Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"ИЧКИЧТЕРДИН ҮЙҮНӨ БАРЫП ЖАШООМ ӨЗГӨРДҮ"

№714 8-июль-14-июль, 2016-ж

– Милицияда иштечүмүн. Оңой жумуш эмес. Күндүр-түндүр эле ызы-чуунун үстүндө жүрмөй. Бир ирет "коңшуларыбыз тынчтык бербей жатат" деген чакыруу келип, шаардын чок ортосундагы көп кабаттуу үйгө бардык. Мындай чакыруулар толтура эле болот. Кептин баары аракта да. Андайда масты алып келип, бир жумадай камап салабыз.
Айткандай эле, мас экен. Күйөөсү-аялы экөө тең жапжаш кыргыздар, экөө тең мас. Ызы-чуу түшүп мушташышкан окшойт. Үй ичинин баары идиштин сыныгы. Күйөөсүнүн колун кайрып алып жөнөгөнү калганбыз, капыстан эле эшиги жабык турган бөлмөдөн добуш угулду. Карап коёюнчу деп ача салып жүрөгүм үшүй түштү.
Бөлмөдө төрт жаштардагы кыз, анан эки жаштардагы эркек бала жүргөн экен. Экөө тең мени карап алактап коркуп калышты. Мен жаш балдардын мынчалык муңдуу көздөрүн көргөн эмесмин. Эч кандай баёолук, адамды кызыгып, күлүп кароо деген жок, коркунуч гана бар. Экөөнүн тең кийимдери кир, чачтары өсүп, уйпаланган, майланышкан. Эркек баланын алдында эч нерсе жок. Ысык сууга күйгөн окшойт, буттарында сууга толгон ыйлаакчалар.
– Силердин балдарыңарбы?
– Ооба,- аял көңүлсүз жооп берди. – Мен силерди тынч отургула дебедим беле?!- деп кызды баштан ары чаап жиберди. Нес болуп эле туруп калдым. Кыз басып барып жерде турган табакка кашык салды да: – Кел, Нуйчик, ап де,- деп инисин чакырып ага тамак бере баштады. Тамагы кадимки эле кукси. Бала отурбай жеп жатты. Кыязы, бутундагы ыйлаакчалары ооруйт окшойт.
– Бул эмне кылганыңар?! Балдардын кебетеси кантет?!
– Байке, сиздин ишиңиз эмне?!
Чыдамым түгөндү. Билбейм кандай ойлойсуңар, бирок өзүмдү кармай албай койдум. Тарс эттире келинди жаактан ары чаптым. Күйөөсү жүткүндү. Аны баса калып эзелки өчүм бар кишидей жанчып салдым. Экөөнү тең эшикке сүйрөп чыгып кайра кирсем, баягы кичине кыз инисин артына калкалап "байке, уйушпаңызчы? Нуйчикке тийбеңизчи?" деп ыйлап жиберди. А бул байкуштардын күнөөсү эмнеде эле? Мен өлүп жаткан адамдарды көргөм, алардын жакындары ээ-жаа бербей өксүп ыйлагандарын көргөм. Бирок көзүмдөн жаш чыккан эмес. Азыр бети-башы кирден ботко болуп, балалык деген эмне экенин билбей, таш боор ата-энесинин токмогун кадимки эле нерседей кабылдап, бирок ошондо да өзүнөн алсыз, кичине бир тууганына кам көрүп, аны калкалап турган кызды көрүп ыйлап жибердим. Көрсө, күчтүү адамдардын алдында ыйлайт экенбиз. Мен аны ошондо түшүндүм. Экөөнү кучактап алып ыйлай бердим. Токтоно албай койдум.
Балдарды убактылуу балдар үйүнө алып кетишти. А тиги эрди-катын "бизди сабады" деп үстүмдөн арыз жазып коюшуптур. Жумушумдан алып коюшту. Мейли, өзүм деле кетмекмин, ага кейиген жокмун. Оюм башкада болчу. Мен тиги эки балакайды таштап кете алмак эмесмин. Келинчегим колдоп, ары-бери чуркап жүрүп акыры экөөнү тең өзүмө каттатып багып алдым.
Билесиңерби, мен азыр абдан бактылуумун. Кызым Анель өзгөчө боорукер, күйүмдүү жан, 1-класста окуп жатат. Уулум Нурдан апасынын жанынан карыш жылбайт. Кээде Анель "сен бизди кайра алып барып койбойсуңбу?" деп жүрөктү эзет. "Жок, эми силерди эч кимге бербейм! Силерсиз кантип жашайм?!" деп жооткотом. Азыр алар ини күтүп жатышат. Жакында төрөт үйүнө жасанып алып барабыз...

Бакыт
Марат Жанбараков


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  35 
Комментарийлер(59)
12.07.2016. 04:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшы адамдар коп болсун
12.07.2016. 07:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Баарынардын ыйлаагынар келиптир анда кыргыздын базары боорукер екен
12.07.2016. 08:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азаматтык кылгансыз! Жубайыныз аман-эсен коз жарып алсын. Ошол балдардан жакшылык коросуз.
12.07.2016. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Окусан козуно жаш тегеренетко.... Бала туугандыкы эмес, баккандыкы деп коетко. Балдардын урмат-сыйын корунуз...
12.07.2016. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озуно кошуп биздида ыйлайты го. Аялынызга торотуно Аллахым озу жардам берсин Аллах сиздин нартелерге кылган жакшылыгынызды унутбайт. Алла раазы болсун сизден.
12.07.2016. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
УШУНДААЙ журогум ооруп кетти, бироого зар , бироого кор деген ушу тура... Сиздей болгон адамдар коп болсун
12.07.2016. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах раазы болсун.ардайым бактынар толуп турсун рахмат сизге
12.07.2016. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ооо Аллах жер жузундо дагы деле ЫЙМАНДУУ.БООРУКЕР адамдар бар экенине дагы бир жолу ынандым жана Аллага шугур келтирип ыйладым.азырда ыйлап жатам.Жинди сууну ичип алып дагы канчалаган ата эне балдардын убалында калып жатат ал жагы тунгуюк.Баарыбызга Ыйман Нысап бер.Ушундай адамдар коп болсун
13.07.2016. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jurok oorutatgo baktyluu bolunuzdaar
13.07.2016. 06:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушу балдардын сыйын корунуз.
13.07.2016. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсыз! Мен адамдын мунозу кесибине тиешеси жок деп айткым келди. Мен милицияга турмушка чыгып жатканда мага милицияларды жамандашып менин маанайымды бузушкан эле. Азыр эн сонун уй булобуз.
13.07.2016. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ыйлагым келип кетти рахмат сизге
13.07.2016. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш балдар.жаш балдар ыйлабасынчы, кыйналбасынчы
13.07.2016. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Козумдон жаш чыгып кетти.
13.07.2016. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах ыраазы болсун. Кандай жакшы адамдар. Келинчегиниз
аман-эсен коз жарып алсын
14.07.2016. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да ыйладым,соз жок абдан жакшы адам экенсиз,бактылуу болунуз.
14.07.2016. 03:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамтсын жубайын экооно узуун омур берсин,бактылуу уй булолодон болгула
14.07.2016. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Козумон жаштарым молт, молт акты...
15.07.2016. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен окуп алып ыйладым...
16.07.2016. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атын очкур аракка баш ийген адамдар кобойуп кетти аянычтуу....
16.07.2016. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым ай, мындай жаш балдар канча??? Аларга да сиздей мээрим төккөн адам жолукса экен. Баарыбызга ыйман ынсап берсин!
17.07.2016. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адамдык сапаты бар адамдар да бар экен милиция болуп иштеген. Туура кылыпсыз!
20.07.2016. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыз байке алла ыраазы болсун сизден балдарыныздын, жубайыныздын омуру узун болсун.
21.07.2016. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах ыраазы болсун сизге. Ошол балдардын урматын корунуз. Козумон жаш тегеренди окуганда.
17.08.2016. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baktyluu bolunuzdar
10.09.2016. 06:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркексин байке. Узурун кор туболуко.
09.10.2016. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындыгында козго жаш келет экен. Балдарыныздын бактысын корунуз. Сиздей адамдар коп болсун...
06.11.2016. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуп алып аябай козумо жаш тегеренип озумду зорго кармап калдым.Ылайым сиздей адамдар кобойо берсин
26.01.2017. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оой козумон кадимкидей жаш агып, башым ооруп кетти го. Эки уч сыйра окуп чыктым, ар бир окуганда жаш толуп калып атты козумо.
06.04.2017. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бакыт каалайм. Жакшы адамдардын бар экенине дагы бир жолу ишендим.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо