№715 15-июль-21-июль, 2016-ж
№19-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун врач гинекологу Айша Тыналиева "Үй-бүлөнү туура пландоо керек. Балдардын аралыгы жок дегенде 3-4 жыл болсо эненин организми тыныгып, кийинки төрөт үчүн күч жана керектүү витамин, минералдык заттарды топтоп жетишет. Анын үстүнө аял окуусун бүтүрө элек болсо бүтүрүп, акча табуу керек болсо иштеп алат" деп сөзүн баштап, бойго бүтүрбөөчү каражаттар тууралуу айтып берди.
ГОРМОНАЛДЫК КАРАЖАТТАРГормондор бириктирилген таблеткалар
– Таблеткалардын кээ бир түрлөрүндө 21, кээсиникинде 28 таблетка бар. Түрүнө карабай 21 таблетканын курамында гана гормон болот. Андыктан 28 таблеткалуусундагы калган 7 таблеткада канды толтуруучу жана башка минералдык заттар гана болуп, гормон болбойт. Кайсынысын ичүүнү аял врач менен кошо тандайт.
Инъекциялык (укол түрүндөгү) каражаттар
Мунун 1 айда, 2, 3, 4 айда бир сайылуучу түрлөрү бар. Түрүнө жараша карууга же жамбашка сайылат. Курамында энелик безден жумуртка клеткаларынын бөлүнүп чыгышынын алдын алуучу гормондор бар.
НорплантБул тери алдына (адатта каруунун) жайгаштырып коюучу, 5 жылга чейин бойго бүтүрбөй таасир берүүчү каражат.
Жогоруда аталган 3 каражат түрүн боор, жүрөк-кан тамыр, бөйрөк, ашказан, калкан сымал без, уйку бездин оор ооруларында колдонууга болбойт!
ТҮТҮКЧӨЛӨРДҮ БАЙЛОО
– Бул ыкма хирургиялык жол менен бойдон бүтүүдөн сактануу болуп эсептелет. Аялдын 2 түтүкчөсү байланган соң эркектин сперматозоиддери жатындан ары өтө албай, башкача айтканда, аялдын жумуртка клеткалары менен бирикпей калат да, бойдо болбойт. Бул кадамга аял кийин бала төрөбөйм деп чечим кабыл алса гана баруусу кажет. Анткени түтүкчөлөр байланган соң жабышып бүтүп калат да, кийин бойго бүтүүгө мүмкүнчүлүк болбойт.
ВАЗЭКТОМИЯ
Бул эркекке колдонулуучу мини операция. Эркектин уруктук чыгуучу каналы байланып коюлат. Ушул себептүү жыныстык жактан кошулганда эркектин бел суусунда сперматозоиддер болбойт. Мындай ыкма эркек мындан кийин балалуу болбойм деп чечкенде гана колдонулат.
КАЛЕНДАРДЫК ЫКМА
Этек кир келгенден баштап 14-15 күн дегенде аялдын эн безинен 1 гана өсүп жетилген урук клетка бөлүнүп чыгып, 24-36 саат жашайт. Ошондуктан этек кир келгенден кийин 12-13-14-15-16-күндөр бойго бүтүүгө шарт түзөт (эркектин уругундагы Y хромосомалары 1 сутка, X хромосомалары 3-4 сутка жашайт. Жубайлар аялдын этек кири келгенден тартып 12-13-күндөрү кошулушса, Y хромосомалары аялдын урук клеткасы бөлүнүп чыккыча күтпөй, 1 сутка дегенде өлүшөт да, чыдамдуу X хромосомалары калат. Алар аялдын урук клеткасы бөлүнүп чыккыча күтүп турушат да, бири аны уруктандырып, бойго бүтөт).
Жогоруда айтылган күндөрү бойго бүтүрбөөчү каражатты колдонуңуз.
ЖАТЫН ИЧИНЕ САЛЫНУУЧУ СПИРАЛДАРМындай спиралдардын түрлөрү бар. Андыктан аларды колдонуу мөөнөтү да түрдүүчө. Мисалы, Медь Т380А 10 жылга чейин колдонулат. Ал эми мультилоаддык түрү оңой менен түшпөй турган сапатка ээ.
Миома, жатын моюнчасынын эрозиясы, анемия, бөйрөктүн оор оорусунда, рак оорусунда спиралдарды колдонууга болбойт.
ТОСМО КАРАЖАТТАР (БАРЬЕРНЫЕ)
– Буларга эркектин уруктугун өткөзбөй кармап калуучу, уруктукту өлтүрүүчү каражаттар (барьерные) кирет. Аларды дарыканадан алып, өз алдынча колдонууга болот.
Түрлөрүнө: диафрагма, атайын суюктук сиңирилип коюлган салфетка, аэрозоль, гель, крем, презерватив, жыныс кынына салынуучу таблеткалар кирет. Буларды көрсөтмөсүнө жараша колдонуу керек. Мисалы, диафрагманы аял жыныстык катнаштын алдында жыныс кынына салса, эркектин уруктугун өткөзбөй кармап калат. Ал эми аэрозоль, атайын суюктук сиңирилген салфетка, гелдеги химиялык заттар эркектин спермаларын өлтүрүүчү касиетке ээ.
Булардан бойго бүтпөйт деген 100 пайыздык кепилдик жок. Андыктан туура колдонуу зарыл.
Презервативден башкасы жатын моюнчасынын эрозиясында, миомада, жыныстык органдардын сезгенүүсүндө колдонулбайт!
Эскертүү: Жогоруда айтылган каражаттардын презервативден башкасы жыныстык жактан жугуучу оорулардан, ВИЧ/СПИДден сактай албайт!
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |