Самара Каримова: «АЛТЫ ЭЖЕМ БАР БОЛСО ДА АПАМ МЕНИ МЕНЕН АКЫЛДАШАТ»

№714 8-июль-14-июль, 2016-ж

Бул ырчы дайым коомчулуктун талкуусунда. Концерт койсо да, интервью берсе да. Аны сөгүшөт, тилдешет. Өзүнөн улуу кишиге турмушка чыкканын айтуудан тажашпайт. Ырчы болсо сынга сынбастан, сулуулук салонун ачып, топ түзүп, модель, төкмө акын болуп, жаңы өнөрлөрүн көрсөтүү менен алек. Жаш туруп үч баланын энеси, сахнадан ордун тапкан ырчы болууга жетишкен Самара Каримова биздин соболдорго жооп берди.

– Самара айым, футбол көрүп жатасызбы? Кайсы команданын күйөрманысыз?
– Футболдун ашынган деле фанаты эмесмин. Криштиану Роналду үчүн Португалияга күйөрмандык кылып жатам. Кичинемде футбол ойногонду жакшы көрчүмүн. Бир жолу мектептен өзүмдөн улуу кызды топ талашып сабап салгам. Ал кыз ыйлаган боюнча апасын ээрчитип келиптир. Кайсы кыз көрсөтчү десе, «бетинде калы бар» деп мени көрсөттү. Апасынан аябай уруш уккандыктан кыздар менен мушташканды токтотком.

– Өзүңүздү ар тараптан сынап келесиз. Ага кошумча бала багып, үй-бүлөгө да көңүл бөлүш керек. Мынча энергияны кайдан аласыз?
– Мен эшикке чыгып эркектин, үйгө кирип аялдын ишин жасап тиричиликке бышкан кыргыз кыз-келиндеринин катарындамын. Мүмкүнчүлүк, убакыт барында колумдан келишинче аракет кылам. Өзүмдү баарына жетишип жаткан темир аял көрсөткүм келбейт. Мисалы, балдарымды апам карайт. Ал неберелери үчүн дарыгерлик кесибин таштады. Сулуулук салонду болсо кайын сиңдим иштетип жатат. «Самара» тобунун бийчилери элдин жакшылыктарында кызмат кылууда. Ырчыларым электр жарыгы өчсө кошо өччү кыздардан эмес. Комуз чертип 4-5 саат ырдай алышат.

– Чыгармачылыктан сырткары эмнеге шыктуусуз?
– Айылда чоңойгондуктан атты мыкты чабам. Лейлек килемин токуганды таенемден үйрөнгөм. Бардык түрүн токуу колдон келет. Кайненем да килем токуйт. Колум бошогондо кол кабыш кылып турам.

– «Эки талдын башын кармаган сууга агыптыр» деген кеп бар. Бирде бул өнөргө, бирде тигисине чабылып жатып элди тажатып албайсызбы? Айрымдар «башкасын кылса да төкмөлүк өнөрдү тим эле койбоптур, жаттап алганы билинип жатат» деп айтышууда?
– Сөздүн гүлүн терип ырдаган, укмуш төкмөмүн дебейм. Жамактап ырдап калам. Бул өнөр мага таенемден өткөн. Бала кезде анын колунда жүрүп, акыл-кебин угуп чоңойдум. Ал киши жамактап сүйлөгөн, кара сөздү калпып айткан аял болчу. Менде бул өнөрдүн угуту бар экенин Элмирбек Иманалиев байкап, шакиртим деп таптап жатканы үчүн ыраазымын. Кудай буюрса, төрт тарабы төп келген төкмө агаларыбыздын артынан биз дагы чыгып каларбыз.

– Тойлорго эл сизди көп чакырарын билебиз. Тойдон тапканыңыз үй-бүлөлүк бюджеттин канча бөлүгүн түзөт?
– Эмитеден эле күзүндө болчу тойлорго чакыруу түшүп, календарга жазып баштадым. Бирөөнү туурагым келбейт. Тойдон, концерттен акча табуу негизги максатым эмес. Коноктордун, той ээлеринин көңүлүн көтөрсөм, ошол мага жагымдуу. Тапкан каражатым Кудайга шүгүр, бюджетибиздин мынча пайызын түзөт деп так айта албайм. Элден алганыбызды элге беребиз. Жаңы форма тиктирип, жаңы ыр, клип тарттырабыз.

– Атактуу болушуңузга пиардын канчалык салымы бар? Же 100 пайыз талант деп ойлойсузбу?
– Кыргыздын ар бир экинчи жараны таланттуу. Талантым бар деп отура берген болбойт. Өнөрдү өстүрүү үчүн эмгектенүү абзел. Иштин көзүн билген менеджер болушуң зарыл. Бул жагынан мага жолдошум жардам берет. Ырчы үчүн пиар керек деп ойлойм. Өзүмдү мисалга алсам, социалдык тармактарда такай отуруп, күйөрмандарымдан келген түрдүү суроолорго жооп берем. Кеңеш сурап, сыр бөлүшкөн күйөрмандарым бар. Аларга 2 саат убакыт бөлгөнгө аракет кылып, кызыккан суроолоруна жооп берем.

– Мекенибизде 20 күнгө жакын концерт берип жүрөсүз. Чет жакка да талантыңызды таанытып, эл аралык сынактарга катышсам деген ой барбы?
– Ырчылык менин кесибим. Муну тандап алгандан кийин өтөөсүнө чыгууга аракет кылам. Балдарым чоңойсо сөзсүз эл аралык сынактарга катышам. Удаасынан үч бала төрөп, сынактарга катышканга убакыт болбой жатат.

– Сынга алынып, талкуу чордонунда көп болосуз. Бул эмнеден деп ойлойсуз?
– Сындап, талкуулап жатса иштеп жатканымдын белгиси. Жакшы пикир, туура сын болсо кабыл алам. Мени талкууга алып сындагандардын бардыгына жакшылык каалайм. Дагы да сындай беришине тилектешмин. Мен өзүм кандай болсом ошондой жакшы көрөм. Табиятымдан бирөөгө көрө албастык кылбайм.

– «Улуу көрүнөсүң» деген пикирлерге терикпейсизби?
– Андай пикирди бетиме эч ким айта элек. Уксам деле терикпейм. Улуттук көйнөк кийип жүргөндүктөн айрымдарга ошондой көрүнүшүм мүмкүн. Жанымдан көргөндөр «арык, кичине эле кыз турбайсыңбы» дешет. Азыр 25 жаштамын. Бир үй-бүлөнүн бактылуу кожойкеси, жолдошумдун сүйүктүү жары, үч баланын бактылуу энесимин. Кайын журтумда сый-урматка ээ болгон келинмин. Менден улуу алты эжем болсо да апам мени менен кеңешет, акылдашат. Негизи чөйрөңө карап калыптанасың да.

– Өзүңүз тууралуу чындыкка коошпогон кандай сөздөрдү көп угасыз?
– "Чачың өзүңдүкүбү?", "үч баланы өзүң төрөдүңбү?" деген суроолорду көп угам. Жакында эле эжем "базардагы аялдардан «Самара үч баласын тең багып алган» деп айтып жатканын уктум" дегенде аябай жаман болдум. Атактуу болгон соң түрдүү сөздөр айтылат экен. Чындык мен тарапта болгондон кийин андай сөздөргө маани деле бербейм.

""Бир туугандар убакыт болгондо чогулуп калабыз. Эжелеримдин бири мен ачкан топто ырдап жатат".

"Орусиядагы мекендештерибиз улуттук кийим кийгениме суктанып, баталарын беришти".

Султан Төрөбеков
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(67)
11.07.2016. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самара эмне чыкпай койсунбу ??? кызыксынар акчасы бар чындык оомат келип турат селерге эмне Самара ырдаса оорлук келип атабы жакса уккула жакпаса кулагынарга эч ким зордуктап угузган жок
11.07.2016. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Самара менен кичинекейибизде чогуу Жаш
талант конкурсунда ырдаганбыз. Чындыгында таланттуу жана сулуу.
Ийгилик Самара. Сен жолдуу кыз экенсин мынтип белгилуу ырчы болдун. Мен уйдо эки баланын апасы болдум. Кудайга шугур.

Ырларынды суйуп угабыз. Уй булолук бакыт.
11.07.2016. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Эл суйлой беретта, андан коро алдыга умтулуш керек.
11.07.2016. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Чукумай таягынарды таштагылачы Кыргыздар!!!
11.07.2016. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эл адамы болгондон кийин чукуйбуз да буларды сындаш керек молодец ушунча сынга сынбай аракет кылып атат акча болсо алаканда шорпо.
11.07.2016. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Бул интервьюну окуган эжелери кандай кабыл алды экен. Эжелеринин алды неберелуу болуп калса да апасы Самара менен кенешет бекен ушул жери аша чаап кетиптир.
11.07.2016. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Апанды кыйнабай балдарынды озун эле бакпайсынбы. байкуш апан сени багып чонойтуп эми балдарынды багып жатат экен да
11.07.2016. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Каап жакшы маек болуптур,бирок деген жери бар да.Эгер ошончолук акылдуу аял озунон 6 эжесин жогору койбойт эле.Эми сынайбыз да эл адамы болуп жургон адамдарды,чоон кишиге тийсе тийиптир,иши кылып бактылуу бол!Эми экинчи 19 кун концерт бергис болгондур.
12.07.2016. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бир туугандарындын арасынан акчалуусу сен болсон сенин созун туура да.
12.07.2016. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Самара эже сиз сагынганда атамды деген сыяктуу жакшы ырлардан дагы чыгарыныз баягы ата бала эшек минип баратса элге жакпайт атасы минсе да жакпайт баласы минсе да жакпайт анан эшекти минбей койсо да жакпайт Эми кынтык издеген кыйкымчылдар кыргызда коп экен иш жакпас бекерчилер бешти жей берет Сиз эмгекчил акылдуу чырайлуу таланттуу бактылуу айымсыз!
12.07.2016. 02:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озу жазган ыры деле жок.
12.07.2016. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Alitet,Самара обончу же акын эмес .Тек гана аткаруучу
12.07.2016. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Атандай кишиге тийип алып чоон аял болуп турсан сенден кенеш албай анан кимден алмак эле кызыксын.Алты эженин конулун оорутуп албадынбы ушул созун менен
12.07.2016. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Журналистин берген суроолору маанилуу,эл уккусу келген суроолорду бериптир молодец.Ушундай тайманбаган,калеми курч журналистер кобойо берсин.
12.07.2016. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Самаранын уну бар,чындыгында жакшы ырдайт.Колунан келсе бут онорлорун оркундото берсин да,кысылып эле журо бериш керекпи мен ырчымын,только ырдайм деп,перзидент деле акыры жарылыптыр го ырларын чыгарып,президентмин деп эле отура береби,таланттуу адамдар бук болуп кетет,жашыргандан.Таланты барбы,шыгы барбы ошону оркундотсун Амирге окшоп отуруп алып эле тантырай бербей.Бара бара такшалат .
12.07.2016. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alitet, Nazgul91, жеке айтышууларга тыюу салынган. Ал үчүн купуя кат бар. Оозеки эскертүү!
12.07.2016. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чон кишиге тийсе да эн башкысы кыргыз! Жапжаш башка улутка тийип кетсе дагы чыкмакпыз " кыргызды чанды деп. Анан жанагы 6 эжесин козго илбей маек бергени чынында туура болбоду...
12.07.2016. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ааа эми Аскеси жетекчи бп турган маалда, ондуруп алыш керекта,салон ачып, кыздардан топ ачып дегендей
12.07.2016. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Эмгекчил,сулуу айым экен бат эле элге таанылды гезит,журналдардан тушпой журуп)
13.07.2016. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Самара эже базардан эле кийинет окшойсуз ээ сиз кийип турган комбинезонду базардан коргом.звезда болбой жонокой эл катары экенсиз.Ийгилик!
13.07.2016. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
жаман кыжаалат болдунарда эжелериден,о самара давно эжелериге айтып койгондурда.капа болбогула коралбагандар бар,уруксат берсенер ушинтип айтып коёюн деп.
13.07.2016. 08:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
мышык майга жетпей сасык дептир...пейилди кенен жаялы.бироону сындардан мурун,ошонун денгээлине жеткиле...
13.07.2016. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
zamandash,
кыргызда жакшы соз бар,жаманды жаман жакшыны жакшы деп айтуу керек деген. Эгерде кыргыз элине пайдасы тийип кыргыз элинин этегин дуйного тааныта чойуп жатса макул эле. Озунун жеке керт башын чонтогун гана ойлогон адамды эмне себептен жактыруубуз керек? Же бир кайрымдуулук иш чарага катышпаса иштеп тапканына бейбесара жетим жесирге болушпосо,100миндеп тойдо ырдап табам дейт ошонун он минин салака чапсынчы макул. Анан эн кызыгы улуу адамдарга тенелгеничи...
13.07.2016. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kuioosu 1968 jyl ozu 1991 bir nersesi bar al 4balasyn tawtap any algan ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-07-13 11:34:28
13.07.2016. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Arsenim, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга тыюу салынган. Оозеки эскертүү!
15.07.2016. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Arsenim,ХХХ ХХХ Кийин кыздары да озунон 20 жаш улууну тандаса бай болсо тие бергиле десе керек ээ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2016-07-15 20:38:43
15.07.2016. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sezim.A, этика нормаларын сактаңыз!
13.07.2016. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Алты эжеси ХХХ бул атасы менен тенге тийген акылдуу да.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-07-13 14:11:29
13.07.2016. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
NUR.DIM, этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. Оозеки эскертүү!
14.07.2016. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
кутулдук деп шугур айтып турсак дагын чыгып алыптырго качан кара мактанганы мактанган екенда
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-07-14 14:16:10
14.07.2016. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коп байкаймда ушул Самараны, Айгеримди, Анжеликаны коргондо эле кообунордун кыжырынар келет экен а неге??? Бирок мендагы жаман кыжырым келет тооба билбейм бирок эмнеге экенин?
15.07.2016. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ммми
16.07.2016. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир туугандарын жерге чаппаса болот эле, бир жатында жатып, бир энени эмип чоңойгон бир боорлору го.
17.07.2016. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакпайт
17.07.2016. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Токмо акын болгуча бир собственный ыр жазса болмок... ар кимдин ырын аткарып эле журо бербей...
27.07.2016. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анжеликага окшош экен улуу куйоо, 3 бала, сулуулук салон, ж.б окшоштуктар,
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо