Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Мадина, Медина Талипбековалар: «КЭЭДЕ СҮРӨТТӨН БИРИ-БИРИБИЗДИ АЙЫРМАЛАЙ АЛБАЙ КАЛАБЫЗ»

№714 8-июль-14-июль, 2016-ж

«Non- Stop» дуэтинин ырчысы Чолпон Талипбекованын коёндой окшош эгиз сиңдилери бар экенин билет белеңиз? Алар учурда фотомодель, телеалпаруучу катары таанымал. Абдан позитивдүү, жайдары, "энержайзер" кыздардын бири оператор-монтажёр болсо, бири актриса. "Биздин үй-бүлө биригип тасма тартсак болчудай. Анткени режиссёр, оператор-монтажёр, актриса да өзүбүздөн чыгат" деп тамашалашкан эгиздерди сиздерге жакындан тааныштырабыз.



КААРМАНДАР ТУУРАЛУУ
Туулган жылдары, күндөрү –1994-жыл, 1-сентябрь

МЕДИНА

Билими
– Б.Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университети, кинооператорлук факультети
Бою – 174 сантиметр
Салмагы – 52 килограмм

МАДИНА

Билими
– Кыргыз-Түрк «Манас» университети, актёрдук чеберчилик факультети
Бою – 175 сантиметр
Салмагы – 53 килограмм
– Мадина, Медина, куш келипсиңер! Эгиздердин жарыкка келген күнүнөн кепти баштасак...
Мадина:
– Рахмат! Апам 6 айга чейин айылда жүрүп, эгиз экенин деле билбептир. Курсагы аябай чоң болгондуктан баары эле «Манас төрөйсүң, баатыр болот» дей беришчү экен. Качан гана шаарга келгенде доктурлар «кантип көтөрүп жүрөсүз?» деп чочулашып, дароо ооруканага жаткырып коюшуптур. Ошентип 3 ай ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, анан биз төрөлгөнбүз.

– Окшош кыздарды айырмалаш да кыйын болсо керек?
Медина:
– Бир жолу кичинекей кезибиздеги бир сүрөттү таап алып, аябай тартыштык. Мадина «мен» дейт, мен «жок, менмин» дейм. Апамдан сурасак, көрсө, экөөбүз тең эмес, Чолпон экен (күлүп). Көбүнчө кичинекей кездеги сүрөттөрдөн өзүбүздү таба албай талаша беребиз, апам гана таанып берет.

– Ал эми мүнөзүңөр кандай?
Медина: – Мадина менден 20 мүнөт эрте төрөлгөнгөбү, анда «улуумун» деген синдром бар. «Мени эже де», бир нерсе жасасак да «мен улуумун го» деп калат. Бирок мектепте ким капа кылса дайым аларды урушуп, мени коргоп жүрчү. Мен башынан эле алсызмын. Мадина олуттуу, жоопкерчиликтүү, пунктуалдуу. Мен үйдүн кичүүсү болгондуктан эркелигим бар.
Мадина: – Элдин мага эмес, Мединага кыйын болгонуна жиним келе берчү. Себеби алар билишет да Медина алсыз экенин. Ошон үчүн коргогонго туура келчү.

– Көпчүлүк эле өзүмө окшош түгөйүм болсо деп кызыкса керек. А өзүңдүн көчүрмөң болгондогу сезим кандай?
Медина:
– Биз бири-бирибизди карасак окшоштук деле жоктой. Бирок фотосессияларда экөөбүздү окшош боёнтуп койгондо күзгүнү карап алып таң калып кетебиз.

– Экөөң тең чыгармачыл чөйрөдө жүрөсүңөр. Кесип тандоодо Чолпондун да салымы барбы?
Мадина
: – Биз жаштайыбыздан кошуна, туугандарды чогултуп концерт койчубуз. Балким, ошол кезден эле эл алдына чыкканга көнүп, жүрөгүбүзгө сиңирип алгандырбыз.
Чолпонду башында апамдын жолун ула деп экономисттикке тапшыртышкан. Окууну кызыл диплом менен бүтүргөнүнө карабай ал кесибин уланткан жок, кайра режиссёрлукка окуду. Чолпондун чыгармачылыкка келгени бизге дем берип, искусство жаатын тандашыбызга себепкер болду.
Мен окууну бүткөндө Кыргыз драма театрына жумушка чакырышты. Кыргызстандын негизги театрында ойноо мен үчүн чоң сыймык. Андыктан ойлонбой туруп дароо макул болгом. Кино деген кино, аны көрүп коёсуң, болду, а театр менен жан дүйнөңдү азыктандырасың.

– Медина, сен да кыздар үчүн оңой эмес кесиптин ээси экенсиң?
– Ооба, мен учурда «Жыргал Life» долбоорунда, «Тумар ТВ» телеканалында оператор-монтажёрлук кызмат кылам. Бул кесиптин ээси болушума Чолпондун да салымы бар. Ал режиссёрлукка окуп жүргөндө дайыма оператор менен маселе жаралчу. Оператор кээде уктап калат, же телефонун албайт, айтор, аябай жүдөтчү. Мен ага чейин фотограф болуп жүргөм, ошондо эмнеге операторлук кылсам болбосун дедим да, кинооператорлукка тапшырдым.

– Фотомодель катары да силерди көп көрөбүз. Моделдик кесип эмнеден башталды?
Мадина
: – 2009-жылы 14 жашымда мен «Мисс Бишкек» сынагына катышып, 5-орунду алгам. Сынак бизге көп мүмкүнчүлүктөрдү ачып, жарнамага тартылууга сунуштар түшө баштады. Аларга «менин түгөйүм да бар, жалгыз болгонго караганда экөөбүз чыксак кызыктуу эмеспи» деп Мединаны да бул чөйрөгө тарттым. Ошентип Кыргызстан, Казакстанда мода жумалыктарына чыгып жүрдүк. Белгилүү кийимдер тармагынын жүзү болдук. Дагы деле ар кандай сунуштар болуп турат, бирок азыр көбүнчө өз кесибибиз менен алектенип келебиз.

– Маегиңерге ыраазычылык, кыздар. Чыгармачылык ийгилик!

"Мединанын жигити бар экенин айтса, Мадинанын жүрөгү бош".


Мадина: "Менин атымдан социалдык тармактарга катталып, ар ким менен таанышып, акча алгандар бар. Учурда Мадина аттуу казакстандык кызга кылмыш иши козголгон".

"Чолпон бизге эженин да, курбунун да ордун басат".

Мадина менен Медина "Гу Чжун Пёго кантип турмушка чыгууга болот?" тасмасында "стерва" кыздардын ролун жаратышкан.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(43)
11.07.2016. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Сулуу кыздар экен,бактынар да сулуу болсун!
11.07.2016. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ушул эки кызды "эгиздер" деп атап кино тартса болчудай экен
Чынында жакшы кино чыккыдай .
11.07.2016. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Сулуу кыздар экен коз тийбесин.кандай эне тууду экен сулуу сулуу кыздарды?))
13.07.2016. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
lolo.1, тороду экен десен болмок экен...)
11.07.2016. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азаматтар бар болгула! Аллах озу жар болсун!
11.07.2016. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
сопсонун татынашкалар экнсинер суктана бере турган !!!
11.07.2016. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
молодцы красавицы
11.07.2016. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ичинде Чолпон сулуу экен
leilek_suluktu түзөттү 2016-07-11 17:50:34
11.07.2016. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Иии жандарым десе!!!!!! Менин да ушундай эгиз кыздарым болот кудай буюрса !!!!!!
11.07.2016. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Суйуп калдым кантейин
12.07.2016. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3

Экоо тен келишимдуу экен
Targarien түзөттү 2016-07-12 00:21:49
12.07.2016. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Koz tiybesin
12.07.2016. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Egizder kandai jakshy!!! Cholpon kanchanchy jylky
12.07.2016. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакындан бери таланттуу эки эгиз кыз ырдап чыгыштыго Уланова Алина Адина комузда ойного,ооз комуз, ырдаган ,кыздар бар экенго ошолор жонундо да маалымат берсениздер.
12.07.2016. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мен эгиздерди аябай жактырам иншаалах бизге да буйруйт
12.07.2016. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсынар! Чолпон мага тайманбаган кыздай коруно берет, бул эгиздер назик келишет экен. Чолпон 91 болуш кк, Максат 92 точна билем
12.07.2016. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чолпондон чон корунушот экен,бойлору да узун экен.
12.07.2016. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Охо бир туугандар топтолуп алышыптырго
12.07.2016. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Non Stopтогу Чолпондун синдилериби???
12.07.2016. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Видеосун кантип көрсөм болот админ?
13.07.2016. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakykg, саламатсызбы? Тилекке каршы азырынча видео версиясы жок.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-07-13 09:17:00
12.07.2016. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Университеттен корчумун
12.07.2016. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Татынакай кыздар экен.
13.07.2016. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодцы ийгилик каалайм кыргыз кыз дары чолпон да жагат
13.07.2016. 04:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаман коздордон и жаман создордон кудайым озу сактасын аябай сулуу кыздар экен
13.07.2016. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу эгиздердин кичинеси шустрый болот окшойт
13.07.2016. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сулуу кыздар экен
13.07.2016. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сулуу кыздар ммм....
14.07.2016. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сулуу кыздар экен негедир Чолпон такыр жакчу эмес ушундай синдилери бар экен да ийгилик баарына.
14.07.2016. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эгиздерди жакшы кором да
16.07.2016. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таттынакай кыздар экен !
18.07.2016. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишинерге ийгилик,татынакай кыздар экен.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо