Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Гүлжигит Калыков: "ЧЫНДАП ЭЛЕ ҮЙЛӨНДҮМ, ИШЕНИҢИЗДЕР"

№715 15-июль-21-июль, 2016-ж

8-июль күнү Бишкектеги тойканалардын биринде Евразия жылдызы Гүлжигит Калыков бир башын эки кылып, апасынын колун узартып сүйүктүүсү Айпери менен мыйзамдуу никеге турду. Эсиңиздерде болсо, ырчы жигит Нурзат Токтосунова менен Максат Надырбековдун тоюнда Айперинин колун сураган эле. 4 жыл кыз-жигит мамиледе жүрүшкөн эки жаш минтип 500дөй конокко той берип, алардын батасын алып, чакан мамлекетинин пайдубалын тургузушту. Гүлжигиттин тоюнда Кыргызстандын шоу-бизнесинин теңи чардап, шапар тээп жыргашты.


1. Адатта ар бир той "Жар-жар" ыры менен башталчу, салтты Гүлжигит өзгөртүп, колуна гүлүн кармап жалгыз кирип келди.


2. Артынан Айперини атасы жетелеп келип, кызын Гүлжигиттин колуна тапшырды.


3. Урмат Борченов эки жаштын никесин мыйзамдаштыруу салтанатын алып барып, түгөйлөргө нике күбөлүгүн тапшырды.


4. Тойдун тизгинин Салтанат Саматова менен Эркин Рыскулбеков колго алып, кыргызча, орусча алып барып элди зериктиришкен жок.


5. Гүлжигиттин тоюнун дагы бир өзгөчөлүгү – тост айтылган жок, кыз алып жана кыз берип жаткан куда-кудагыйлар, өкүл ата, өкүл апасы чыгып каалоо-тилегин айтып тойду ачып беришти.


6. Шоу-бизнесте болуп жаткан жаңылыктарды онлайн режимде жылдыздардын инстаграм баракчасынан табууга болот. Тойдо телефон тиктеп отурган белгилүүлөр көп болду.


7. Гүлжигит Оманын "Махабатым" деген ырын өзү аткарып сүйүктүүсүн бийге чакырды. Экинчи куплетин Ома өзү улантып ырдап, Гүлжигит менен Айпери вальс бийлеп, күйөөгө чыга элек кыздар турмушка чыккысы келип, үйлөнө элек жигиттер үйлөнгүсү келип эки жаштын бийин күзөтүп турушту.


8. Тойдун концерттик бөлүгү өзгөчө болгонун белгилей кетпесек болбос. Симфониялык оркестр, көз боочулардын оюну, лазердик шоу, кыргыз бий, заманбап бий, ага кошумча бир топ ырчылар дүйнөлүк хит ырларды аткарып конокторду тердегиче бийлетишти.


9. Дайырды бул ирет кара көз сулуу бийкеч коштоп келди.


10. "Style mix" триосунун ырчылары Адилет менен Илиманы сахна артындагылар кыз-жигит дешет. Тойдо экөө жетелешип жүрүп айтылган кептерди ырастап коюшту.


11. 40 килограммдык алты кабаттуу тортту кесүү милдетин Гүлжигит менен Айпери алып, биринчи өздөрү ооз тийип, калганын келген конокторго таратып беришти.


БЛИЦ-МАЕК

– Гүлжигит, Айпери, куш бооңор бек болсун! Толкунданып жатсаңар керек?
Гүлжигит: – Бүгүнтөн баштап экөөбүздүн моюнубузга чоң жоопкерчилик жүктөлдү. Мен күйөө, Айпери жубай деген статуска ээ болдук. Нике окулуп жатканда аябай толкундандым. Олуттуу чечимге келип, үй-бүлөлүк жашоого аттанып жатканымды эми сездим. Көбү ойлошкон "булар кыз-жигит болуп жүрө беришеби?" деп. Жадакалса Айпери үлпөт көйнөкчөн сүрөтүн интернет баракчасына жүктөсө да "интрига кылып жатат" деп ишенбегендер болду. Урматтуу элим, мен чындап эле үйлөндүм, ишениңиздер.

– Адатта көбү күзүндө той беришет, силер жай айын тандаптырсыңар?
– Биз орозо айын улай жакшылыкка ырымдап атайын ушул айды тандап алдык. Анан Ысык-Көлгө эртерээк чогуу барып эс алып келели дедик. Анан да күзүндө башка пландар бар.

– Айпери, үлпөт көйнөгүңдүн дизайны өзүңө таандык экен...
– Ооба, тойго кийген эки көйнөгүмдүн тең дизайны мага таандык, модельер Анвар Турдубаевге тиктирдим. Залдын жасалгасын, чакыруу кагаздарын, Гүлжигиттин костюмунун түсүн мен тандадым.

– Гүлжигит, тойго сыр болбосо канча каражат сарптадың?
– Ал сыр бойдон калсынчы. Каржы жагынан баарын өзүм тейледим.Бирок тойдон түшкөн каражат чыгымды толугу менен жапты.

– Бактылуу болгула. Кармашкан колуңар үзүлбөсүн!

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров,
Андрей Шестаков
star@super.kg


Гүлжигит Калыковдун үйлөнүү тоюнан эксклюзивдүү репортаж

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  28 
Комментарийлер(52)
18.07.2016. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бактылуу болгула,баарын мен тандадым мен кылдым деп башкарып алба Айпери
18.07.2016. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эн жогорку денгеелде отуптур. Бактылуу, кооп балалуу болгула. Ар бир кызга ушундай ак койнок насип кылсын.
18.07.2016. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болунуздар кармашкан колунуздар эч качан узулбосун сиз жубайыныздын ата энесин жубайыныз сиздин ата энениздин сыйлаган мамлекетибиздин эн эле бактылуу уй-булоолорунун катарын толуктап журо бериниздер
18.07.2016. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Гульжигит аялын ары сулууу ары жылдыздуу,мээримдуу экен!Азаматсын Гульжигит!Суйгонун ар дайы жанында болсун бактылуу болгула!!!!!!!!!!!!!!!!!!
18.07.2016. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула
18.07.2016. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"тойдон тушкон каражат чыгымды толугу менен жапты" Бул дегенди мен,аябай даамдуу тамакты тоё жеп,ХХХ ХХХ анан ичи ачышып ХХХ ХХХ алган адамдай эле элестетем.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-07-18 10:20:26
18.07.2016. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ALATOOLUK.JIGIT, этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. Оозеки эскертүү!
18.07.2016. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Гульжигит бактылуу бол! Ата-энен жонундо эч бир соз жок го, акчаны озун таап аларга соз айттыртпагандай эле коруносун,ата-энен бар сен ушул денгээлге жеткенинди байкабай жургондурсун, озун да ата болуп балдарындан коргондо тушуносун, ата-эненди козу барда сыйлап жур, сен сыйлабасан келинчегин сыйламак беле? Ата-энен мейман деп айтышат, аткени алардын козу откондо башынды мин ташка урсан да таба албайсын, а катын кочодо бала белде деген соз бар, критиканы туура кабыл ал.
18.07.2016. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Bekbolot.ilyazov,видеосун көрсөңүз, ата-энеси да маек беришкен. Ата-энеси өз сөздөрүндө, той аракеттери менен Гүлжигиттин өзү көбүрөөк чуркаганын белгилеп кетишиптир.
Бала ата-энесин убара кылбай, баардыгын өзү камдаганы кандай жакшы. Анан да суроолорду журналист берген, Гүлжигит ошого карата гана жооп берген. Кыска гана маекти окуп алып "ата-энесин сыйлабайт" деген чечим чыгарууга шашылбаңыз.
18.07.2016. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дайырдын жанындагы кыз Жанара го. Жалал Абадтан болот, маникюрша. Ошол салонго барып жүрүп жактырган го чамасы. Баары бактылуу болушсун!
18.07.2016. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Begimkyz,мурдагы бывшаясына караганда жакшына,татына экен
18.07.2016. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула кармашкан колунар узулбосун.
18.07.2016. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бактылуу болгула сонун пара
18.07.2016. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Соонун той болуптур на высшем уровне! Эми бактылуу болгула!
18.07.2016. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болгула!
18.07.2016. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тою олллллооооо сонун болуптур ошол куну инстаграмдан чыкпай олтурдумго ким качан сурот киргизе калат экен деп бакыт каалайм!
18.07.2016. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ма ша Аллах...Бакыт каалайбыз.
18.07.2016. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эки дуйнолук бакыт
18.07.2016. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соонун болуптур бактылуу болушсун ылайым
18.07.2016. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Окул ата окул энеси кимдер болду экен.
18.07.2016. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болгула
18.07.2016. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болушсун!
19.07.2016. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Койногу аябай сонун экен жакшы да жарашыптыр. Бактылуу болушсун эки жаш!!!
19.07.2016. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула эмики жылы ушул даталарда наристелуу болуунарга тилектешмин доске
19.07.2016. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула жылдын эн коп ысрап кетирген ырчы болсо керек
Медиа-портал
19.07.2016. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула кармашкан колунар эч узулбосун. Тапичкелер кобойсун.
19.07.2016. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу болгула аялына караганда гулжигит алда канча сулуу экен.
19.07.2016. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ишендик чындап ишендик бактылуу болгула
20.07.2016. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула таттуу тугойлор! Элибиздин саны кобойсун! Акылдуу наристелер торолсун.
21.07.2016. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ишендик айланайын. Бактылуу болгула, быжырап балалуу болгула.
23.07.2016. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!
13.08.2016. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
омур бою кармашкан колунар эч качан ажырабасын. Бактылуу болгула. Той болот. Тойдун эртеси да болот дегендей ар дайым ушул кундой ынтымак болуп бири биринерди ушул кундой суйуп откуло. Турмушта ар кандай нерселер болот ошону чогу женген тугойлордон болгула.
Медиа-портал
21.09.2016. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула .
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо