Эмил Токтошев, тамашоучу: "ЭЛ МЕНИ ИНТЕРНЕТТЕН ДА ДӨӨПӨРӨС ДЕП ИЗДЕШЕТ ЭКЕН"

№715 15-июль-21-июль, 2016-ж

Бир кездеги «No name» командасынын капитаны Эмил Токтошевди көпчүлүк "Түндүктүк келин" тасмасындагы дөөпөрөстүн ролу аркылуу таанышат. Эмилди маекке чакырсам, "Эже, мен Эмил дөөпөрөс, интервьюга саат канчага барайын?" деп СМС жазып жибериптир. Бул жигит өзүн тааныштырганда тасмадагы каарманынын атын кошуп айтып калыптыр. Олуттуу, токтоо сүйлөгөн Эмил тасмадагы апенди чалыш дөөпөрөскө такыр эле окшош эмес экен.

Туулган жери – Ош шаары
Туулган жылы, күнү – 1989-жыл, 10-май
Билими – Ош Технологиялык университетинин бухгалтердик эсеп, менеджмент жана туризм факультетин бүтүргөн.
Бою Сыр тутат
Салмагы – Бир мүшөк ундан оор
Эс алууда – Шаар четинде шишкебек бышырып үй-бүлөсү менен эс алганды жактырат.
Фобиясы – Мен дөөпөрөс эмесмин
Тартылган тасмалары "1+1=3", "Серенада", "Түндүктүк келин"

– Куш келипсиң, Эмил! Күн ысык, жайдын аптабынан кантип сергип жатасың?
– Рахмат! Мен кечээ Оштон келдим. Бишкек Оштон да ысык экен, силер кантип чыдап жатасыңар? Ошто мага ысык болгону деле билинбейт, себеби эртеден кечке кеңседе сценарий жазып, балдар менен репетиция кылып отурабыз. Жакында өзүмдүн "Бойдокс" деген комедиялык тасмамды тартайын деп жатам. Ошол киного сценарий жазып бүттүм. Тасмага өзүмдүн бир тууган агам продюсерлик кылып жатат.

– Чыгармачылыкты КВНден баштап, анан эле тасма айдыңына өтүп кеттиң?
– Менде чыгармачылыкка кызыгуу КВНден башталган. Болгондо да көп жыл өзүбүздүн орусча КВНде чыгып жүрдүм. Кичинемден футбол ойночумун. 2000-жылдары Оштун "Дельфин" футбол клубунун капитаны, чабуулчусу болуп жүрдүм. 2002-жылы ири мелдеш болуп, Казакстан менен финалда беттешип, аларга бир гол киргизгенден кийин бутумдан жаракат алып калдым. Оюндарга катыша албай, эмне иш кыларымды билбей жүргөм. Ал кезде бир тууган эки агам тең Евгений Акопяндын Оштогу Лигасында ойночу. Кызыгып алардын оюнун көргөнү барсам агам "орусча бир сөз айтасың, болду" деп сахнага чыгарып жиберди. Орусча сүйлөсөм эле баары күлүп жиберишти. Ошондон кийин спорттон КВНге азгырылып кеттим. Мектепте команда түзүп, түштүк жергесиндеги мектептер арасындагы КВНде биринчи орунду алдык. Университетте окуп жүргөндө да КВН менен "ооруп" жүрдүм. Ырчы Асел Касымованын Акыл деген иниси бар, ошол менин оюндарымды көрүп жактырып, "No name" деп түзгөн командасына чакырды. Чогуу көп оюндарды өткөрдүк, бирок командабызды жакшы тааныта алган жокпуз. Алар университетти бүтүп кеткенден кийин КВНди улантышкан жок. Мен Акыл акеге барып, "No name`ди" мага бериңиз, өзүм балдарды чогултуп команда түзөм" десем каршы болгон жок. Башында командада башка эле балдар ойночу, Мурат (ред. Жалиев) менен Кадыр (ред. Жарматов) кийин гана кошулушкан.

– Учурда Мурат, Кадыр менен чогуу ойнобой калганыңды билебиз...
– Мурат менен келишпестиктер болду. Ал менден алдыга умтулгусу келди. Анан командадагы Икрамга болушуп да Мурат менен көп урушуп калдым. Негизги себеп – жеңген байгелерибизди бөлүшө албай калганыбыздан чыккан. Икрамга эч нерсе бөлүп берчү эмес. Анан 6-сезондун финалына жакын командадан кетип калдык. Алардан бөлүнүп кеткениме 2 жылдан ашты. Азыр өзүбүзчө Икрам экөөбүз "No name" деген ат менен команда түзүп иштеп жатабыз. Мураттар деле, биз деле бир аталыш менен иштеше беребиз деп чечкенбиз. Негизи "No name" меники, бирок анын элге таанылышына Мураттын да, Кадырдын да, менин да, Икрамдын да салымы чоң, ошон үчүн ар бирибиз колдоно берсек болот.

– Сени эл тасмада дөөпөрөстүн ролунан жакшы тааныды, аталган ролду кантип аткарып калдың?
– Мени актёр катары тааныткан "Түндүктүк келин" тасмасындагы дөөпөрөстүн ролу болду. Рысбек байке (ред. Жабиров) "сценарийди окуп чык" деп бергенде өзүмдү баш каарман жигит Болот элестетип эле, ошонун сөздөрүн жаттай бериптирмин. Аны кийин билген Рысбек Жабиров "эй, жинди, ал сен эмес" деп жатпайбы. Тартуу иштерин баштайбыз деп режиссёр мени Жалал-Абадга чакырып, кечинде дөөпөрөстүн ролун мага ойнотуп көрдү. Жакшы аткара албай калдым окшойт, Рысбек байке жактырбай, "эртең ойноп көрөсүң, болбосо башка актёр чакыртам" дегендей сүйлөп койду. Түнү менен "Оштон бери келип тартылбай уят болуп кетемби?" деп ойлондум. Атамды, бир туугандарымды эстеп жаман болдум. Эртеси "сени биринчи тартабыз" дешти. Кабатыр болгондон денемди тер басып кетти. Аткардым, бирок Рысбек байке дагы жактырбай койду. Анан жаныма келип катуу айтты, кечке акыл-кеңештерин берип, мени психологиялык жактан даярдап койду. Ошондо аябай жиним келип, операторду чакырдым да, "баштайлы" деп туруп аткарып салдым. Көбү "баш каарман Болоттон да мыкты аткарыпсың" деп айтышты. Ролду аткарууда кыйналган жокмун, башында гана образга кире албай түйшөлдүм окшойт.

– Сени дөөпөрөс деп чакыргандар көп экенин айтып өттүң...
– Ооба, андай учурлар көп болот. Бир жолу Ошто машинам менен баратсам МАИ кызматкери токтотуп, "эй, түндө Араванда бирөө светофорду уурдап кетиптир, алып келип коюп койгун" дейт. Тасмада Рахаттай кызга үйлөнөм деп светофор уурдап кеткен эпизод бар. Ошондон улам светофор уурдалса эле баары менден көрчү болду.
Тойлордо көп кызмат кылабыз. Бир жолу 700 адамга той берген жерде тамадалык кылып калдым. Той бүткөндө 92 жаштагы апа чыгып бата берип жатып элге "келгиле, кечке кызматта жүргөн дөөпөрөс балага да батаңарды берип койгула" деп коноктордун баарын күлдүргөн. "Апа, менин атым Эмил" десем "Капа болбо, балам, Эмил анча кызык эмес экен, дөөпөрөс эле боло берчи" деп жатпайбы. Кээ бирлер мени жадакалса интернеттен да дөөпөрөс деп издешет экен. Менин атым Эмил Токтошев экенин жазып койгулачы.

– Макул, жазып коёлу. Биз билген Эмил Токтошев балалыгында кандай жигит эле?
– Бала кезимде ата-энем эч нерсеге тыюу салып чектеген жок. Тентектиктин "дозасын" ашырчумун. Бирөөнүн башын жарганга маш элем. 5-класста мектеп директорунун баласынын башын жарып окуудан айдалсам, андан кийин да балдар менен мушташып, мектептен кууп салышкан. Ата-энем тажаганда Каракол шаарындагы таежеме беришти. Ал жакта да балдарды футболго алып кетип азгырып, сабактардан качкандыктан таежем бир айдан кийин кайра Ошко салып жиберди. Иши кылып окууну араң бүттүм.
Эмнегедир балдарды таш менен чапсам эле түз барып башына тийип, башы жарылып кала берет. Атам "сенин колуң түз" деп айтып калат. Мээлеген жерге тиет да. Эсимде, бир күндө 3 баланын башын жарып салгам. Биринчисинде кокусунан ойноп жатып, экинчисинде таяк жеп калып, үчүнчүсүндө мушташып кетип. Үчөөнүн тең ата-энеси келип агамды урушуп кетишкен. Үчүнчү баланын атасы агам экөөбүздү кууп, байкем чуркап баратып "башын жарганыңды эртерээк айтпайт белең, эртерээк качат элек" деп мени урушуп коёт. Тентектигимдин айынан кошуналардан тил угуп, бейбаштыгыма чыдаган ата-энеме рахмат.

– Жакында кичинекей мамлекетиңде наристе үнү жаңырат экен...
– Ооба, улуу балам Агзам 2ден ашты. Жакында экинчи наристебизди күтүп жатабыз. Жубайым экөөбүз ОшТУда окуп жүргөндө таанышканбыз, артынан 1 жарым жыл чуркап жүрүп жеткем. Гастролдорго чыкканда айлап жүрүп калам, ага көнүп калган. Кээде "бар иштебейсиңби" деп мени кетиргенге шашып калат. Үй-бүлөдө 4 эркектин эң кичүүсүмүн. Ата-энем бизди бөлүп койгон. Бирок үйүбүз жакын болгондуктан алардын үйүнө күндө бара беребиз.

– Маегиңе ыраазычылык!

"КВНге азгырылып кетпегенде менден мыкты футболчу чыкмак".


"Уулум Агзам менин көчүрмөм".


"Рысбек байке катуу урушпаганда дөөпөрөстүн ролун жеткире аткара албайт болчумун".


"Тамашоу" "No name" командасынын багын ачты. Орусча КВНде ойноп жүргөндө мынчалык ийгиликке жетпесек керек эле.




Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


Дөөпөрөс атка конгон Эмил Токтошев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(40)
18.07.2016. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Биринчи ФТИПП те окуйт эле ОшТУ да,1-курсту бутконубуздо практикага чыкканбыз чогуу,адамгерчиликтуу бала,жонокой.Ошондо эле куудул эле,ар нерсени айтып,кулдуруп))
18.07.2016. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
аялын Роза Амаонвага окшоштурдум))
18.07.2016. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роза Амановага окшоштурдум аялын
18.07.2016. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бактылуу болгула!!!уулун акылдуу балдардан болуп чонойсун.чыгармачылык ийгилик каалайм,жонокойлугунон жазба,келинчегин эсен аман коз жарып алсын.
18.07.2016. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Икрамдан да маек алгылачы.
18.07.2016. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кучунор жетсе Мураттай болуп алгылаа кооп кетпей эле ага кудайым ырыскы берип жатат ырыскысы каймы жерге чачылса демек терип Жан багып жатат Мурат абдан жонокой,боорукер бала ал мн мамиле кылбай туруп жаман комент.жазбагыла Эмилдин созуно ишенип айтып жатпайбы чечишип алдык деп болдуда кийинки санында Мураты не кыласынар кутуп койгулачы откон иш отту.
18.07.2016. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
takowa_tyratbekovna94 көөп кеткен Мурат,анчалык к катуу кетиштин кереги жок.
18.07.2016. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ийгилик! Сонун маек болуптур. Жубайын менен бактылуу бол.
18.07.2016. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Муратка соз жок таланттуу бала. А берки Икрам с..т берки Туугандардан болот ошон учун Мурат жактырбаса керек.
19.07.2016. 04:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Мурат ХХХ ХХХ жакпай калды озун ото эле кучтуу сезет окшойт
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-07-19 09:39:57
19.07.2016. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nurbek1995, этика нормаларын сактап, кимдир-бирөөнү мазактоодон алыс болуӊуз. 2 күнгө БАН!
19.07.2016. 06:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ишиңе ийгилик. Ушунуңан жазба.
19.07.2016. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмил ишине ийгилик! Татынакай келинчегин бар экен, бактылуу болгула. Муратка караганда сенин талантын кучтуроок!
19.07.2016. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Baktyluu bolushsun! Ishterine iygilik katuu emgektenip jatyptyr. Kino tartyp.
19.07.2016. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Обама акасына аябай окшош экен.
19.07.2016. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
No name'ди элге тааныткан, атын чыгарган Мурат болгон, муну мойнунарга алгыла. Албетте, No name'дин бул даражага жетишине Эмилдин да, Кадыр, Икрам ж.б. команда мучолорунун, Аман Ибраевдин салымы зор, бирок Мураттын эмгеги озгочо, анткени биз эл, No name дегенде биринчи Муратты элестетебиз.


Мурат кооп кетти деп эмнеге таянып жазып жатышат билбейм, колдон келсе ынтымак болуп жургонго не жетсин.
19.07.2016. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бирбирине капа болуп же таарынып жамандабастан No name'дин жигиттери да, Тынар менен Борончу агабыз да жарашып-элдешип мурункудай боорду эзген азил-тамашалары, куйкумдуу создору менен элге кызмат кылып журо беруулорун тилек кылып каламын...
19.07.2016. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
муратжан мен сени айлабю доопарас сени тоже айлабюююю
20.07.2016. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бирок зор аткарат кинодо мана жагат
20.07.2016. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мурат негизи эле жакчу эмес дайым биринчи болгусу келсе керек да Икрамды жактырбаса Эмил мн урушса демек кооп баратат
20.07.2016. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урушканын айтпай эле койбоптур деген мн квн ден эмнеге кеткен себебин айтып атат
21.07.2016. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат экенсин жонокойлуктон жазба,берки Мураттын болсо ушул эле супердин интервьюсунда болуш керек Икрамга карата айтылган терс ойлору мн озунун кандай экенин билдирип койгон,чын эле андай болгон кундо да копчулукко жарыя кылып интервью бериштин кажети жок болчу.
SUPER.KG видео
23.07.2016. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен совсем доопорос бала депмин Жакшы еле бала екенго
SUPER.KG видео
23.07.2016. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмил красавец. Тиги кочодо отуп бара жаткан эже бир нерсе издегендей караптыр го жолду
SUPER.KG видео
23.07.2016. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ёё эй аялы бар турбайбы Мен инстаграммдан жазышканда сурот жибер деди эле
SUPER.KG видео
23.07.2016. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы маек болуптур. Жакшы бала экен. Уй-булоосу менен бактылуу болсун. Ишине ийгилик.
SUPER.KG видео
23.07.2016. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик!Аявай аракетчил жигит окшойт
SUPER.KG видео
23.07.2016. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик мага жактын дөөпараз
SUPER.KG видео
24.07.2016. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кызык адамдар коп озу.Доопорос болсо киного тартылууга чакырбайт да.. Доопоростор жашоодода доопорос деп ойлоп,оздорун доопорос экенин билдирип коюшат тообо!
SUPER.KG видео
25.07.2016. 03:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй-булон менен бактылуу бол Эмил
Медиа-портал
28.07.2016. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жигит Ёма
SUPER.KG видео
14.10.2016. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зынк екен мен кантип видео жуктосом болот
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо