БИР БҮРКҮМ

№715 15-июль-21-июль, 2016-ж

  • Жай башталгандан бери өлкө ичинде 39 киши, анын ичинде 15 жаш бала СУУГА ЧӨГҮП каза болду.

  • Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Талас таза суу менен башка облустарга салыштырмалуу аз камсыздалган. Мунун айынан ГЕПАТИТТИН А жана Е түрлөрү менен ооругандардын саны өсүп жатат.

  • Баткен облусуна өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болуп АБИШ ХАЛМУРЗАЕВ дайындалды. Ал Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокурору Абдибакыт Халмурзаевдин бир тууганы.

  • Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев шайлоочулардын ДОБУШУН САТЫП АЛУУ менен алектенгендерди 3 жылга эркинен ажыратууну сунуштаган мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

  • Кыргыз өлкөсүндө ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫНЫН саны азайып баштады. 2016-жылдын 6 айында 2,5 миңге жакын жол кырсыгы катталган. 2015-жылы ушундай эле 6 ай ичинде 3 миңден ашуун жол кырсыгы орун алган.

  • 2015-жылы кыргыз өлкөсү боюнча балдар Баткен жана Ош облустарында эң көп ТӨРӨЛГӨН. 

  • Балбан ЖАНАРБЕК КЕНЖЕЕВДИН Олимпиада оюндарына алган жолдомосу кайтарылды. Балбандын канынан мельдоний заты табылганы айтылып Бириккен күрөш дүйнөсү уюму анын Олимпиада оюндарына жолдомосун алып койгон болчу.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо