөй адистерди колдойлу деп жатабыз",- деди президент.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо