5-июлда Орозо айт майрамы белгиленди. Улуу күндө кайрымдуулук кылгандар көп болорун билген жардамга муктаж жарандар Айт намазында тилемчилик кылып, кайыр сурап акча чогултушту. Мурда балдарын бооруна кысып лөлүлөр көп жүрчү эле, азыр барган сайын кыргыздар да көбөйүп баратканын байкап келебиз. Аксагы, бала-чака көтөрүп, жетелеген кемпир-келини эл аралап тыйын чогултуп жүрүштү. Баарынын акыбалын батыра албасак да, кайдигер карап турбай, арасынан жок дегенде бир тагдырга токтолууну туура көрдүк.
"ОТВЁРТКА МЕНЕН ӨЛТҮРҮШҮПТҮР"
Айдай Абдулдаева 27 жашта. 3 баласы бар, жалгыз бой эне. Бир туугандары жок, жалгыз таянган апасы дагы оорукчан. Биздин чыгармачыл топко каарманым көл-шал боло көз жашын төгүп, аягы туңгуюк тагдырын айтып отурду:
– Өзүм Ош облусунун Кара-Кулжа районунан болом. Нарын облусунун Ат-Башы районуна турмушка чыккам. Улуу балабыз тубаса жырык (заячья губа) болуп төрөлдү. 2013-жылы экинчи уулубуз төрөлөр алдында жолдошум Ат-Башыга кеткен. Келе жатып менин майда-чүйдөмө, дарыгерлерге сүйүнчүгө деп 5000 сомдой акча камдап алган экен.
"Ашык дөөлөт баш жарбайт" деп унаасына жолдон 2 баланы кардар кылып салып алыптыр. Алар Бишкекке отуруш уюштурганы келе жаткан балдар экен. Көңүл ачууга акча таппай жаткан немелер жолдошумдун жанында акчасы бар экенин билип калышып, Долон ашуусуна келгенде коркутуп акча талап кылышат. Анан экөөлөп кол салып, отвёртка менен сайгылап, жолдошумду өлтүрүп, унаасын айдап алып качып кетишиптир.
Ошентип ай-күнүмө жетип турганда капыстан өлүм басып, кара кийип отуруп калдым. Жашоо өз жолу менен өтө берет экен. Уулумду жарык дүйнөгө алып келдим. Жолдошумду өлтүргөн 2 кылмышкер кармалды. Бирөө кылмышты моюнуна алып соттолуп, экинчиси бошонуп кетти.
Кайын журтум "Ат-Башыда эле жаша" дешти. Өзүм күйөөдөн эрте жесир калсам, ал жакта улуу абысыным менен бир үйгө батышып жашай албайт элем. Бишкекке келе берүүнү чечип камынып жатсам кайненем "балдардын бирин таштап кет. Ошол боюнча кайрылып келчү болбо, баланы бербейбиз" деген талап койду. Мен балдарымды таштап кете албайт болчумун. Экөөнү тең алып баса бердим. Анткен менен кайындарым башында келип, балдар менен жолугуп жүрүштү, каршы болгон жокмун. Азыр болсо такыр эле катташпай калганбыз, сыягы балдарды бербей койдуң деп таарынышат өңдүү. Жардам да беришпейт.
"Апамдын буту ооруп, балдарымдын артынан жүрө албайт".
АЙЛАСЫЗДАН КУРГАН ЭКИНЧИ ТУРМУШ...
– Тууган-урук
"колуңда 2 балаң турса, өзүң жаш болсоң, турмушуң оор болуп калат го? Балдарыңа ата боло турган бирөөнө турмушка чыгып ал" дешти. Акыры тагдырга моюн сунуп, үчүнчү баламдын атасына турмушка чыктым. Эки уулумду тең операция жолу менен төрөгөм. Жолдошум менин жашоомду жеңилдетмек тургай ичип, тескерисинче, көйгөй жаратчу болду. Чындыгында жашоом аябай оорлошуп кетти. Акыры ажырашып тындык. Кош бойлуу экенимди билчү, бирок жашайлы деп суранган да жок. Үчүнчүсүн дагы кесарево жолу менен уул төрөдүм. Операция аябай оор болду, врачтар аман алып калабыз дешип менин өмүрүм менен 7 жарым саат алышышыптыр. Жолдошум ошондо да бир басып келип баласынын бетин ачып карап койгон жок.
Андан бери наристеме 2 жарым ай болду. Ичимдин тигилген жерлери толук айыгып бүтө элек. Төрөгөндөн кийин балдарды багайын деп ар кай жактан жумуш издедим. Колумдагы ымыркайды көрүп эч ким жумушка албайт экен. Ошентип, батир акысын төлөй албай, ал жактан чыгып калдым. Азыр алысыраак туугандардын батиринде эптеп күн кечирип жатам.
Апам бар, ал 2-топтогу майып. Мен жашаган батирден алыс эмес жерде өз туугандарынын колунда жүрөт. Атам болсо каза болуп калган. Мен аны кийин билдим. Себеби апам менен атам мен кичине кезимде эле ажырашып кетишкен.
"КАЙЫР СУРАП КАЛДЫМ"
– Оор жумушка жарабайм. Жараган күндө деле эмчектеги балам менен кантип иштемек элем?! Бала деген жокту билбейт да, ызы-чуу салып курсагы ачканда ыйлайт. Акыры көчөгө чыгып кайыр суроого туура келди. Ушул заманда тилемчилик кылуу кандай азап экенин билбесеңиз керек. Бири жаман көрүп берет, бири жакшы көрүп берет. Оору-сыркоо ушуну менен чыгып кетсин деп же айрымдары чындап боору ачып жардам кылат. Ушунча азапка кайыл болуп, алакан сунуп тыйын чогултам.
"НЕБЕРЕЛЕРИМЕ ЖООПКЕРЧИЛИК АЛА АЛБАЙМ"
Айдай Абдулдаеванын апасы Айчүрөк Зикирова 66 жашта. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Айчүрөк апа "буттарым ооруп, кан басымым дайыма жогору болуп турат. Кызым өз жашоосу менен өзү болсо жакшы болот эле" дейт.– Мен "Дордой" жана "Ош базарларында" арча сатам. Өкмөттөн алган пенсиям 4000 сомдой болот. Кызымдын колунда эмес, өз туугандарымдын үйүндө жүрөм. Неберелериме деле каралашып турам. Улуусу 6 жашка чыкты, ал дагы мага окшоп 2-топтогу майып. Карыганда темселеп базарда арча сатпай кызымдын балдарын карап үйдө отурсам деле болмок. Бирок балдарды бакканга алым жок. Дайыма артынан калбай көзөмөлдөп туруу менин колуман келчү иш эмес.
Бир күнү неберемди жетелеп көчөдө жүрсөм бейтааныш балдар унаа менен келип, баланы колдон талашышты.
"Эмне кыласыңар?" десем,
"өз балдарың эмес экен. Бирөөнүн балдарын жетелеп алып тилемчилик кылып жүрөсүң" деп эле балдарды талашып кирди. Шашып жанымдагы паспортумду көрсөтө койсом аны да алып коюшту. Аңгыча кызым келип, балдарды алып калдык. Ушундай окуядан кийин неберелериме да жоопкерчилик алыштан корком.
Абышкам Кара-Кулжанын Совет айылынан болчу. Бизге "
бул жакта каттоодо жоксуңар" деп жардам кылышпайт экен. Ошол себептен азыр элден жардам сурап, кичине болсо да балдар чоңойгуча кайрымдуулук кылып, жок дегенде балдарга жөлөк пул чектелип калса деген ойдобуз.
"Түтүнү бөлөктүн түйшүгү бөлөк" демекчи, эне менен бала эки бөлөк жерде кор болбой бирге түтүн булатып, чогуу жашаса болмок экен деген түкшүмөл ой менен кала бердик. Бир билгенибиз, бул үй-бүлө мышык ыйлагыдай абалда тургандыктан жардамдын кандай түрүн болсо да кабыл алат. Андыктан биз да үй-бүлөнүн аянычтуу абалын коомчулукка, анын ичинен боорукер адамдарга жеткирип коёлу дедик.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg
Саламатсыздарбы! Сиздерге купуя кат менен жооп берилди.
Колдон келишинче жардам берели