Баястан, рэп ырчысы: «СҮЙҮҮГӨ ТУРУКТУУМУН, УНАА АЙДАП БАРАТКАНДА КЫЗДАРДЫ КАРАБАЙМ»

№715 15-июль-21-июль, 2016-ж

Рэп ырчысы Баястан унаанын техникалык жактарын жакшы өздөштүрө элек болсо да, чаң жугузбай таза кармайт. Башкалардай чаң ызгытып айдаган айдоочулардан да эмес. Шашпай шаар көчөлөрүн аралап айдап, Абир Касеновдун жаңы чыгармаларынын коштоосунда «сүйүктүүсүн» айтып баратты.

Үлгүсү
– Tоyota Camry
Өңү – Ак
Чыгарылган жылы – 2004
Кыймылдаткычынын көлөмү – 2400 см3
Чыгарган өлкө – АКШ
Сатып алган баасы – 10 миң доллар
Айдоочулук тажрыйбасы – 5 жыл
Кыялындагы унаа – Lexus LX 570

– Баястан, бул унааңды качан сатып алдың эле?
– Тойотамды ата-энем 2 жыл мурун «жогорку окуу жайга өттүң» деп алып беришкен. Байкем Мирлан Саткымбаев белек кылган Ниссан Лаурелди сатып, үстүнө акча кошуп алганбыз.

– Биринчи жолу рулга качан отурганың эсиңдеби?
– Ооба. Анда Балыкчыда жашачубуз. 13 жашта болсом керек, газ менен тормозду алмаштырып, мамычаны сүзүп ала жаздагам. Атам жанымда отуруп үйрөтүп жаткан, ал рулду башкара калып унааны токтоткон. Ошондон кийин катуу коркуп калып, жарым жылдай айдаган жокмун. Мындан 5 жыл мурун байкем алгачкы унаамды белекке бергенде биринчи күнү эле сүйлөшкөн кызымды отургузуп алып күйүүчү май куйганы барып, бирөөнүн унаасын чийип алгам.

– Башка бирөө унааңды сүзүп алган учур болду беле?
– Болгон, бир жолу токтоп турсам маршруттук такси айдаган байке артымдан келип сүзүп салган. Күнөөсүн моюнуна алып, унаамды жасатып берген.

– Сен дагы ылдамдыкты жактырган жигиттерден болсоң керек?
– Жок, тескерисинче катуу ылдамдыкта айдаганды жаман көрөм, жай айдайм. Алыска чыкканда, эл жок жерде максимум саатына 170 чакырымга чейин жеткирип айдашым мүмкүн.

– Атактуулук МАИчилердин айып пулунан кутулууга жардамын тийгизеби?
– Атактуулук көп эле жолу жардамын тийгизди. МАИчилер унаадан түшкөндө эле таанып калышат. Көбүнчө кур тагынбаганым үчүн кармалам. Аларга ырлар жыйнагымды берсем эле коё беришет. Кээде «ырчы болсоң эмне болуптур, мен деле МАИчимин» дегендери болот (күлүп).
Бир жолу айдоочулук күбөлүгүмдү алдырып жибергем. 300 сом эле айып пул төлөмөкмүн. Жалкоолонуп жүрүп убактысы өтүп кетиптир. Ошентип 1000 сомго жакын айып төлөп күбөлүгүмдү алгам.

– Айдап баратып кандай ырларды угасың?
– Мен жеткен меломанмын, ар кайсы жанрдагы музыкаларды угам. Анткени чыгармачыл адамдар ар түрдүү стилдеги ырларды угуш керек деп ойлойм. Бир ырды уга берсең өспөйсүң. Азыр Абир Касеновдун жаңы чыккан ырлар жыйнагын угуп жатам.

– Жөө жүргүнчүлөргө жол берип өткөрөсүңбү?
– Албетте, өткөрөм. Бирок айрым кыздар бар, чоюлуп баскан. Ошондо аларга «бат-баттан баспайсыңбы!» деп сигналды басып салам. Шашып баратканда алардын созолонуп алганы жинимди келтирет.

– Светофордо токтоп калганда кыздарга тийишип, таанышкан учурлар болду беле?
– Сүйүүгө өтө туруктуумун, сүйлөшкөн кызым болгондуктан унаа айдап бара жатканда башка кыздарды карабайм.

– Унаа айдаган кыздарга көз карашың кандай?
– Көз айнек тагынып алып, тамеки чегип, музыканы даңкылдаткан өзүнчө эле «крутая» болуп колун терезеден чыгарып керсейген кыздар жакпайт. Ал эми тартиптүү, татынакай кыздардын унаа айдап баратканы жакшы көрүнөт.

– Сага кандай унаа жагат?
– Бул унаамды аябай жакшы көрөм. Бирок мага акыркы учурда Жиптер жага баштады. Биздин аңгыл-дөңгүл жолдорго ошолор эле ылайыктуу болуп жатат.

– Бузулуп калса өзүң оңдой аласыңбы?
– Атам жардам берет. Чынын айтсам, техникалык жактарын жакшы өздөштүрө элекмин. Мен үчүн эң башкысы унаам таптаза болушу керек. Ошондуктан жума сайын жуудуруп турам.

Маек соңунда...

– Майга канча каражат сарптайсың?
– Эгер кондиционер күйгүзбөсөм үнөмдүү эле болот. Күнүгө 300-500 сом коройт.

– Жол талашып урушуп кеткен учур болду беле?
– Андай деле болгон эмес. Айрымдар нерв болуп сөгүнүшөт го, мен сабырдуу болгонго аракет кылам.

– Өзүң сөгүнөсүңбү?
– Ким сөгүнбөйт (күлүп)? Кээде оозумдан чыгып кетет, бирок өтө орой сөздөр эмес.

– Айдоочу катары өзүңдү кандай сүрөттөй аласың?
– Шашпай, «нежно» айдайм го (күлүп). Кээде эле группалаш балдар менен жарышып калганым болбосо.

– Маегиңе рахмат! Жолуң дайым шыдыр болсун!

"Шашпай,"нежно" айдаган айдочумун".


"Бул унаа Америкадан келгенде ичинен таап тумар кылып салып жүрөм".


Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(25)
18.07.2016. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Баястан жакпайт мага,себеби озун кыйын сезип журот кочодо адам тоготпой.
18.07.2016. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Мага жагат бир сырдуу адам!
18.07.2016. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйгон кызы Аянабы?
18.07.2016. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
owtu,дал озу
18.07.2016. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кайсы Аяна?
18.07.2016. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Nurjan15,Касымова ырчы
18.07.2016. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Айланайын Баястан ырдабай эле койчу,Бегиш экоон вообще жакпайсынар. Ырынарда вообще маани жок... Бирок таарынбагыла ырынар МузТв дан чыгып калса эле нерв ойнойт. Адам уга турган ыр ырдасанар,озунорго деле приятно болмок...
18.07.2016. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
AykaMer, нерв болуп кантип чыдап отурасын. Очуруп же укпай эле койда. Же биро кыйнап атабы?
19.07.2016. 08:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
anyshka,Ыры жакпайт деп тв очуруп салсам,твны ким корот?! Анын ыры чыкканда эле башка каналга коём и так эле. Фанаты окшойсун,значить понятно тузу жок тамак ичет экенсин...
22.07.2016. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
AykaMer, значить? ))). Бардык адам сенин табитиндеги ырды укпайтда туурабы?. Ар бир адамдын оз табити оз каалосу бар дегендей. Мага жакпайт деп жар салып нерв болуштун кереги жокго дейм. Ар бир ырчынын угурманы, куйорманы бар. Ар бир кишинин кемчилигине нерв болсон калбай каласынго. Балким айлананда сенин кемчилигинди коруп нерв болгондор бардыр. Мислы суйлогонуно же кулгонуно?)))
18.07.2016. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Maiychiler kantip taanyp kalat eken men misaly Bayastandy janyman korsomda taanybasam kerek. Oto populyarduu hit bolgon reper emes go. Yrlaryn da jakshy estei albai turam. No kyzygyp okup koidum. Nejno aidap juro ber ar daiym.
18.07.2016. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Баястан тумар такканын туура эмес Ширк алып сал
19.07.2016. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Последний ырлары ваще без пантовый болуп кетти Бегиш экоонун же ырчылар кобойуп кеткенгеби
19.07.2016. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Бегиш менен Баястандай реп окуш анча мынча реперлердин колунан келе бербейт менин оюмча себеби бул реперлер жагымдуу ундору менен жаштардын журогунон оорун тапкан
19.07.2016. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Баястандын мага аябай жаккан ырлары Жаным жинге тийбечи
деген ыры Бойонупсун ашыкча деген ыры анан Койкондойсун эмнеле деген ырларын аябай суйуп угамда Бегиштин ырларынан Эсимде Жалгызым Журок оту деген ырлары менин ар дайым журогумдо жашайт суйуп угам
19.07.2016. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турсунбай бакир уулуна окшото берем ушул баланы кебетесин. Анан тиги аянаны суйбогондой эле сезиле берет . Суротторунон карасам тиги кыз эле жабыша берет . А бул мойнунан байлаган иттей эле журот байкуш
21.07.2016. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озун укмуш мактаптыр го тим эле тартиптуу болгондой корсотуп
21.07.2016. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бегиш экоону, дегеле репэрлердин баарын коргондо кыжырым кайнайт, укпайм дагы, кочодо же таксиде бара жатып аргасыздан укканым болбосо. Кыргыз тили тууралуу ырын биринчи укканымда жаным ушунчалык кашайды, тиги экоо жанымда болсо ХХХ ХХХ ХХХ создорду бузуп, тилибизди шылдындап ырдаган.

Негизи репэрлерден Тата Уландын айрым ырларын угам, керек болсо Добрдун ырлары да маанисиз, керексиз башка рэп ырчыларынын ырларындай...
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-07-22 09:41:26
22.07.2016. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Frunze74, аии аябай коркунучтуу адамсызго. ушундай негативдуу комментарии жазган адамдарды тушунгум келет, эмне максат менен жазышат? Ар бир адам индивидуалдуу . Озуно жаккан каалаган нерсесин кылатда. Тандоо бар жерде осуу бар.
22.07.2016. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Frunze74, провокациялык билдирүүлөргө жол берилбейт. Эскертүү!
21.07.2016. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Хех адамдар ушинтип эле эки жузду боло калат эми туруктуу болуп калыптырбы койрон
23.07.2016. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тумар таккан ширк болот алып еле койчу,машынага отурганда дуа бар жакшысы ошону еле окусан
24.07.2016. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kanykei95, тумардын ичинде балким жакшы дуа жвзылуудур?
24.07.2016. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kanykei95, тумардын ичинде балким жакшы дуа жвзылуудур?
11.08.2016. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
anyshka,Америкалыктар машинанын ичине мусулманча дуба жазып коюп коёбу,мусулмандар алып кетсин деп. Бир ойлонуп жазсан боло!...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо