«БИЗДИН ЖЫЙЫРМАНЧЫ ЖАЙ» АКЦИЯСЫ

№716 22-июль-28-июль, 2016-ж

Быйыл «FINCA Банк» Кыргызстанда уюшулганынын 20 жылдыгын белгилеп жатат. Бул мааракенин урматына «FINCA Банк» уникалдуу «Биздин 20-жай» акциясын өткөрүүдө. Балдардын «Келечек» депозитин ачуу менен ар бир кардарда баласынын келечегине акча чогултуу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк пайда болот.

Эгерде балага кичинекей кезинде көп каражат талап кылынбаса, бойго жеткенде талап кыла баштайт – биринчи кезекте кесиптик билим алуусуна каражат керек. Бул үчүн оптималдуу чечим болуп «FINCA Банк» тарабынан сунушталып жаткан балдардын депозити эсептелет.
«Келечек» депозитинин шарттары чындыгында эле ыңгайлуу. Депозитти 5 жылга чейинки мөөнөткө ачууга болот, ал эми баштапкы төгүмдүн минималдуу өлчөмү 2500 сомду түзөт. 20-июндан 1-сентябрга чейин балдардын «Келечек» депозитин ачуу менен балаңыз үчүн кепилденген белекти ала аласыз.
Камиля Асматулаева эртеңки күн, баласынын келечеги тууралуу бүгүнтөн баштап ойлонуу керек дейт. Жаш эне депозитти пайыздарынын жогору болгондугунан улам «FINCA Банкты» тандап алганын белгилейт, демек, бул акча каражаттарын чогултуу жөнөкөй жана ыңгайлуу дегенди билдирет.
«Мааракенин урматына биз кардарларыбызга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайбыз. «Биздин жыйырманчы жай» акциябыз акыркы эмес. Биз жаңы акциялардын жана долбоорлордун үстүндө иштеп жатабыз. Ошондой эле келечекке чоң пландарыбыз бар, филиалдык тармакты кеңейтип, жаңы банк продуктыларын жана кызматтарды киргизебиз. «FINCA Банк» универсалдуу банк бойдон калышы үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз»,- дейт банк башкармалыгынын төрайымы Маргарита Черикбаева келечек пландары менен бөлүшүп жатып.
Көңүл буруңуздар: «FINCA Банк» ЖАКсы кардарларга акциянын алкагында билдирүүлөр жана телефон чалуулар аркылуу эч кандай белектер ойнотулбай тургандыгын эскертет! Акцияга катышуу үчүн каттоодон өтүү, акча каражаттарын үчүнчү жактарга берүү, акча каражаттарын уюлдук телефон номерлерге жүктөө жана башка ушул сыяктуу талап кылынбайт. Акцияга катышуунун жана белектерди алуунун бир гана шарты «FINCA Банкта» «Келечек» депозитин ачуу болуп саналат. Акция 20-июндан 1-сентябрга чейин узартылат.

«FINCA Банк» жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт!
Кошумча маалыматты төмөнкү телефондор аркылуу ала аласыздар:
Маалымат борборунун тел.: 4400 (чалуу акысыз), 0312 440 440


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо